Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Диабетти алдын алуу мүмкүнбү?

Диабетти алдын алуу мүмкүнбү?

ДИАБЕТ менен ооругандардын саны тездик менен өсүп, ал оору учурда глобалдык эпидемияга айланды. Диабет оорусу 2 типке бөлүнөт. 1-типке кирген диабет менен көбүнчө балдар ооруйт жана аны алдын алуунун жолу доктурларга азырынча маалым эмес. Бул макалада диабеттин 2-тиби жөнүндө сөз жүрөт. Ал типке диабеттин 90 пайыздай түрү кирет.

Мурун чоңдор гана ооруйт деп эсептелип келген диабеттин 2-тибине жакындан бери кичинекей балдар да чалдыгууда. Анткен менен, адистердин ою боюнча, аны алдын алса болот. Бул коркунучтуу оору жөнүндө маалымдар болгонуңар пайдалуу болушу мүмкүн *.

Диабет деген эмне?

Диабет менен ооруган кишинин канында канттын деңгээли жогору болот. Ошол себептен энергия иштелип чыгышы үчүн зарыл болгон канттын кан аркылуу клеткаларга жеткирилүү процесси бузулат. Натыйжада маанилүү органдар жабыркайт, кан айлануу начарлайт, бул болсо айрым учурларда буттун жана бут манжаларынын ампутация кылынышына, көздүн көрбөй калышына, бөйрөк оорусуна алып барат. Ошондой эле диабет менен ооругандардын арасында көптөр жүрөк оорусунан же инсульттан каза табышат.

2-типке кирген диабетке ашыкча салмактуулук да себеп болот. Адистердин айтымына караганда, белде жана курсакта чогулган майлар диабет менен ооруп калуунун ыктымалдыгын жогорулатат. Тагыраак айтканда, уйку безиндеги жана боордогу майлар организмдин кандагы канттын деңгээлин жөнгө салып турушуна бөгөт коёт. Эми бул ооруну кантип алдын алса болоруна токтололу.

 Алдын алуунун үч жолу

1. Диабет менен ооруп калуу ыктымалдыгы жогору болгондорго кирсеңер, каныңарды текшертип тургула. 2-типке кирген диабет оорулары көбүнчө преддиабеттен башталат. Андайда кандагы канттын деңгээли нормадан анчалык деле көп ашпайт. Анткен менен преддиабет да, диабет сыяктуу эле, коркунучтуу. Экөөнүн айырмасы: диабетти дарылоо мүмкүн болгону менен, андан айыгуу мүмкүн эмес, ал эми преддиабетте айрым учурларда канттын деңгээлин төмөндөтүп, кайрадан калыбына келтирсе болот. Бирок преддиабеттин белгилери байкалбайт. Андыктан киши аны менен ооруурун билбеши мүмкүн. Билдирүүлөргө ылайык, дүйнө жүзү боюнча 316 миллиондой кишинин преддиабети бар. Бирок көбү ал тууралуу билбейт. Мисалы, Кошмо Штаттардын өзүндө эле преддиабети бар кишилердин 90 пайыздайы ал жөнүндө билбейт.

Преддиабетке анча маани бербей коюуга болбойт. Жакында эле анын, 2-типке кирген диабет ооруларына себеп болгонунан тышкары, кем акылдыкка чалдыгуунун да ыктымалдыгын жогорулатары аныкталган. Ошондуктан эгер салмагыңар ашыкча болсо, көп кыймылдабасаңар, тукумуңарда диабет менен ооругандар болсо, анда преддиабет болушуңар толук мүмкүн. Преддиабет экениңерди канды текшертип билсе болот.

2. Пайдалуу тамак-аш жегиле. Мүмкүн болсо жана жагдай-шартыңар жол берсе, төмөнкү кеңештерди колдонгула: тамакты азыраак жегиле, жемиштердин шекер кошулган ширесинин жана газдалган суусундуктардын ордуна, суу, чай же кофе ичкиле. Рафинаддалган (тазартылган) азыктардын ордуна, кесек тартылган ундан жасалган нан, күрүч жана кесме жесеңер болот, бирок өтө көп өлчөмдө эмес. Ошондой эле кара кесек эт, балык, жаңгак жана төө буурчак да пайдалуу.

3. Көбүрөөк кыймылдагыла. Көнүгүү жасоо кандагы канттын деңгээлин төмөндөтөт жана салмактын нормадан ашып кетпешине шарт түзөт. Андыктан, бир адис кеңеш бергендей, телевизор көрүүгө кетирген убактыңардын кайсы бир бөлүгүн көнүгүү жасоого жумшагыла.

Эч кимибиз генибизди өзгөртө албасак да, жашоо мүнөзүбүздү өзгөртө алабыз. Андыктан ден соолугуңарды чыңдаганга бүт күчүңөрдү жумшагыла.

^ абз. 3 «Ойгонгула!» журналы белгилүү бир мүнөз тамакты ичүүгө же белгилүү бир дене тарбия көнүгүүлөрүн жасоого үндөбөйт. Ар бир адам ден соолугуна байланыштуу чечим чыгарардан мурун баарын таразалап көрүп, зарыл болсо, доктур менен кеңешиши керек.