Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

МУКАБАДАГЫ ТЕМА | ӨМҮР ЖАНА ӨЛҮМ ЫЙЫК КИТЕПТЕ ЭМНЕ ДЕЛЕТ?

Ыйык Китепте эмне делет?

Ыйык Китепте эмне делет?

Ыйык Китептин Башталыш китебинде Кудай эң биринчи жаратылган адамга, Адам атага: «Бактагы бардык дарактын жемишинен каалашыңча жесең болот. Бирок жакшы менен жаманды таанытып билдире турган дарактын жемишинен жебе, болбосо аны жеген күнү өлөсүң»,— деп айтканы жазылган (Башталыш 2:16, 17). Так-айкын айтылган бул сөздөрдөн эгер Адам ата Кудайдын буйругуна баш ийсе өлмөк эместигин жана Эйден багында түбөлүк жашамактыгын билүүгө болот.

Өкүнүчтүүсү, Кудайга баш ийгендин ордуна, Адам ата Обо эненин тилин алып, Кудай «жебе» деп тыюу салган бактын жемишинен жеген. Натыйжада түбөлүк өмүрдөн айрылып калган (Башталыш 3:1—6). Анын кылган ишинин кесепетин бүт адамзат ушу күнгө чейин тартып келет. Элчи Пабыл муну: «Бир киши аркылуу дүйнөгө күнөө, күнөө аркылуу өлүм кирген, өлүм болсо бардык адамдарга өткөн, себеби баары күнөө кылган»,— деп түшүндүргөн (Римдиктер 5:12). Ал киши Адам ата болгон. Бирок анын кылганынын эмнеси күнөө болгон жана ал күнөө кандайча анын өлүшүнө себеп болгон?

Анын күнөөсү билип туруп Кудайдын мыйзамын бузганында болгон (1 Жакан 3:4). Ал күнөөсү үчүн Адам ата, Кудай ага башында айткандай, өмүрүнөн айрылган. Эгер ал өзү да, болочок урпактары да Кудайдын буйругуна баш ийишсе, эч качан күнөөлүү болушмак эмес жана өлүшмөк эмес. Кудай адам баласын өлүш үчүн эмес, түбөлүк жашаш үчүн жараткан.

Ыйык Китепте айтылгандай, «өлүм... бардык адамдарга өткөн». Муну эч ким тана албайт. Бирок адам өлгөндөн кийин анын кайсы бир бөлүгү — жан деп аталган бөлүгү — андан кийин да жашай берет дегенге байланыштуу эмне деп айтууга болот? Көптөр адамдын жаны өлбөйт дешет. Бирок бул Кудай Адам атаны алдап койгон дегенге тете. Себеби өлгөндөн кийин деле кандайдыр бир бөлүгүбүз башка бир жакта жашай берсе, анда өлүм, Кудай айткандай, күнөө үчүн жаза болмой калмак. Ал эми Ыйык Китепте «Кудайдын калп айта албай турганы» жазылган (Еврейлер 6:18). Чынында, Обо энени Шайтан алдаган. Ал ага: «Жок, өлбөйсүңөр»,— деп айткан (Башталыш 3:4).

Ушундан улам: «Жан өлбөйт деген окуу калп болсо, анда адам өлгөндө чынында эмне болот?» — деген суроо туулат.

БАШ КАТЫРГАН СУРООНУН ЧЕЧМЕЛЕНИШИ

Бардык нерсенин жаратылышы баяндалган Башталыш китебинде:«Жахаба Кудай топурактан адам жаратып, таноосуна өмүр демин үйлөдү, ошондо ал тирүү жан болуп калды»,— деп жазылган. «Тирүү жан» деген сөз айкашы — еврей тилиндеги нефеш * деген сөздүн которулушу. Сөзмө-сөз которгондо ал «деми бар жандык» дегенди билдирет (Башталыш 2:7).

Демек, Ыйык Китептен Кудайдын адамды өлбөй турган жаны менен кошо жаратпаганын, ал анын өзүн «тирүү жан» кылып жаратканын айкын түшүнүүгө болот. Ошондуктан Ыйык Китептин бир да жеринен «өлбөс жан» деген сөз айкашын таба албайсыңар.

Ыйык Китепте адамдын өлбөй турган жаны бар экени айтылбаса, анда эмне үчүн көптөгөн диндер ушинтип окутушат? Бул суроонун жообу байыркы Мисирге (Египет) барып такалат.

