Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

ЫЙЫК КИТЕПТЕ ЭМНЕ ДЕЛЕТ?

Периштелер

Периштелер

Периштелер тууралуу китептер, сүрөттөр, тасмалар көп. Алар кимдер жана эмне кылышат?

Периштелер деген кимдер?

ЫЙЫК КИТЕПТЕ ЭМНЕ ДЕЛЕТ?

 

Ааламды жана адамдарды жаратардан мурун Кудай адамдардан кыйла жогору турган аң-сезимдүү бирөөлөрдү жараткан. Алар пенделерден алда канча күчтүү жана адамзат көрө да, жете да албаган Кудай жашаган жайда жашашат (Аюп 38:4, 7). Ыйык Китепте алар «рухтар» жана «периштелер» деп аталат (Забур 104:4) *.

Периштелердин саны канча? Алар абдан көп. Кудайдын тактысынын тегерегинде турган периштелер «миң-миңдеп, миң-түмөндөп» саналат (Аян 5:11). Башка сөз менен айтканда, жүз миллиондогон периштелер бар.

«Карап, тактынын... тегерегинде турган... периштелердин үнүн уктум. Алардын саны миң-миңдеп, миң-түмөндөп саналат экен» (Аян 5:11).

Периштелер байыркы учурда эмне кылышкан?

ЫЙЫК КИТЕПТЕ ЭМНЕ ДЕЛЕТ?

 

Периштелер көп учурда Кудайдын өкүлдөрү, кабарчылары катары кызмат кылышкан *. Ошондой эле Ыйык Китепте алардын Кудайдын керемет иштерин жүзөгө ашырган кызматчылары катары сүрөттөлөт. Мисалы, Ыбрайым пайгамбар уулу Ыскакты курмандыкка чалганы жатканда, аны токтотуш үчүн жана ага батасын бериш үчүн Кудай периштесин жиберген (Башталыш 22:11—18). Муса пайгамбарга да жашоосун түп-тамыры менен өзгөрткөн кабарды айтыш үчүн периштесин жиберген. Ал периште ага күйүп жаткан бадалдын ортосунан көрүнгөн (Чыгуу 3:1, 2). Ал эми Даниел пайгамбарды арстандар жаткан орго салышканда, Кудай «периштесин жиберип, арстандардын оозун жаап койгон» (Даниел 6:22).

«Ага [Мусага] тикенектүү бадалдын арасында күйүп жаткан оттун жалынындай болуп Жахабанын периштеси көрүндү» (Чыгуу 3:2).

Периштелер азыр эмне кылышат?

ЫЙЫК КИТЕПТЕ ЭМНЕ ДЕЛЕТ?

 

Бүгүнкү күндө периштелердин кандай иш кыларын толук билбейбиз. Ошентсе да Ыйык Китептен алардын жүрөгү таза кишилерге Кудай жөнүндө көбүрөөк билүүгө жардам берерин биле алабыз (Элчилер 8:26—35; 10:1—22; Аян 14:6, 7).

Жахаба Кудай Жакып пайгамбарга түшүндө асман менен жердин ортосундагы бир тепкич менен түшүп-чыгып жаткан периштелерди көрсөткөн (Башталыш 28:10—12). Ал түштөн Кудайдын периштелерди жерге белгилүү бир максат менен — жардамга муктаж болгон берилген кызматчыларына көмөк кылыш үчүн — жиберерин билүүгө болот (Башталыш 24:40; Чыгуу 14:19; Забур 34:7).

«Түшүндө жерде тепкич турганын көрдү. Анын жогору жагы асманга тийип туруптур. Кудайдын периштелери ошол тепкич менен өйдө чыгып, кайра түшүп жатышыптыр» (Башталыш 28:12).

^ 6-абз. Ыйык Китепте айрым периштелердин Кудайдын бийлигине каршы чыкканы жана алардын «жиндер» деп аталып калганы айтылат (Лука 10:17—20).

^ 11-абз. «Периште» деген сөз Ыйык Китептин түп нускасы жазылган еврей тилинде да, грек тилинде да «кабарчы» деген маанини туюнтат.