Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Өмүр күзү карылык

Өмүр күзү карылык

КАРЫЛЫКТЫН карааны көрүнө баштаганда кандай сезимде болосуңар? Көптөр тынчсызданышат, санаага батышат, атүгүл коркушат. Мындай сезимде болуу табигый эле нерсе, себеби карылык дегенде адамдын оюна шак эле бетине бырыш түшүп, колунун каруусу кетип, эс тутуму начарлап, өнөкөт оорулар менен алышып жатканы келет.

Бирок карылык салмагын баарына тегиз салбайт. Айрымдардын ден соолугу салыштырмалуу жакшыраак болот, акыл-эси да тунук бойдон калат. Башкаларга болсо өнөкөт оорусунан айыгууга же, жок эле дегенде, анын күчөп кетпешине медицинадагы жетишкендиктер жардам берүүдө. Ошонун аркасында кээ бир өлкөлөрдө ден соолугу жакшыргандардын жана узагыраак жашагандардын саны барган сайын өсүүдө.

Карылыктын азабын аз тартабы, көп тартабы, кандай болбосун, көптөр кадырын жоготпой карууну каалашат. Ан үчүн эмне кылыш керек? Бир чети бул кишинин маанайынан, жашоосундагы жаңы баскычка ылайыкташууну канчалык каалаарынан жана кылган аракетинен көз каранды. Анда ушул жагынан жакшы жардам боло турган Ыйык Китептеги айрым жөнөкөй жана пайдалуу кеңештерди карап чыгалы.

ЖӨНӨКӨЙ БОЛГУЛА. «Акылмандык жөнөкөйлөргө мүнөздүү» (Накыл сөздөр 11:2). Бул аяттагы «жөнөкөйлөр» деген сөздү карылыктан улам мүмкүнчүлүгү көп жагынан чектелип калганын түшүнгөн жана ошону моюнга ала билгендерге тиешелүү деп айтууга болот. Бразилияда жашаган 93 жаштагы Чарлз деген карыя: «Көп жашайм десең, карылыктан кача албайсың. Эми убакытты артка түрүп, жаштыкты кайрый албайсың»,— деп таамай айткан.

Бирок жөнөкөй болуу «мен эми карып калдым, эч нерсеге жарабайм» деген маанайда болушубуз керек дегенди билдирбейт. Анткени мындай ой жүгүртүү көңүлдү чөктүрөт. Ыйык Китепте болсо: «Башыңа кыйынчылык түшкөн күнү ындының өчсө, алдан-күчтөн таясың»,— деп айтылат (Накыл сөздөр 24:10). Жөнөкөй кишинин акылмандыгы, кандай жагдайда болбосун, колунан келгенди кылууга аракет кылганынан көрүнөт.

Италиялык 77 жаштагы Корадо: «Машинеңе күч келбесин десең, жол өр тарта баштаганда ылдамдыкты азайтышың керек»,— дейт. Ошо сыяктуу эле, жаш өр тарта баштаганда да айрым нерселерди өзгөртүш керек болот. Маселен, Корадо ата байбичеси экөө кечинде бутун тарта албай калганчалык чарчап калбаш үчүн үй иштерин аз-аздан кылышат. Бразилиялык 81деги Мариан да: «Мен өзүмдү аяганды үйрөндүм, иштеримди эс алып-эс алып жасайм. Мисалы, отуруп алып же жатып алып китеп окуйм, музыка угам. Кыскасы, алыма карап иш кылам»,— деп ой бөлүшөт.

Тең салмактуу болгула

ТЕҢ САЛМАКТУУ БОЛГУЛА. «Аялдар өздөрүн тыкан кийим менен, уят-сыйыттуулук жана акыл-эстүүлүк менен... жасалгалашсын» (1 Тиметей 2:9, 10). Бул аяттагы «тыкан кийим» деген сөз айкашы адептүү жана жарашыктуу кийим дегенди билдирет. Канадалык 74 жаштагы Барбара: «Мен таза, тыкан кийингенге аракет кылам. Карыдым деп эле жүдөп калгым келбейт»,— дейт. Ал эми 91деги бразилиялык Ферн деген апа: «Өзүмдүн көңүлүмдү көтөрүш үчүн кээде-кээде жаңы кийим сатып алам»,— дейт. Бул сөздөрдүн улгайып бараткан эркектерге тиешеси барбы? «Мен дайыма жарашыктуу, таза кийингенди жакшы көрөм. Күнүгө жуунуп-тазаланып, күнүгө сакал-мурутумду алып турам»,— дейт 73 жаштагы бразилиялык Антонио.

Ошол эле учурда сырткы келбетке өтө эле көп маани берүү да акыл-эстүүлүккө жатпайт. Буга байланыштуу түштүк кореялык 69 жаштагы Бокем деген апа: «Мен карылардын жаштардай болуп кийингени орунсуз деп эсептейм»,— дейт.

Оң маанай сактагыла

ОҢ МААНАЙ САКТАГЫЛА. «Санаачылдын бардык күндөрү кайгылуу, ал эми кимдин жүрөгү жайдары болсо, аныкында дайыма той» (Накыл сөздөр 15:15). Жаш өткөн сайын күчкө толуп, тоону тоңкоруп жүргөн күлгүн курагыңарды эстеп ичиңер ачышышы мүмкүн. Бул, албетте, түшүнүктүү. Бирок андай сезимдерге алдырбаганга аракет кылуу керек. Эгер киши өткөндү ойлоп кайгыра берсе, шаабайы сууп, колунан келип турган нерсени да кыла албай калышы мүмкүн. «Мен азыр кыла алган нерселеримди ойлоп кубанам. Мурун кылып жүргөн, бирок азыр дареметим жетпеген нерселерди ойлоп кайгыргым келбейт»,— дейт канадалык 79 жаштагы Жозеф.

