Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

ОЙГОНГУЛА! № 2 2018 | Үй-бүлөлүк бакыттын 12 сыры

Үй-бүлөлүк бакыттын 12 сыры

Үй-бүлөлөрдүн эмне үчүн бузулуп жатканы жөнүндө көп эле угабыз. Бирок ага эмес, үй-бүлө канткенде бактылуу болоруна токтололу.

  • 1990-жылдан 2015-жылга чейин АКШда 50дөн ашкандан кийин ажырашкан жубайлардын саны 2 эсеге, ал эми 65 жаштан өйдөкүлөрдүкү 3 эсеге көбөйгөн.

  • Айрым адистер балдарга жакшы болуш үчүн аларды дайыма макташ керек десе, башкалары катуу кармаш керек дешет. Ошондуктан ата-энелердин башы маң болууда.

  • Көп балдар кийин кереги тие турган жөндөмдүүлүктөрдү өрчүтпөйт.

Ошондой болсо да...

  • Жубайлар өмүр бою чогуу бактылуу өмүр сүрө алат

  • Ата-энелер балдарын сүйүү менен тарбиялай алат

  • Балдар чоңойгондо кереги тие турган жөндөмдүүлүктөрдү өрчүтө алат

Кантип? «Ойгонгула!» журналынын бул санында үй-бүлөлүк бакыттын 12 сыры талкууланат

 

1 Берилгендик

Жубайларга никесин бекем сактоого жардам берген үч кеңеш жөнүнө окуп көргүлө.

2 Кызматташуу

Жарыңар силерге жөн эле бир бөлмөдө чогуу жашаган кишидей сезилбейби?

3 Урматтоо

Кандай иштер, кандай сөздөр жубайыңарга аны сыйлаарыңарды сезүүгө жардам берет?

4 Кечирүү

Жарыңардын катасын кечирүүгө эмне жардам берет?

5 Пикир алышуу

Балаңар менен ынак болууга жардам берген үч кадам тууралуу окуп көргүлө.

6 Оңдоп-түзөө

Оңдоп-түзөгөндө бала өзүн ишенимсиз сезип калабы?

7 Баалуулуктар

Балдарыңарга кандай нормаларды үйрөтүшүңөр керек?

8 Үлгү болуу

Балаңардын тил алышын кааласаңар, сөзүңөр ишиңерге ылайык келиши керек.

9 Инсандык өзгөчөлүк

Жаштар канткенде ишенген нерселерине бек кармана алышат?

10 Ишеничтүүлүк

Чоңоюп-өсүп жатканыңда ата-энеңдин ишенимине ээ болгонуң абдан маанилүү.

11 Эмгекчил болуу

Күжүрмөн эмгектенүүгө үйрөнсөң, жашоодо кандай иш кылба, ийгиликке жетесиң.

12 Максаттар

Койгон максаттарыңа жетсең, өзүңдү ишенимдүү сезесиң, башкалар менен болгон достугуң чыңдалат жана кубанычың артат.

Үй-бүлөлөр үчүн жардам

Ыйык Китептеги кеңештер үй-бүлөңөр менен бактылуу болууга жардам берет.