Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

 МУКАБАДАГЫ ТЕМА | КУДАЙДАН ТИЛЕНИШИБИЗ КЕРЕКПИ?

Көптөр эмне үчүн тиленишет?

Көптөр эмне үчүн тиленишет?

Силер тиленесиңерби? Көптөр, ал тургай атеисттер да тиленишет. Деги эле адам баласы эмне үчүн тиленет? Францияда жүргүзүлгөн бир сурамжылоодон франциялыктардын жарымы «тек гана өздөрүн жакшы сезиш үчүн» тиленери же медитация кылары айкын болгон. Көптөгөн европалыктардай эле, алар тиленүүнү Кудайга сыйынуу катары эсептешпейт. Алар аны жөн гана «жан дүйнөсүн тынчтандыруунун жолу катары көрүшөт». Атүгүл Кудайга ишенгендердин айрымдары да керек болгон учурда эле тиленишет жана тилеги заматта кабыл болушун көксөшөт (Ышая 26:16).

Жеке силер тууралуу эмне деп айтууга болот? Силер тиленүү туура ой жүгүрткөнгө эле жардам берет деп ойлойсуңарбы? Же, эгер Кудайга ишенсеңер, тиленүү чынында эле жардам берерине ынандыңар беле? Же болбосо Кудай үнүңөрдү укпай жаткандай сезилеби? Ыйык Китептен тиленүү адамдын жан дүйнөсүн сакайта турган терапия эмес, Кудайга жакындоонун жолу экенин билүүгө болот.