Китеп окуу жана бир нерселерди үйрөнүү ой өрүшүңөрдү кеңейтип, оң маанайда болууга жардам берет. Ошондуктан колдон келишинче китеп окугула жана жаңы нерселерди үйрөнгүлө. Алсак, Филиппинде жашаган 74төгү Эрнесто китепканага барып, кызыктуу китептерди окуп турат. Ал: «Мен азыр деле ар кандай кызыктуу окуяларды окуп, китеп дүйнөсүнө саякаттаганды жакшы көрөм»,— дейт. Швециялык 75 жаштагы Ленарт болсо атүгүл жаңы тил үйрөнүүгө бел байлаган.

Берешен болгула

БЕРЕШЕН БОЛГУЛА. «Бергиле, ошондо силерге да берилет» (Лука 6:38). Башкаларга көңүл бөлүүгө жана колдо бар нерсеңер менен бөлүшүүгө умтулгула. Бул силерге канааттануу жана кубаныч тартуулайт. Бразилиялык 85 жаштагы Хоса ден соолугунун начардыгына карабай башкаларга колунан келишинче жардам бергенге аракет кылат. Ал мындай дейт: «Мен ооруп жаткан же көңүлү чөгүп жүргөн досторума телефон чалып же кат жазып турам. Кээде чакан белек берип жиберем. Ошондой эле ооруп жаткандарга тамак же таттуу бир нерсе жасап бергенди жакшы көрөм».

Берешен киши башкаларга да берешен болууга түрткү берет. Швециялык 66 жаштагы Ян: «Башкаларды жакшы көрүп, жылуу мамиле кылсаң, алар да сага ошондой мамиле кылышат»,— дейт. Ырас, март кишинин мамилеси көптөрдүн ичин жылытып, ыраазычылык сезимин туудурат.

ДОСТУК МААНАЙДА БОЛГУЛА. «Башкалардан бөлүнгөн өзүмчүл каалоолоруна жетеленет, акылмандыктын баарына каршы чыгат» (Накыл сөздөр 18:1). Кээде жалгыз болууну каалашыңар мүмкүн, бирок өзүңөр менен өзүңөр болуп калуудан сак болгула. Достору менен убакыт өткөргөндү жакшы көргөн нигериялык 72деги Иносент: «Мага ар кайсы курактагылар менен достошкон жагат»,— дейт. Швециялык 85теги Борже болсо: «Мен жаштар менен көп аралашканга аракет кылам. Жаштардын жалыны жүрөгүмдү жашарткандай сезилет»,— деп ой бөлүшөт. Ошондуктан демилгени колго алып, досторуңарды чайга чакырып тургула. 72деги түштүк кореялык Хансек: «Байбичем экөөбүз бардык курактагы досторубузду, улууларды да, өспүрүмдөрдү да, чогуу эс алганга же тамакка чакырып турабыз»,— дейт.

Достук маанайда болгула

Достук маанайдагы киши дайыма башкалар менен пикир алмашып турат. Пикир алмашуу деген сөз эки тараптын тең иш-аракетин билдиргендиктен, башкаларга жакшы шерик болууга аракет кылгыла жана кишиге чын дилден көңүл бургула. Мозамбикте жашаган 71деги Хелена: «Мен башкаларга жакшы мамиле кылып, урмат-сый көрсөткөнгө аракет кылам жана кимдир бирөөнүн көз карашын же эмнени жактырарын билиш үчүн, аны кунт коюп угам»,— дейт. Ал эми бразилиялык 73төгү Жозе мындай дейт: «Ким да болсо кишинин оюн дит коюп уккан, ага чын дилден кызыккан, түшүнүктүү, керектүү учурда мактай билген жана тамашалаша билген адам менен дос болгусу келет».

«Сөзүңөр дайыма жагымдуу... болсун» (Колосалыктар 4:6). Башкалардын сезимин түшүнө билгиле жана сөзүңөр кишиге дем-шык бергидей болсун.

ЫРААЗЫ БОЛО БИЛГИЛЕ. «Дайыма ыраазы болгула» (Колосалыктар 3:15). Бирөөлөр кандайдыр бир жардам бергенде, ыраазычылык билдиргенди унутпагыла. Мунун аркасында достук мамилеге жол ачылат. «Жакында эле жолдошум экөөбүз башка үйгө көчкөнбүз. Ошондо досторубуз аябай жардам берди. Алардын баарына тийиштүү түрдө ыраазычылык билдире албай калгандыктан, ыраазычылыгыбызды билдирип кат жаздык. Айрымдарын болсо тамакка чакырдык»,— дейт 74төгү канадалык Мэри-Пол. Түштүк кореялык 76дагы Жи-Вон болсо аны Жахабанын Күбөлөрүнүн жыйналышына алып барып тургандар жөнүндө: «Мен алардын жардамына аябай ыраазымын. Ошондуктан машиненин майына деп акча, кээде болсо бир-эки ооз сөз жазып, чакан белек берип турам»,— дейт.

Эң негизгиси, өмүрдүн өзүн баалап, ыраазы боло билгиле, анткени Ыйык Китепте «өмүрдүн булагы сенде [Кудайда]» деп жазылгандай, өмүр — бул Кудайдын белеги (Забур 36:9). Ооба, оң маанай сактап, жашоодогу өзгөрүүлөргө ылайыкташууга аракет кылсаңар, кадырман карылардан болосуңар.

Ыраазы боло билгиле