Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Эмне үчүн карыйбыз жана өлөбүз?

Эмне үчүн карыйбыз жана өлөбүз?

КУДАЙ адамдардын өлүшүн ниет кылган эмес. Адам ата менен Обо эненин денеси да, акылы да жеткилең болгон. Алар азыр да тирүү болмок. Муну Жахабанын Адам атага Эйден багында өскөн бир дарак жөнүндө айткан сөздөрү айкын көрсөтүп турат.

Жахаба Адам атага: «Дарактын жемишинен жебе, болбосо аны жеген күнү өлөсүң»,— деп эскерткен (Башталыш 2:17). Эгер Адам ата бара-бара карып, акыры, өлө турган болсо, бул осуятты берүүнүн маңызы жок болмок. Ооба, түпкү атабыз дарактын жемишинен жебесе, өлбөй турганын жакшы билген.

КУДАЙ АДАМДАРДЫН ӨЛҮШҮН НИЕТ КЫЛГАН ЭМЕС

Негизи, алгачкы түгөйдүн жашоо-тиричилиги ошол дарактын жемишинен көз каранды болгон эмес. Эйден багында мөмө берген башка дарактар толтура болчу (Башталыш 2:9). Буйрукту аткаруунун аркасында алар өмүр берген Жаратканга баш иерин далилдей алышмак. Андан тышкары, алардын кадамына багыт берүүгө Кудай гана укуктуу экенин түшүнүп, ошол укукту сыйлаарын да көрсөтүшмөк.

АДАМ АТА МЕНЕН ОБО ЭНЕ ЭМНЕ ҮЧҮН ӨЛГӨН?

Адам ата менен Обо эненин эмне үчүн өлүмгө моюн сунганын түшүнүш үчүн адегенде кесепети бүт адамзатка таасир эткен бир маекти талдап чыгышыбыз керек болот. Шайтан Ибилис жыланды колдонуп, Обо энени кара ниеттик менен алдаган. Ыйык Китептен мындай дегенди окуйбуз: «Жахаба Кудай жараткан талаа жаныбарларынын ичинен жылан абдан сак болчу. Ал аялдан: „Чын эле Кудай силерге бактагы дарактардын баарынан эле жей бербешиңер керектигин айтты беле?“ — деп сураган» (Башталыш 3:1).

Обо эне ага: «Бактагы дарактардын жемишинен жесек болот. Бирок бактын ортосундагы дарактын жемиши жөнүндө Кудай: „Өлүп калбашыңар үчүн, андан жебегиле, ага тийбегиле“,— деп айткан»,— деп жооп берген. Ошондо жылан: «Жок, өлбөйсүңөр. Кудай силердин андан жеген күнү көзүңөр ачыларын, жакшы менен жаманды билип, Кудайдай болуп каларыңарды билет»,— деген. Муну менен Шайтан Жахабаны алардан жакшы бир нерсени жашырып жаткан калпычы катары көрсөткөн (Башталыш 3:2—5).

Тилекке каршы, Обо эне укканына ишенип калган. Ал даракка суктана карап тура берген. Дарак көзүнө жагымдуу көрүнүп, өзүнө тартып тургандыктан, ал анын жемишин үзүп жеген. Ыйык Китепте андан ары: «Күйөөсү экөө чогуу болгондо, ага да берди, ал да жеди»,— деп баяндалат (Башталыш 3:6).

«Дарактын жемишинен жебе, болбосо аны жеген күнү өлөсүң» (БАШТАЛЫШ 2:17).

Сүйүктүү балдарынын билип туруп тил албай койгонуна Кудайдын жүрөгү абдан сыздаса керек. Ал эмне кылган? Адам атага: «Өзүң алынган топуракка кайта[сың]. Анткени сен топураксың, кайра топуракка кайтасың»,— деген өкүм чыгарган (Башталыш 3:17—19). Ошол себептен «Адам 930 жашка чыгып көз жумган» (Башталыш 5:5). Адам ата өлгөндөн кийин асманга же көзгө көрүнбөгөн чөйрөгө кеткен эмес. Ал топурактан жаралганга чейин жок болчу. Андыктан өлгөндө өзү жаралган топурактай эле жансыз нерсеге айланган. Ошентип, ал жер бетинен жок болгон. Кандай гана кейиштүү!

БИЗ ЖЕТКИЛЕҢ ЭМЕСПИЗ

Кудайга атайлап баш ийбей койгондуктан Адам ата менен Обо эне жеткилеңдиктен жана түбөлүк өмүрдөн айрылып калган. Алардын денесинде өзгөрүүлөр болуп, жеткилең эмес, күнөөкөр болуп калышкан. Мунун залакасы өздөрүнө эле эмес, урпактарына да тийген. Римдиктер 5:12де: «Бир киши аркылуу дүйнөгө күнөө, күнөө аркылуу өлүм кирген, өлүм болсо бардык адамдарга өткөн, себеби баары күнөө кылган»,— деп жазылган.

Ыйык Китепте күнөө менен өлүм «бардык элдерди чулгаган жамынчы», «бардык элдердин үстүндөгү жабуу» катары сүрөттөлгөн (Ышая 25:7). Ал жамынчы адамзатты уулуу түтүндөй чулгап турат. Андан эч ким качып кутула албайт. Чынында эле, «Адамдын айынан баары өлүмгө дуушар болуп» келет (1 Корунттуктар 15:22). Ушундан улам бизде элчи Пабылдыкындай суроо туулушу мүмкүн. Ал: «Ушундай өлүмгө дуушар болуп жаткан денеден мени ким куткарат?» — деген. Ооба, бизди чындап эле ким куткарат? (Римдиктер 7:24).