Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

 МУКАБАДАГЫ ТЕМА

Чыныгы ийгилик деген эмне?

Чыныгы ийгилик деген эмне?

ИЙГИЛИККЕ жетпей калуудан да жаман нерсе барбы? Ооба, бар. Ал — жалган ийгилик. Себеп дегенде ойлогон оюңар же кайсы бир ишиңер оңунан чыкпай калганда, жагдайды оңдогонго аракет кылууга мүмкүнчүлүгүңөр болот. Же, жок эле дегенде, андан сабак ала аласыңар.

Жалган ийгилик жөнүндө айта турган болсок, андайда адам өзүн ийгиликке жеттим деп ойлойт, бирок, чынында, катуу жаңылган болот. Ал эми жаңылганын түшүнгөндө бир нерсени өзгөрткөнгө өтө эле кеч болуп калышы мүмкүн.

Келгиле, Иса Машаяктын айткан сөздөрүнө токтололу. Ал: «Адам бүт дүйнөгө ээ болуп, бирок жанынан айрылса, анда ага эмне пайда?» — деп айткан (Матай 16:26). Бул сөздөр өздөрүн жашоодо ийгиликке жеттим деп ойлоп жаңылгандарга, тактап айтканда, акчанын жана мал-мүлктүн артынан сая түшкөндөргө тиешелүү деп айтууга болот. Карьера кылууга байланыштуу кеңеш берген адис Том Денем мындай деп жазган: «Чоң ийгиликтерге жетүүгө, көп акча табууга же көп нерсеге ээ болууга умтулгандар руханий байлык топтой албайт. Ийгиликти акча менен өлчөгөндөр сыртынан эле ийгиликке жеткендей көрүнөт, бирок алардын жан дүйнөсү дайыма аңгырап бош болуп турат».

Бүгүнкү күндө көптөрдүн бул сөздөргө кошулары бышык. Алсак, Кошмо Штаттарда жүргүзүлгөн бир сурамжылоодон жашоодо ийгиликке жетүүгө өбөлгө түзгөн 22 нерсенин ичинен «көп акчага ээ болуу» 20-орунда турары аныкталган. Ал эми алдыңкы орундарда ден-соолук, башкалар менен жакшы мамиледе болуу жана жакшы көргөн жумуш турган.

Ооба, көптөр чыныгы ийгилик менен жалган ийгиликтин айырмасын түшүнүшөт. Анткен менен алардын жашоодо чыгарган чечими дайыма эле ошол түшүнүгүнө ылайык боло бербейт.