Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

 ҮЙ ЭЭСИ МЕНЕН МАЕКТЕШҮҮ

Кыйналып жатканыбыз Кудайга баары бирби?

Кыйналып жатканыбыз Кудайга баары бирби?

Төмөндө Жахабанын Күбөсүнүн үй ээси менен курган маеги жазылган. Келгиле, алардын маегине көңүл буралы.

КУДАЙ ЭМНЕГЕ УШИНТТИ?

Жахабанын Күбөсү: Мен ушул аймакта жашагандардын баарына мындай баракча сунуш кылып жүрөм. Бул баракча «Чындыкты билгиңер келеби?» деп аталат. Бул сизге.

Үй ээси: Бул, эмне, дин жөнүндөбү?

Жахабанын Күбөсү: Ооба. Сыртындагы 6 суроого көңүл бурсаңыз. Сиз кайсы суроого...

Үй ээси: Жок, кереги жок.

Жахабанын Күбөсү: Эмнеге? Себебин билсем болобу?

Үй ээси: Чынын айтсам, мен Кудайга ишенбейм.

Жахабанын Күбөсү: Сиз башынан эле Кудайга ишенбейсизби?

Үй ээси: Кичинекей кезимде ишенчүмүн, бирок кийин ишенбей калгам.

Жахабанын Күбөсү: Мен сизге көз карашымды таңуулагым келбейт. Бирок айтсаңыз, Кудайга ишенбей калышыңызга бир нерсе себеп болду беле?

Үй ээси: Ооба. 17 жыл мурун апам жол кырсыгына учураган.

Жахабанын Күбөсү: Кап, жаман болгон турбайбы. Апаңыз эчтеке болгон жок беле?

Үй ээси: Апам ошондон бери шал болуп калган.

Жахабанын Күбөсү: Аябай жаман болуптур. Бул сиз үчүн аябай эле оор болду болуш керек.

Үй ээси: Ооба, азыркыга чейин: «Кудай бар болсо, эмнеге ушинтти?» — деп ойлоно берем. Ал бизди эмнеге ушундай азапка салды?

«ЭМНЕ ҮЧҮН?» ДЕП СУРОО ТУУРА ЭМЕСПИ?

Жахабанын Күбөсү: Сиздин кайгырып, ушинтип ойлонуп жатканыңыз табигый эле нерсе. Кыйналганда баарыбызда эле ушундай суроолор пайда болот. Атүгүл байыркы убакта Кудайга ишенген айрым адамдарды да ушундай суроолор бушайман кылган.

Үй ээси: Мм... ошондой адамдар болду беле?

Жахабанын Күбөсү: Ооба. Буга мисал катары Ыйык Китептен бир пайгамбардын айткандарын окуп берсем, каршы болбойсузбу?

Үй ээси: Жок.

Жахабанын Күбөсү: Кудайга ишенимдүү кызмат кылган Хабакук деген пайгамбардын эмне дегенине көңүл бурсаңыз. Хабакук китебинин 1-бөлүмүнүн 2, 3-аяттарында мындай делет: «Оо, Жахаба, качанкыга чейин жардам сурап кыйкыра берем? Сен мени качанкыга чейин укпайсың? Качанкыга чейин зордук-зомбулуктан куткарышыңды сурап зар какшай берем? Эмнеге мага кыянат иштерди көрсөтүп жатасың?» Бул суроолор сиздикине окшош бекен?

Үй ээси: Ооба.

Жахабанын Күбөсү: Жахаба Кудай Хабакук пайгамбарды ушундай суроолорду бергени үчүн урушкан эмес, ошондой эле ага ишенимиң аз экен деп да айткан эмес.

Үй ээси: Кызыктуу экен.

ЖАХАБА КЫЙНАЛЫШЫБЫЗДЫ КААЛАБАЙТ

Жахабанын Күбөсү: Ыйык Китепте Кудайдын азап-кайгынын баарын көрүп турары, кыйналганыбыз ага баары бир эмес экени айтылат.

Үй ээси: Чын эле ошондойбу?

Жахабанын Күбөсү: Ооба. Мисалы, Чыгуу китебинин 3-бөлүмүнүн 7-аятына көңүл бурсаңыз. Өзүңүз окуп көрөсүзбү?

Үй ээси: Мейли. «Жахаба дагы мындай деди: „Мен Мисирдеги элимдин тарткан азабын көрүп, жумушка салгандардын айынан зарлаган үнүн уктум. Мен алардын канчалык азап чегип жатканын билем“».

 Жахабанын Күбөсү: Бул аятка ылайык, Кудай өзүнүн элинин кыйналганын көрөт бекен?

Үй ээси: Ошондой окшойт.

