Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Кат таанууну үйрөнүүгө жардам берген «Окууга жана жазууга машык» деген китепче 100дөн ашуун тилге которулуп, бир нече миллион нускада чыккан

Кат-сабатка үйрөткөн программа

Кат-сабатка үйрөткөн программа

«Сабаттуулук — бул ар бир адам укуктуу болгон, адамдын укуктарынын жана мүмкүнчүлүктөрүнүн көбөйүшүнө, ошондой эле жеке адамдын да, жалпы коомчулуктун да өрчүп-өнүгүшүнө өбөлгө түзгөн нерсе» ЮНЕСКО *.

БИЛДИРҮҮЛӨРГӨ ылайык, дүйнөдө жашы 15 жаштан өйдө 700 миллиондон ашуун киши окуганды же жазганды билбейт. Андай адамдардын билим дүйнөсүнө баш багууга, анын ичинде Кудайды таанып-билүүгө, анын Ыйык Китептеги «бизге насаат катары жазылган» адеп-ахлак нормалары жөнүндө билүүгө мүмкүнчүлүгү жок (Римдиктер 15:4). Ошол себептен көптөгөн өлкөлөрдө Жахабанын Күбөлөрү Ыйык Китепти изилдөө программасына кат-сабатка үйрөтүү курстарын да киргизишкен. Андай курстар бекер өткөрүлөт. Алар канчалык натыйжалуу болууда?

Калкынын басымдуу бөлүгү испан тилинде сүйлөгөн Мексика өлкөсүндөгү Жахабанын Күбөлөрү бул жагынан кандай ийгиликтерге жеткенин карап көрөлү. 1946-жылдан тартып алар 15 2000ден ашуун кишиге окуганды жана жазганды үйрөтүшкөн. Ал кишилердин көбү кийинчерээк атүгүл башкаларды да окутууга жарактуу болушкан. Ушундай агартуу ишин жүргүзгөнү үчүн Жахабанын Күбөлөрү өкмөттөн көп жолу ыраазычылык кат алышкан. Алардын биринде: «Билим берүү министрлиги чоңдордун арасында сабатсыздыкты жоюу ишине салым кошуп, кызматташканыңар үчүн силерге ыраазычылык билдирет»,— деп жазылган.

Кат-сабатка үйрөтүү курстарына жаштар да, карылар да катышкан. Мисалы, Жозефина деген апа 101 жашында ошондой курска катышып, эки жылдын ичинде кат таанып калган.

Мексикада андай курстар негизги тил болгон испан тилинде эле эмес, башка тилдерде да өткөрүлөт. Алсак, 2013-жылы жергиликтүү 8 калктын өкүлдөрү ушундай программанын аркасында өз эне тилинде окуп-жазганды үйрөнө алышкан.

Албетте, сабаттуулук адамга көп нерсени таанып-билүүгө жол ачат. Бирок, баарынан маанилүүсү, сабаттуулук ар кандай тектеги кишилерге Ыйык Китепти — Кудайдын жетеги менен жазылган жана адамды азап-кайгыга салган жаман жүрүм-турумдун, ар кандай ырым-жырымдардын, жалган диний окуулардын кулчулугунан бошото ала турган касиетке ээ китепти — окууга мүмкүндүк берет (Жакан 8:32).

^ 2-абз. Бириккен Улуттар Уюмунун агартуу, илим жана маданият боюнча уюму.