Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Дос күтүүдө кучагыңарды кенен жайгыла

Дос күтүүдө кучагыңарды кенен жайгыла

Көйгөй

Өзүбүз терс көз карашта болгон адамдардан оолактасак, жүрөгүбүздөгү бейкалыстыктын тамыры ого бетер тереңдейт. Ошондой эле жалпылыктарыбыз бир болгон адамдар менен гана достошсок, баары биздей ой жүгүртүшү, иш-аракет кылышы же биздикиндей сезимде болушу керек деген ойдо болуп калабыз.

Ыйык Китептеги принцип

«Жүрөгүңөрдү кенен ачкыла» (2 КОРУНТТУКТАР 6:13).

Бул эмнени билдирет? «Жүрөк» деген сөз башкаларга карата туйган ынак сезимдерди камтыйт. Эгер өзүбүзгө окшош адамдар менен гана ынак болсок, жүрөгүбүздүн эшиги кууш же жабык болуп калат. Андай болбош үчүн бизден айырмаланган адамдар менен да дос болгонго аракет кылышыбыз керек.

Ар кандай адамдар менен дос болуунун пайдасы

Бизден айырмаланган кимдир бирөө менен жакыныраак таанышканда анын айрым нерселерди эмне үчүн башкача кыларын түшүнө баштайбыз. Ынак болгон сайын, аны өгөйлөбөй калабыз. Аны жогору баалап, кайгысын да, кубанычын да тең бөлүшөбүз.

Мурда Назари чет өлкөлүк келгиндерди жерий берчү. Ага мындай терс көз караштан арылууга эмне жардам берген? Ал мындай дейт: «Мен алар менен чогуу иштеп, көп убакыт өткөрүп калдым. Ал топтогу адамдар жөнүндө көп терс нерселерди уккам. Бирок баары эле андай эмес экен. Маданияты башка кимдир бирөө менен дос болсоң, ага калыптанып калган терс көз караш боюнча баа бербей, аны өзүнчө инсан катары жакшы көрүп, баалап калат экенсиң».

Эмне кылсаңар болот?

Өлкөсү, улуту же тили бөлөк адамдар менен баарлашканга аракет кылгыла.

  • Өздөрү жөнүндө айтып беришин сурангыла.

  • Чайга чакыргыла.

  • Айтып бергендерин кунт коюп угуп, алар үчүн эмне маанилүү экенин баамдагыла.

Башынан өткөндөрү аларды кандайча калыптаганын түшүнгөнгө аракет кылгыла. Ошондо аларга башкача карап каласыңар.