Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жүрөк оорунун дабасы

Жүрөк оорунун дабасы

Жүрөк оорунун дабасы

«Жүрөктүн тынч болгону денеге өмүр берет» (НАКЫЛ СӨЗДӨР 14:30).

«Шайыр жүрөк — дарыдай даба» (НАКЫЛ СӨЗДӨР 17:22).

● Жөнөкөй, бирок мааниси терең бул сөздөрдү 3 000 жылдай мурун Сулайман пайгамбар айткан *. «Жүрөктүн тынч болгону» чынында эле ден соолукка пайдалуубу? «Шайыр жүрөктү» даба деп айтууга болобу? Доктурлар бул тууралуу эмне дешет?

Медициналык бир журналда дайыма жайдары жүргөн кишилер жана ачуусу чукул кишилер жөнүндө мындай делет: «Акыркы изилдөөлөрдөн айкын болгондой, ачууланып, касташып жүргөн кишилер жүрөктүн ишемия оорусуна көбүрөөк чалдыгышат» («Journal of the American College of Cardiology»). Ошондуктан ал журналда: «Жүрөктүн ишемия оорусун алдын алуу үчүн же андан айыгуу үчүн дары-дармектерди ичип, физиотерапиялык каражаттар менен дарылангандан тышкары, каарданбаганга, ачууну тыя билгенге үйрөнүш керек»,— деп белгиленет. Чынында эле, Ыйык Китепте айтылгандай, жан дүйнөсү тынч кишинин ден соолугу чың болот.

«Шайыр жүрөк» да ден соолукту чыңдайт деп айтууга болот. Би-би-си кабарларынан Шотландиянын саламаттык сактоо министрлигинин кызматкери Дерек Кокстун төмөнкү сөздөрү берилген: «Эгер дайыма кубанып жүрсөңөр, баарына эле нааразы болуп, кабагы ачылбаган кишилерге караганда азыраак ооруйсуңар». Ошондой эле ал: «Күлүп-жайнап, шайыр жүргөн адамдар инсульт болушпайт жана жүрөк ооруларына көп чалдыгышпайт»,— деген.

Ыйык Китепти жазууга катышкан кишилер, анын ичинде Сулайман пайгамбар мындай нерселерди кайдан билген? Сулайман пайгамбарга акылмандыкты, түшүнүктү Кудай берген (1 Падышалар 4:29). Анын даанышман сөздөрү баарыбыз түшүнө алгыдай тилде жазылган. Ошондой эле анын сөздөрүн эч кандай акы төлөбөй эле окуй алабыз.

Андыктан биз силерди Ыйык Китеп жөнүндө көбүрөөк билип, аны окуп көрүүгө чакырабыз. Миллиондогон адамдар анда жазылган: «Акылмандык жүрөгүңө киргенде, билим жаныңа жакканда, сени ой жүгүртүү жөндөмү сактайт, кыраакылык коргойт»,— деген сөздөрдүн калетсиз экенине ынанышкан (Накыл сөздөр 2:10, 11). Силер да буга ынана аласыңар!

[Шилтеме]

^ 4-абз. Ыйык Китептеги «жүрөк» деген сөз, адатта, адамдын ички дүйнөсүнө, анын сезимдерине карата колдонулат.