Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Табигый кырсыктар Кудайдын таш боор экенин далилдейби?

Табигый кырсыктар Кудайдын таш боор экенин далилдейби?

АЙРЫМДАР ЭМНЕ ДЕШЕТ? «Дүйнөнү Кудай башкаргандыктан табигый кырсыктардын болушуна ал себепкер. Ошон үчүн ал — таш боор Кудай».

ЫЙЫК КИТЕПТЕ ЭМНЕ ДЕЛЕТ? Ыйык Китепте бүт дүйнөнүн «кара өзгөйдүн бийлиги астында экени» айтылат (1 Жакан 5:19, шилтеме). «Кара өзгөй» деген ким? Ыйык Китепте анын Шайтан экени жазылат (Матай 13:19; Марк 4:15). Дүйнөнү Шайтан башкарып жаткандыктан ал адамдарды, өзүнө окшоп, өзүмчүл, ач көз болгонго жана ойлонбой иш кылганга түртүп жатат. Бул адамдардын эмне үчүн айлана-чөйрөнү булгап, жерди талкалап жатканын көрсөтүп турат. Көптөгөн адистер адамдардын жаратылышка ушундай мамиле кылганы табигый кырсыктардын болушуна, күч алышына жана адам баласынын табигый кырсыктардан жапа чегишине себеп болорун эскертүүдө.

Шайтандын дүйнөнү башкарышына Кудай эмне үчүн жол берип жатат? Бул суроого жооп алыш үчүн адамзат тарыхынын башталышында эмне болгонун билишибиз керек. Ал кезде Адам ата менен Обо эне Кудайдын бийлигине каршы чыгышкан. Адамдардын көпчүлүгү түпкү ата-энебиздин жолу менен баратышат. Адам ата менен Обо эненин Кудайдын бийлигин четке кагышканынын айынан дүйнө Кудайдын душманы болгон Шайтандын бийлиги астында болуп калган. Ошондуктан Иса пайгамбар Шайтанды «бул дүйнөнүн башкаруучусу» деп атаган (Жакан 14:30). Бирок Шайтан түбөлүк бийлик жүргүзө береби? Жок!

Жахаба * Кудай адамзаттын Шайтандын бийлигинен жапа чегип жатканына кайдыгер эмес. Адамдардын азап тартып жатканын көргөндө, анын жүрөгү ооруйт. Мисалы, Ыйык Китепте ысрайыл эли «кыйналган сайын», Кудайдын да кыйналганы айтылат (Ышая 63:9). Бактыга жараша, Кудай жакында Шайтандын бийлигин талкалайт. Ал Иса Машаякты түбөлүккө Падыша кылып дайындаган. Ал адилеттүүлүк, чынчылдык менен бийлик жүргүзөт.

МУНУН СИЛЕРГЕ КАНДАЙ ТИЕШЕСИ БАР? Шайтан адамзатты табигый кырсыктардан сактай албайт, ал эми Иса Машаяк сактай алат. Бир жолу ал катуу шамалды токтоткон. Ыйык Китепте ал жөнүндө мындай делет: «Ал... шамалды тыйды да, деңизге: „Басыл! Тынчы!“ — деди. Ошондо шамал токтоп, айлана тыптынч болуп калды... алар болсо аябай коркуп, бири-бирине: „Шамалды да, деңизди да баш ийдире алган деги бул ким?“ — деп жатышты» (Марк 4:37—41). Бул окуя Иса Машаяктын жер жүзүнө бийлик жүргүзгөндө ага баш ийген адамдарды сактай аларын далилдеп турат (Даниел 7:13, 14).

^ 5-абз. Ыйык Китепте Кудайдын ысымы Жахаба экени айтылат.