Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Төгөрөктүн төрт бурчунда

Төгөрөктүн төрт бурчунда

Төгөрөктүн төрт бурчунда

Азыр Жахабанын Күбөлөрүнүн расмий веб-сайтынан (www.watchtower.org) маалыматты 314 тилде окууга болот. Өткөн жылы веб-сайтка 22 миллиондон ашуун киши кирген. Орто эсеп менен алганда, күн сайын 60 000ден көп киши кирген.

«Ар бир адамды жетиштүү өлчөмдө таза суу менен камсыз кылуу — дүйнөдөгү эң чоң көйгөйлөрдүн бири... Бирок бул көйгөйдү чечкендин ордуна, каражаттар көп учурда курал чыгарууга жумшалат» («BAN KI-MOON, UN SECRETARY-GENERAL»).

Оң маанайдын таасири

Шайыр жана оптимист адамдардын ден соолугу өтө тынчсыздана берген, ачуулуу, пессимист адамдардыкына караганда чың болору мурунтан эле маалым. Жакында жүргүзүлгөн изилдөөдөн оң маанайдагы адамдардын канында кортизолдун (деңгээли жогорулап кеткенде ар кандай ооруларга себеп болуучу стресс гормонунун) деңгээли төмөн болору айкын болгон. Ошондой эле андай адамдарда «денедеги сезгенүүнү көрсөткөн эки белоктун да деңгээли» төмөн болот. Лондон Университетинин медициналык коллежинин доктору Эндрю Стептонун айтымында, «оң маанай тукум куугандан тышкары, адамдын башкалар менен болгон мамилесинен жана максаттуу жашоо өткөргөнүнөн да көз каранды».

Заманбап техника жана айдын жаңырышы

Мусулмандар жүздөгөн жылдар бою Рамазан айынын бүткөнүн жана орозо айт башталганын айды карап аныктап келишкен. Адатта, кээ бир жерлерде мусулмандардын диний жетекчиси айдын жаңырганын куралсыз көз менен эле аныктап, Рамазан айынын башталганын жарыялачу. Бирок акыркы жылдары айрым диний жетекчилер заманбап техниканы колдонууну жакташууда. Иран астрономдору диний жетекчилер менен бирге айдын жаңырганын аныктоодо күчтүү телескопторду, түнкү асманды көрсөткөн приборлорду, атүгүл байкоо жүргүзүү үчүн сезгич аппараттар менен жабдылган учактарды колдонуп жатышат. Айдын жаңырганын канчалык эрте байкашса, орозо айт ошончолук эрте башталат.

Баланын жакшы менен жаманды айырмалай билүү жөндөмү

Балдардын алты айынан тартып «тили чыкканга чейин эле адамдардын жүрүм-турумуна баа бере алышарын» АКШнын Йель университетинин окумуштуулары аныкташкан. Алардын жүргүзгөн тажрыйбасы тууралуу «Хьюстон кроникл» гезитинде баяндалат. Анда окумуштуулар алты айдан он айга чейинки балдарды отургузуп, бир куурчактын тоого чыгып баратканын жана ага башка куурчактардын жардам бергенин, ал эми кээ бирлеринин тоскоол кылганын көрсөтүшөт. Андан соң окумуштуулар балдардын ошол куурчактардын «кайсынысын тандаарын көрүш үчүн, аларды балдарга беришкен». «Балдардын дээрлик бардыгы куурчактардын тоскоол кылгандарын эмес, жардам бергендерин тандашкан». Демек, ошол эле гезитте айтылгандай, «атүгүл кичинекей балдар да, [кандайдыр бир деңгээлде] жаман оюнчуктарды жакшы оюнчуктардан айырмалап, кайсынысын тандаарын билишет».

«Бөтөлкөдөгү сууга болгон суроо-талап»

«Америкалыктар бөтөлкөдөгү сууну жөн эле шимирет; жылына, бери дегенде эле, 30 миллиард бөтөлкө суу ичилет»,— делет «Ю. С. ньюс энд уорлд рипорт» гезитинде. Бирок көптөр бөтөлкөдөгү суунун кадимки эле крандан алынган суу экенин билишпейт. Гезитте андан ары: «Крандан аккан сууга караганда, бөтөлкөдөгү суу ден соолукка пайдалуу дегендер жаңылышат»,— делет. Айта кетчү нерсе, көптөгөн өлкөлөрдө крандан аккан суунун тазалыгынын белгилүү бир талаптарга жооп берер-бербеси текшерилип турат. Анын үстүнө, «өтө эле кымбат баада» сатылган бөтөлкөдөгү сууга караганда, крандан аккан суу дээрлик «бекер».