ЖАЛГАН ОКУУНУН ЖАЙЫЛЫШЫ

Б.з.ч. 5-кылымда жашаган грек тарыхчысы Геродот «жандын өлбөстүгүн биринчилерден болуп» мисирликтер жакташканын айткан. Байыркы учурдагы Бабылдын (Вавилон) тургундары да адамдын жаны өлбөйт деп эсептешкен. Ал эми б.з.ч. 332-жылы Ортоңку Чыгышты Искендер Зулкарнайн басып алганда, грек философтору ага чейин эле ал жакка ошол окууну жайылтышкан. Көп өтпөй ошол жалган окуу бүтүндөй Греция империясына тараган.

Ыйык Китептин бир да жеринен «өлбөс жан» деген сөз айкашын таба албайсыңар

Б.з. 1-кылымында жүйүттөрдүн ессейлер менен фарисейлер деп аталган эки белгилүү сектасы да адам өлгөндөн кийин жаны жашай берет деп окутушкан. «Жүйүт энциклопедиясында»: «Жүйүттөрдүн жан өлбөйт деген көз карашта болуп калышына гректер менен аралашканы себеп болгон. Көбүнчө аларга Платон деген философтун ой толгоолору күчтүү таасир эткен»,— деп жазылган. Ошондой эле 1-кылымда жашаган жүйүттөрдүн Иосиф Флавий деген тарыхчысы ал окуунун Ыйык Жазмага эмес, «грек уулдарынын ишенимине» негизделгенин жазган. Ал алардын ишенген нерселерин жомокчулары түзгөн уламыштардын жыйындысы деп эсептеген.

Гректердин маданияты жайылган сайын, Исанын жолдоочусубуз деп атангандар бул жалган окууну да сиңире башташкан. Йона Лендеринг деген тарыхчынын айтымында, «Платондун „адамдын жаны качандыр бир убакта жакшы жайда жашаган, ал эми азыр ушул бузулган дүйнөдө жашап жатат“ деген божомолу анын философиясынын христианчылык менен оңой эле жуурулушуп кетишине өбөлгө түзгөн». Ошентип, жандын өлбөстүгү жөнүндөгү жалган окуу христиан чиркөөлөрүндө тамыр жайып, алардын окууларынын негизги бөлүгү болуп калган.

«ЧЫНДЫК СИЛЕРДИ ЭРКИН КЫЛАТ»

1-кылымда жашаган элчи Пабыл: «Ыйык рух кийинчерээк айрымдардын Кудайдан келгендей көрүнгөн адаштыруучу сөздөргө, жиндердин окууларына көңүл буруп, ишенимден четтеп кетишерин ачык айтып жатат»,— деп эскерткен (1 Тиметей 4:1). Ал кандай гана таамай айткан! Жандын өлбөстүгү жөнүндөгү окуу «жиндердин окууларынын» бир эле мисалы. Бул окуу Ыйык Китепке негизделбейт. Ал байыркы бутпарастардын дининен жана философиясынан башат алган.

Бирок, бактыбызга жараша, Иса пайгамбар: «Силер чындыкты таанып-билесиңер. Чындык силерди эркин кылат»,— деп айткан (Жакан 8:32). Ыйык Китепте жазылган чындыкты так таанып-билгенибизде дүйнөдөгү көптөгөн диндерде тамырлаган жана Кудайга шек келтирген окуулар менен үрп-адаттардан алыс болобуз. Андан тышкары, ал чындык бизди өлүмгө байланышкан ырым-жырымдардын кишенинен бошотот (« Адам өлгөндө каякка барат?» деген кутучаны карагыла.)

Жараткан Кудай бизди жер бетинде 70-80 жыл эле өмүр сүрүп, андан кийин башка бир жакка түбөлүккө кете тургандай кылып жараткан эмес. Ал биздин ага баш ийген балдары катары жер үстүндө түбөлүк жашашыбызды каалаган. Кудайдын андай ой-ниети — адам баласына болгон сүйүүсүнүн далили. Анын ой-ниетинин аткарылышына эч нерсе тоскоол боло албайт (Малаки 3:6). Ошондуктан бир пайгамбар: «Адил адамдар жерди мураска алып, жер бетинде түбөлүк жашашат»,— деп жазган (Забур 37:29).

 

^ 9-абз. Ыйык Китептин көптөгөн заманбап котормолорунда, мисалы, «Жаңы англис Ыйык Китебинде» бул сөз «тирүү жандык», «Иерусалим Ыйык Китебинде» «тирүү бирөө», ал эми «Бүгүнкү англис котормосунда» «жашай баштаган» деп которулган.