Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Кудай Сөзүнөн билим алгыла

Сот күнү кандай болот?

Сот күнү кандай болот?

Балким, бул макаладагы суроолор силерди да ойлондургандыр. Төмөндө алардын жообун Ыйык Китептин кайсы жеринен тапса болору көрсөтүлдү. Бул жагынан Жахабанын Күбөлөрү силерге жардам берүүгө даяр.

1. Сот күнү деген эмне?

Оң жактагы сүрөттө көрсөтүлгөндөй, көптөр өлгөн адамдар Сот күнүндө Кудайдын тактысынын алдына барып, мурун кылган иштерине жараша соттолот дешет. Алар соттолгондордун айрымдары асманга барса, башкалары тозокко түшөт деп ишенишет. Бирок Ыйык Китепте Сот күнүндө Кудайдын адамдарды адилетсиздиктен арылтары айтылат (Забур 96:13). Муну ишке ашырыш үчүн Кудай Иса Машаякты Сот кылып дайындаган. (Окугула: Ышая 11:1—5; Элчилер 17:31.)

2. Сот күнүндө адилетсиздик кантип жок кылынат?

Адам ата Кудайга каршы чыгып, күнөө кетиргендиктен, урпактарына күнөө тукум кууп өтүп, алар өлүмгө моюн сунушкан. Ошонун айынан азап-кайгы, өлүм пайда болгон (Римдиктер 5:12). Иса Машаяк миллиарддаган өлгөн адамдарды тирилтип, бул адилетсиздикти жок кылат. Ыйык Китептеги Аян китебинен мунун баары Иса Машаяк миң жыл башкара турган убак келгенде жүзөгө ашарын билүүгө болот. (Окугула: Аян 20:4, 11, 12.)

Тирилген адамдар өлгөнгө чейин кылган иштерине жараша эмес, Аян китебинин 20-бөлүмүндө айтылган «түрмөктөр» ачылган убакта кандай иштерди кылганына жараша соттолот (Римдиктер 6:7). Элчи Пабыл айткандай, тирилип, Кудай жөнүндө билим ала турган адамдардын арасында адил адамдар да, адил эмес адамдар да болот. (Окугула: Элчилер 24:15.)

3. Сот күнүндө эмнелер болот?

Көзү тирүүсүндө Жахаба Кудай жөнүндө билим ала албай калган, ага кызмат кылууга мүмкүнчүлүгү болбогон адамдар тирилгенде, аларга өзгөрүлгөнгө, жакшы иштерди кылганга мүмкүнчүлүк берилет. Эгер алар тирилгенден кийин Кудайга жаккан иштерди кылышса, «өмүр сүрүш үчүн» тирилген болот. Ал эми Жахаба Кудайдын жолдору жөнүндө билгиси келбесе, «соттолуш үчүн» тирилген болот. (Окугула: Жакан 5:28, 29; Ышая 26:10; 65:20.)

Миң жылга созула турган Сот күнүндө Жахаба Кудай ага баш ийген адамдарды жеткилеңдикке жеткирет (1 Корунттуктар 15:24—28). Кудайга тил алган адамдарды кандай сонун келечек күтүп турат! Миң жылдын аягында Кудай адамдарды акыркы жолу сынактан өткөрүш үчүн түпсүз туңгуюкка миң жылга камалган Шайтанды чыгарат. Шайтан адамдарды азгырганга акыркы жолу аракет кылат. Анын азгырыгын четке каккандар жер бетинде түбөлүк өмүр сүрүшөт. (Окугула: Ышая 25:8; Аян 20:7—9.)

4. Сот күнү дагы эмнени билдирет жана ал адамзатка кандай пайда алып келет?

Ыйык Китепте «сот күнү» деген сөз бул дүйнө жок кылына турган убакка карата да колдонулат. Ал күн Нух пайгамбардын убагында болгон, ыймансыз адамдарды жер бетинен жок кылган топон суудай болуп, биз күтпөгөн убакта келет. «Ыймансыз адамдар» жок кылынгандан кийин, «адилдик өкүм сүргөн» заман болот. (Окугула: 2 Петир 3:6, 7, 13.)