Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

АЛАРДАН ҮЛГҮ АЛГЫЛА | ЭНОХ

«Кудайга жаккан» адам

«Кудайга жаккан» адам

ЭНОХ узак өмүр сүргөн. Балким, азыр бизге элестетиш кыйындыр, бирок Энох 365 жылдай — бүгүнкү күндөгү адамдардын өмүр жашынан 4 эсе узак — жашаган. Ошентсе да ал карыя эмес болчу, замандаштарынан да картаң көрүнчү эмес. Ал кезде, мындан 50 кылымдан ашык убакыт мурун, адамдардын өмүрү абдан узун болчу. Энох төрөлгөндө, Адам атанын жашы 600дөн ашып калган жана андан кийин да 3 кылым өмүр сүргөн. Адам атанын урпактарынын айрымдары андан да көп жашаган. Ошо себептен Энохту, 365 жашта болсо да, күчкө толуп турган, тоону томкоро алган эр жигит болгон деп айтууга болот. Бирок анын өмүр жашы андан узакка созулган эмес.

Энохтун өмүрү кылдын учунда турган. Ошол учурдагы окуяны элестетип көрсөк. Энох жаалданган элдин элеси көз алдынан кетпей, буту-бутуна тийбей качып баратат. Ал жаңы эле аларга Кудайдын өкүмүн айткан болчу, бирок алар кулак каккандын ордуна, каары кайнап чыккан эле. Энохту жек көргөн ал эл анын айткандарын такыр уккусу келбей, атүгүл аны жиберген Кудайына наалат айтышкан. Албетте, Энохтун Кудайына алардын алы жетпейт дечи, бирок анын кишисинин көзүн тазалоо колдон келет! Ошондо Энох, балким, үй-бүлөсүн экинчи көрбөй калышы мүмкүн экенин ойлогондур. Жубайы, кыздары, уулу Матушал, небереси Лемек оюна түшкөндүр (Башталыш 5:21—23, 25). Чын эле ошону менен баары бүтмөк беле?

Энох — Ыйык Китептеги анча белгилүү эмес инсандардын бири. Ал жөнүндө Ыйык Китептин үч эле жеринде айтылат (Башталыш 5:21—24; Еврейлер 11:5; Жүйүт 14, 15). Бирок анын Кудайга бекем ишенген адам болгонун билгенге ошол эле маалымат жетиштүү. Силер да үй-бүлөлүүсүңөрбү? Туура экенине ишенген нерсеңерди жактап жатып оор абалга туш болдуңар беле? Эгер ошондой болсо, ишеними күчтүү болгон Энохтон көп нерсени үйрөнө аласыңар.

«ЧЫНЫГЫ КУДАЙДЫН ЖОЛУНДА ЖҮРГӨН»

Энох төрөлгөн маалда адамдар аябай бузулуп кетишкен. Ал муун Адам атадан тартып эсептегенде, жетинчи муун болгон. Ошол учурда адамзат Адам ата менен Обо эне айрылып калган жеткилеңдикке жакыныраак болчу. Ошондуктан адамдар узак жашаган. Бирок алар чыныгы Кудайдан алыстап, адеп-ахлактыгы төмөндөп кеткен жана зордук-зомбулук кулач жайган. Адамдар жаман жолго Адам атанын уулу Кабыл иниси Абылды өлтүргөндөн тартып эле түшө баштаган. Кабылдын тукумдарынын бири атүгүл өзүнүн Кабылдан өткөн мыкаачы, кекчил болгонуна сыймыктанган өңдөнөт. Адам атадан тартып эсептегенде үчүнчү муундун доорунда жамандыктын дагы бир түрү күч алган. Адамдар «Жахаба» деген ысымды чакыра башташкан, бирок кастарлап сыйынуу максатында чакырышкан эмес. Кыязы, алар кесирленип, Кудайдын ыйык ысымына акарат кыла башташкан (Башталыш 4:8, 23—26).

Энохтун күндөрүндө, кыязы, жалган дин кеңири жайылган. Чоңоюп эр жеткенде Энохко көпчүлүк бараткан жолго түшөбү же асман-жерди жараткан чыныгы Кудай Жахабага сыйынабы, эки жолдун бирин тандоого туура келген. Анын Жахабага жаккандай сыйынганы үчүн киши колдуу болуп өлгөн Абыл жөнүндө жакшы билгени күмөнсүз. Ошо себептен Энох да Жахабага жакканды кылууну чечкен. Башталыш 5:22де: «Энох чыныгы Кудайдын жолунда... жүргөн»,— деп жазылган. Бул сөздөрдөн Кудайдан коркпогон ыймансыз адамдардын арасында жашаган Энохтун Жахаба Кудайга бекем ишенгенин билүүгө болот. Ыйык Китепте ишеними күчтүү инсандар жөнүндө айтылганда эң биринчи Энохтун аты аталат.

