Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Окурмандардын суроолору

Окурмандардын суроолору

Ибадаткананын тартип сакчылары ким болгон? Алардын милдетине эмнелер кирген?

Дин кызматчы болбогон лебилердин айрымдары ибадаткананын тартип сакчылары катары кызмат кылышкан. Алар ибадаткананын күзөт башчысынын көзөмөлү алдында болгон. Филон аттуу жүйүт жазуучусу алардын милдеттери тууралуу мындай деп жазган: «[Лебилердин] айрымдары ибадаткананын сырткы дарбазаларын кайтарышчу. Ал эми башкалары, кирүүгө укугу жок адамдар атайлап же билбей кирип албашы үчүн, [ибадаткананын короосундагы] ыйык жайдын маңдайындагы дарбазаларды кайтарып турушчу. Дагы бирөөлөрү кезектешип ибадаткананы күнү-түнү күзөтө турган».

Ал сакчылар Синедриондун буйруктарын да аткарышчу. Рим өкмөтү курал алып жүргөнгө ошолорго гана уруксат берген.

Иоахим Иеремиас деген окумуштуу түшүндүргөндөй, «Исаны кармаганы келгендер ибадаткананы кайтарган сакчылар болгон. Болбосо Иса аларга: „Күн сайын ибадатканада отуруп, элди окутуп жүргөнүмдө кармаган жок элеңер го“,— деп айтмак эмес (Мт. 26:55)». Окумуштуунун айтымында, ага чейин да Исаны кармаганы жиберилгендер ибадаткана сакчылары болгон (Жкн. 7:32, 45, 46). Кийинчерээк Синедриондун буйругу боюнча күзөт башчысы менен сакчылары Исанын шакирттерин кармап келүүгө жөнөтүлгөн. Элчи Пабылды да ибадатканадан, кыязы, ошол тартип сакчылары сүйрөп чыгарган (Элч. 4:1—3; 5:17—27; 21:27—30).