Жахабанын Күбөсү: Кудай эмне болуп жатканын үстүртөн эле билбейт. Бул аяттын акыркы сүйлөмүнө дагы бир жолу көңүл бурсаңыз. Кудай: «Мен алардын канчалык азап чегип жатканын билем»,— деген. Эгер Кудай кош көңүл же мерез болсо, ушундай сөздөрдү айтат беле?

Үй ээси: Жок, айтмак эмес.

Жахабанын Күбөсү: Кудай биздин кыйналып жатканыбызды тек гана карап турбайт, ал биз менен кошо кыйналат.

Үй ээси: Чын элеби?

Жахабанын Күбөсү: Ооба. Буга далил катары Кудайдын өзүнүн эли кыйналганда кандай сезимде болгонун көрсөткөн дагы бир аятты окуп көрөлү. Ышая китебинин 63-бөлүмүнүн 9-аятынын биринчи бөлүгүндө мындай делет: «Алар кыйналган сайын, ал да кыйналган». Демек, Кудайдын элинин кыйналганы ага таасир этиптирби?

Үй ээси: Бул жерде ошондой деп жазылыптыр го.

Жахабанын Күбөсү: Ооба, Кудай бизге аябай көңүл бурат, ал биздин азап чегишибизди такыр каалабайт. Биз кыйналганда, ал да биз менен кошо кыйналат.

КУДАЙ ЭМНЕ ҮЧҮН УШУЛ КҮНГӨ ЧЕЙИН ЧЫДАП КЕЛАТАТ?

Жахабанын Күбөсү: Кетерден мурун сизге дагы бир нерсе айтайын дедим эле.

Үй ээси: Мейли, айтыңыз.

Жахабанын Күбөсү: Ыйык Китепте Кудайдын күчү жөнүндө эмне делерине көңүл бурсаңыз. Жеремия пайгамбардын китебинин 10-бөлүмүнүн 12-аятында жазылгандарды окуп көрсөңүз.

Үй ээси: «Ал жерди кудурети менен жараткан, түшүмдүү жерди акылмандыгы менен бекем орноткон, асманды акылы менен жайган».

Жахабанын Күбөсү: Бир аз ушул аят жөнүндө ой жүгүртүп көрбөйлүбү. Учу-кыйыры жок кең ааламды жана андагынын баарын жаратыш үчүн Кудай ушунчалык күчтүү болушу керек болгонуна кошуласызбы?

Үй ээси: Кошулам.

Жахабанын Күбөсү: Эгер Кудай бизди курчап турган нерселердин баарын жаратса, анда анын бардыгын көзөмөлдөп турганга кудурети жетет да, чынбы?

Үй ээси: Ооба.

Жахабанын Күбөсү: Эми ойлонуп көрсөңүз, сиз эмне үчүн апаңыздын кыйналып жатканын көргөндө жаман болосуз?

Үй ээси: Анткени мен аны жакшы көрөм, ал менин апам да.

Жахабанын Күбөсү: Эгер аны айыктыруу колуңуздан келсе, айыктырат белеңиз?

Үй ээси: Албетте, айыктырмакмын.

Жахабанын Күбөсү: Ошо сыяктуу эле, Кудай да биздин кыйналганыбызды көрүп, биз менен кошо кыйналат, ошондой эле анын күчү чексиз. Андыктан ал бизди азап-кайгыдан бат эле арылтып коё алат. Бирок ал ушул күнгө чейин чыдап келатат.

Үй ээси: Бул жөнүндө мурун такыр ойлонбоптурмун.

Жахабанын Күбөсү: Демек, анын бизди кыйынчылыктардан арылта электигине кандайдыр бир олуттуу себептер болушу мүмкүнбү? *

Үй ээси: Болушу мүмкүн.

Жахабанын Күбөсү: Сизге бирөө чалып жатат окшойт. Эгер кааласаңыз, бул тууралуу башка күнү келип айтып берейин.

Үй ээси: Макул *.

Балким, кайсы бир суроонун жообун билгиңер келип жүргөндүр. Же Жахабанын Күбөлөрүнүн эмнелерге ишенери жөнүндө билгиңер келеттир. Эгер ошондой болсо, Жахабанын Күбөлөрүнө кайрылсаңар болот. Алар суроолоруңарга жооп берүүгө даяр.

^ абз. 57 Бул тууралуу көбүрөөк маалымат алыш үчүн Жахабанын Күбөлөрү тарабынан чыгарылган «Ыйык Китеп чынында эмнеге окутат?» деген китептин 11-бөлүмүн карагыла.

^ абз. 60 Ушул рубриканын кийинки макаласында Кудайдын эмне үчүн азап-кайгыга жол берип жатканы талкууланат.