Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жообу маанилүүбү?

Жообу маанилүүбү?

Жараткандын бар-жогун билгенибиз эмне үчүн маанилүү? Далилдерди карап чыгып, кудуреттүү Кудайдын бар экенине көзүңөр жетсе, Ыйык Китепти да ал жаздырганын тастыктаган далилдерди изилдегенге түрткү аласыңар. Ал эми Ыйык Китепте жазылгандарга ишенсеңер, төмөнкүдөй пайдасын көрөсүңөр.

Жашооңор маңызга толот

ЫЙЫК КИТЕПТЕ МЫНДАЙ ДЕЛЕТ: «[Кудай] силерге асмандан жамгыр жаадырып, берекелүү мезгилдерди тартуулап, тамак-ашты мол берип, жүрөгүңөрдү кубанычка толтуруп келген» (Элчилер 14:17).

БУЛ ЭМНЕНИ БИЛДИРЕТ? Айланабызда бизди курчап турган нерселердин баары — Жаратканыбыздын белеги. Ошол белектердин баарын берген Кудайдын канчалык камкор экенин билсеңер, анда аларды ого бетер баалап каласыңар.

Күнүмдүк турмушта кереги тие турган кеңештерди табасыңар

ЫЙЫК КИТЕПТЕ МЫНДАЙ ДЕЛЕТ: «Адилдикти, акыйкаттыкты, чынчылдыкты — жакшылыктын бүт жолун түшүнөсүң» (Накыл сөздөр 2:9).

БУЛ ЭМНЕНИ БИЛДИРЕТ? Кудай силерди жараткандыктан бактылуу болушуңар үчүн силерге эмне керек экенин жакшы билет. Ыйык Китепти изилдеп көрсөңөр, азыртадан эле пайдасын тийгизе турган акыл-насааттарды билесиңер.

Суроолоруңарга жооп аласыңар

ЫЙЫК КИТЕПТЕ МЫНДАЙ ДЕЛЕТ: «Кудай жөнүндөгү билимди табасың» (Накыл сөздөр 2:5).

БУЛ ЭМНЕНИ БИЛДИРЕТ? Эгер Жараткандын бар экенин изилдеп-билсеңер, төмөнкү маанилүү суроолорго жооп аласыңар: «Жашоонун маңызы эмнеде? Эмне үчүн азап-кайгы ушунчалык көп? Адам өлгөндө эмне болот?» Мына ушул суроолорго Ыйык Китептен канааттандырарлык жоопторду табасыңар.

Жаркын келечекке үмүт байлайсыңар

ЫЙЫК КИТЕПТЕ МЫНДАЙ ДЕЛЕТ: «Мен силерге байланышкан ой-ниетимди жакшы билем,— дейт Жахаба.— Силерге алаамат эмес, тынчтык берүүнү, келечек менен үмүт берүүнү ниет кылып жатам» (Жеремия 29:11).

БУЛ ЭМНЕНИ БИЛДИРЕТ? Кудай келечекте бүт жамандыкты, азап-кайгыны, атүгүл өлүмдү жок кыларын убада кылган. Буга ишенсеңер, ушундай жаркын келечекке болгон үмүтүңөр турмуштагы кыйынчылыктарды көтөрүп кеткенге жардам берет.