Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

МУКАБАДАГЫ ТЕМА | КУДАЙ СОГУШКА КАНДАЙ КАРАЙТ?

Кудай согушка кандай карайт? Биринчи кылымдагы мисал

Кудай согушка кандай карайт? Биринчи кылымдагы мисал

Ысрайылдыктар мүңкүрөп, кыйналып турган кез эле. Байыркы учурдагы ата-бабаларына окшоп, алар да Кудайга жалбарышкан. Бул жолу аларга Рим империясы үстөмдүк кылып турган. Ошондо алар Иса жөнүндө угуп калышат. Ал чын эле келери алдын ала айтылган Машаяк беле? Көптөрдүн Ысрайылды римдиктердин эзүүсүнөн «куткара турган ошол деп үмүттөнүп жүргөнү» таң калыштуу эмес (Лука 24:21). Бирок алар күткөндөй болгон эмес. 70-жылы Рим аскерлери Иерусалимге келип, шаардын да, ибадаткананын да таш талканын чыгарышкан.

Эмне үчүн андай болгон? Эмне себептен Кудай мурункудай болуп ысрайылдыктар үчүн согушкан эмес? Же эмне үчүн ал аларга өздөрүнүн азаттыгы үчүн согушууну буйрук кылган эмес? Анын согушка карата ою өзгөргөнбү? Жок, анын ою эмес, ысрайылдыктар өзгөргөн. Алар Кудайдын Уулу Исаны Машаяк катары кабыл албай коюшкан (Элчилер 2:36). Ошондуктан Кудай менен болгон мамилеси бузулуп, анын эли болбой калышкан (Матай 23:37, 38).

Ошондон тартып Кудай ысрайылдыктарды жана алардын жерин коргобой калган. Андыктан согуша турган болсо, Кудай аларды колдомок эмес. Иса Машаяк алдын ала айткандай, Кудайдын батасына эми алар эмес, Ыйык Китепте «Кудайдын Ысрайылы» деп аталган жаңы эл ээ болмок (Галатиялыктар 6:16; Матай 21:43). Ал элди Кудайдын ыйык руху менен дайындалгандар, Исанын жолдоочулары, түзгөн. Баса белгилечү нерсе, Ыйык Китепте 1-кылымда «Кудайдын элисиңер» деп ошолорго карата айтылган (1 Петир 2:9, 10).

Исанын жолдоочулары кудайдын эли болуп калгандыктан, Кудай алар үчүн согушуп, римдиктердин эзүүсүнөн куткарганбы? Же аларга римдиктер менен согушууга буйрук кылганбы? Жок. Буга чейин айтылгандай, Кудайдын буйругу менен болгон согуштардын качан жүргүзүлүшү керектигин Кудай өзү чечкен. Ал Исанын 1-кылымдагы жолдоочулары үчүн согушкан да эмес, аларга согушууга укук берген да эмес. Мындан Кудайдын ыймансыздыкка, жамандыкка каршы согушууну 1-кылымда туура көрбөгөнүн билүүгө болот.

Байыркы ысрайылдыктарга окшоп, Исанын жолдоочулары ыймансыздык менен кысымчылыкты Кудай өзү токтото турган убакытты күтүшү керек болгон. Ага чейин алардын душмандары менен согушууга укугу жок болчу. Муну Иса Машаяктын окуткандарынан так-даана түшүнүүгө болот. Ал өзүнүн жолдоочуларын согушкула деп эмес: «Душмандарыңарды сүйгөнүңөрдү жана силерди куугунтуктагандар үчүн тиленгениңерди токтотпогула»,— деп окуткан (Матай 5:44). Ал эми Иерусалим шаарынын Рим аскери тарабынан талкалана турганын алдын ала айтканда шакирттерине шаарда калып, алар менен согушушу керектигин эмес, качып кетиши керектигин айткан. Кийин алар так ошондой кылышкан (Лука 21:20, 21).

Элчи Пабыл да бир нече кылым мурун Лебилер 19:18де жана Мыйзам 32:35те жазылган сөздөрдү кайталап: «Эч кимден өч албагыла... Анткени Ыйык Жазмада: „“Өч меники, тиешесин мен берем”,— дейт Жахаба“,— деп жазылган»,— деп жазган (Римдиктер 12:19). Мурунку макалада түшүндүрүлгөндөй, Кудай байыркы учурда өз элине душмандары менен согушууга жардам берип, алар үчүн өч алган. Демек, элчи Пабылдын сөздөрүнөн Кудайдын согушка карата ою өзгөрбөгөнүн билүүгө болот. Кудай 1-кылымда деле ыймансыздыкты, кысымчылыкты токтотуунун жана өз эли үчүн өч алуунун мыйзамдуу жолу согуш жүргүзүү деп эсептеген. Бирок, байыркы учурдагыдай эле, андай согушту качан жана ким жүргүзөрүн өзү чечкен.

Кудай Исанын 1-кылымдагы жолдоочуларына согушууга укук бербегени айдан ачык. Ал эми биздин күндөр тууралуу эмне деп айтууга болот? Кудай азыр кайсы бир элдин согуш жүргүзүшүн туура көрөбү? Же өзүнүн кызматчыларын коргош үчүн өзү согуш жүргүзөбү? Ал азыркы согуштарга кандай карайт? Бул суроолорго акыркы макаладан жооп ала аласыңар.