Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

МУКАБАДАГЫ ТЕМА | ОКУП-ИЗИЛДЕП КӨРҮҮНҮН ПАЙДАСЫ

Изилдеп көрүүнүн пайдасы

Изилдеп көрүүнүн пайдасы
  • Жашоонун маңызы эмнеде?

  • Эмне үчүн азап чегебиз? Эмне үчүн өлөбүз?

  • Келечегибиз кандай болот?

  • Кудай бизди ойлойбу?

Ушул сыяктуу суроолор көптөрдүн жүрөгүн өйүп келет. Алардын жообун тапса болобу?

Миллиондогон адамдар канааттандырарлык жоопту Ыйык Китептен табышкан. Силер да ал китепте эмне айтылганын билгиңер келеби? Эгер билгиңер келсе, Ыйык Китепти Жахабанын Күбөлөрү сунуш кылган акысыз программанын жардамы менен окуп-изилдеп көрсөңөр болот *.

Айрымдар: «Убакытым жок», «аны түшүнүш кыйын» же «өзүмдү милдеттүү сезгим келбейт»,— дешет. Анткен менен Ыйык Китепте эмнелер айтылганын билүүгө дилгир болгондор да бар. Анда эмесе, ошондой адамдардын айткандарына токтололу.

  • «Мен католиктердин, протестанттардын, сикхилердин жана буддисттердин ибадатканаларына барып көрдүм. Университеттен теология илимин да изилдедим. Ошентсе да Кудайга байланыштуу суроолорума жооп тапкан жокмун. Анан бир күнү эле үйгө Жахабанын Күбөлөрүнүн бири келип калды. Анын суроолорума Ыйык Китептин негизинде жооп бергенине ушунчалык таасирленгендиктен, Ыйык Китепти аны менен чогуу изилдеп көрүүгө макул болдум». (Гил, Англия.)

  • «Менин жашоого байланыштуу суроолорум көп болчу, чиркөөмдөгү диний кызматчылардын берген жооптору болсо купулума толчу эмес. Ал эми Жахабанын Күбөлөрүнүн бири ошол суроолорумдун баарына жалаң Ыйык Китепти колдонуп жооп берди. Мага ошонусу жакты. Ошондуктан көбүрөөк маалымат алгым келер-келбесин сураганда, дароо макул болдум». (Кофи, Бенин.)

  • «Мага өлгөндөрдүн андан аркы жашоосу кызык боло берчү. Алар тирүүлөргө жамандык кылат дегенге ишенчүмүн, бирок бул жөнүндө Ыйык Китепте эмне айтыларын билгим келчү. Ошондуктан досум менен Ыйык Китепти изилдей баштадым. Ал Жахабанын Күбөсү болчу». (Жюзи, Бразилия.)

  • «Мен Ыйык Китепти өз алдынча окуп, такыр түшүнө албай койгом. Бир күнү мага Жахабанын Күбөлөрү келип, Ыйык Китепте алдын ала айтылгандар кантип аткарылганын түшүндүрүп беришти. Ошондо ал китепке кызыгып калдым». (Денниз, Мексика.)

  • «Мен: „Кудай мени ойлойт болду бекен?“ — деп ойлончумун. Ошондуктан Ыйык Китепте айтылган Кудайга кайрылып көрүүнү чечтим. Эртеси эле үйгө Жахабанын Күбөлөрү келип калды. Мен алар менен Ыйык Китепти изилдөөгө макул болдум». (Энжу, Непал.)

Ушул айтылгандар адам баласынын тубаса рухий муктаждыгы — Кудай жөнүндөгү билимге болгон муктаждыгы — бар экенин тастыктап турат. Иса Машаяктын да: «Рухий муктаждыгын сезгендер бактылуу»,— деп айткан сөзү бар (Матай 5:3). Ал муктаждыкты Кудай гана өзүнүн Сөзү — Ыйык Китеп — аркылуу канааттандыра алат.

Ыйык Китепти кантип изилдесе болот? Аны изилдөөнүн кандай пайдасы бар? Бул суроолордун жообу эмки макалада камтылган.

^ абз. 8 Ыйык Китепте Кудайдын ысымы Жахаба экени айтылат.