Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

«Көрүнүктүү жана таасирдүү символ»

«Көрүнүктүү жана таасирдүү символ»

ХИРОСИМАДАГЫ (Жапония) Мотоясу дарыясынын күн чыгыш тарабындагы жээгинде 1945-жылдан бери жарым-жартылай ураган имарат турат. Андан бери 70 жылдай убакыт өтсө да, эмне үчүн ал эмгиче оңдоло элек?

1915-жылы курулуп бүткөн үч бөлүктөн турган, кыштан тургузулган ал имарат өнөр жайды өнүктүрүү максатында көргөзмө залы катары колдонулчу. Бирок 1945-жылы 6-августта, саат эртең мененки 8ден 15 мүнөт өткөндө, дүйнөдө биринчи жолу колдонулган атом бомбасы шаардын үстүнөн 550 метр бийиктикте жарылган. Жарылуу ошол көргөзмө залынын дээрлик так үстүндө болгон. Ичиндегилердин баары мүрт кетишкен. Бирок имараттын негизги бөлүгү талкаланган эмес.

ЮНЕСКО * жазган макалада ал имараттын «адам баласы ойлоп тапкан эң кубаттуу кыйратуучу күчтүн көрүнүктүү жана таасирдүү символу» экени айтылган. 1996-жылы ал Хиросима тынчтык мемориалы катары ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурас тизмесине кирген.

Бирок, өкүнүчтүүсү, эстелик катары сакталган ал имарат көбүнесе ач көздүктүн, улутчулдуктун, расизмдин, диндин жана уруулар ортосундагы кастыктын айынан болуп жаткан согуштарды токтото алган жок. Бул согуштар эч качан токтобойт дегенди билдиреби?

Ыйык Китепте: «[Кудай] жердин учу-кыйырына чейин согуштарды токтотот, жааны сындырып, найзаны талкалайт, согуш арабаларын отко жагат»,— деп айтылат (Забур 46:9). Ошондой эле Кудай адамдардын бийлигин кулатып, өзүнүн Падышалыгын, башкача айтканда, өкмөтүн орнотору жазылган. Ал өкмөттүн башында «падышалардын Падышасы» — Иса Машаяк — турат (Аян 11:15; 19:16).

Ал өкмөт башкарган убакта ушу сыяктуу эстеликтердин зарылдыгы болбой калат. Анткени, Ыйык Китепте айтылгандай, «мурункулар», тактап айтканда, учурда адамзатты кайгы-муңга батырып жаткан нерселер «эскерилбейт, ойго да келбейт» (Ышая 65:17).

^ абз. 4 Бириккен Улуттар Уюмунун билим берүү, илим жана маданият боюнча уюму.