Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

2 | «Ыйык Жазмадан алган сооронуч»

2 | «Ыйык Жазмадан алган сооронуч»

ЫЙЫК КИТЕПТЕ МЫНДАЙ ДЕЛЕТ: «Туруктуулугубуз аркылуу, Ыйык Жазмадан алган сооронуч аркылуу үмүткө ээ болушубуз үчүн, мурун жазылгандын баары бизге насаат катары жазылган» (РИМДИКТЕР 15:4).

Бул эмнени билдирет?

Уйгактай жабышкан терс ойлор менен күрөшкөнгө Ыйык Китеп жардам берет. Анткени анда күч-кайрат берип, соорото турган сөздөр камтылат. Ошондой эле ал үмүт да берет. Жакында бизди азапка салган терс ой-сезимдер өткөндүн ишине айланат.

Бул кандайча жардам берет?

Баарыбыздын эле кээде көңүлүбүз чөгөт. Бирок санаа баса берген же депрессияга чалдыккан кишилер кайгыга батырып, мүңкүрөткөн терс сезимдер менен күн сайын алпурушушат. Аларга Ыйык Китеп кантип жардам бере алат?

  • Ыйык Китеп терс ойлорду жакшы ойлорго алмаштырганга көмөк кылат (Филипиликтер 4:8). Анда жазылгандар акылыбызды тынчтыкка бөлөп, жубатат. Сезимдерибизди да башкарганга күч берет (Забур 94:18, 19).

  • Ал «мен эчтекеге жарабайм» деген ойлордон арылганга да жардам берет (Лука 12:6, 7).

  • Биз жалгыз эмеспиз. Жараткан Кудайыбыз бизди толугу менен түшүнөт. Ыйык Китепте бизди буга ынандырган көп окуялар жазылган (Забур 34:18; 1 Жакан 3:19, 20).

  • Андан тышкары, анда Кудайдын бейкут заманды орнотору убада кылынган. Ошол убак келгенде жашообузда мурун болгон жаман нерселерди ойлоп кыйналбайбыз (Ышая 65:17; Аян 21:4). Коркунучка салган терс ой-сезимдер кыйнаганда, бул убада багынбаганга күч бере алат.