Ошол эле аятта уулу Матушал төрөлгөндөн кийин да Энохтун Жахабанын жолунан чыкпаганы айтылат. Демек, ал 65 жашка чыкканга чейин эле үй-бүлө курган деп болжолдоого болот. Ыйык Китепте анын зайыбынын аты ким болгону, канча уул-кыздуу болгону айтылбайт. Үй-бүлөсү Кудайдын жолунан чыкпай жүрүшү үчүн Энох бүт күчүн жумшаганына шек жок. Ал, Жахабанын эркине ылайык, алган жарына берилгендик сакташы керектигин да жакшы түшүнгөн (Башталыш 2:24). Ошондой эле бала-чакасына Жахаба жөнүндө көп айтып бергенинен күмөн санабасак болот. Анын кылганынын акыбети кайтканбы?

Ыйык Китепте буга байланыштуу көп деле маалымат жок. Анын уулу Матушалдын Кудайга канчалык ишенгени жөнүндө эч нерсе айтылбайт, болгону, анын баарынан эң узак жашап, Топон суу болор жылы көз жумганы жазылган. Бирок анын Лемек аттуу уулу Кудайга бекем ишенген адам болуп чоңойгон. Ал чоң атасы Энох менен 1 кылымдан ашык замандаш болгон. Жахаба ал аркылуу анын уулу Нух пайгамбарга байланыштуу пайгамбарлык сөздү айттырган. Ал кийин чын эле аткарылган. Нух да, чоң чоң атасы Энохтой болуп, Кудайдын жолунда жүргөн. Нух пайгамбар Энохту көргөн эмес, бирок Энох ага эң сонун мурас калтырган, тактап айтканда, эң сонун үлгү көрсөткөн. Нух ал тууралуу атасы Лемектен же чоң атасы Матушалдан, же болбосо Энохтун атасы Жареттен укса керек. Жарет Нух пайгамбар 366 жашка чыкканда каза болгон (Башталыш 5:25—29; 6:9; 9:1).

Энох Адам атадан канчалык айырмаланганын ойлонуп көрсөңөр. Адам ата жеткилең болсо да Жахабага каршы чыккан жана урпактары анын айынан азапка малынган. Ал эми Энох жеткилең эмес болсо да Кудайдын жолунда жүргөн жана Кудайга ишенүү жагынан урпактарына эң сонун үлгү калтырган. Энох 308 жашка келгенде, Адам ата көз жумган. Ошондо анын урпактары өзүмчүл түпкү атасын жоктоп ыйлашты беле? Муну так айта албайбыз. Энох, кандай болбосун, «чыныгы Кудайдын жолунда жүргөн» (Башталыш 5:24).

Эгер үй-бүлөлүү болсоңор, Энохтон кандай үлгү ала аларыңарды карап көрөлү. Албетте, үй-бүлөңөрдүн муктаждыгына кам көрүү зарыл дечи, бирок үй-бүлөңөргө Кудайды таанып-билүүгө жардам берүү баарынан маанилүү (1 Тиметей 5:8). Муну сөзүңөр менен эле эмес, ишиңер менен да кыла аласыңар. Эгерде, Энохтой болуп, Кудайдын талаптарын аткарып, ага жаккыдай жашасаңар, силер да үй-бүлөңөргө эң сонун мурас калтырасыңар.

«ПАЙГАМБАРЛЫК КЫЛГАН»

Кудайга бекем ишенген Энох ыймансыз адамдардын арасында жалгызсыраса керек. Муну анын Кудайы Жахаба көрдү беле? Ооба. Бир күнү Кудай ишенимдүү кызматчысы Энохту пайгамбар кылып тандап, элге жарыялашы керек болгон кабарын айткан. Ошентип, Энох айткан кабары Ыйык Китепке жазылган пайгамбарлардын биринчиси болуп калган. Муну ошондон бир канча кылым өткөндөн кийин Иса пайгамбардын жатындаш бир тууганы Жүйүттүн Кудайдын рухунун жетеги менен жазган сөздөрүнөн биле алабыз *.

Энох эмне тууралуу пайгамбарлык кылган? Ал: «Мына, Жахаба түмөндөгөн ыйык периштелери менен келди. Ал баарын соттоп, ыймансыз күнөөкөрлөрдү ыймансыздык менен жасаган бардык иштери жана Ага каршы айткан үрөй учурарлык бардык сөздөрү үчүн ашкерелейт»,— деген (Жүйүт 14, 15). Бул жерде Энохтун окуяны болуп өткөндөй кылып айтканына көңүл бурсаңар. Андан кийинки көптөгөн пайгамбарлар да келечекте боло турган нерсени өткөн чакта жазышкан. Энох пайгамбар Кудайдын өкүмү сөзсүз ишке ашарынан эч күмөн санабагандыктан боло элек нерсени болгондой кылып айткан (Ышая 46:10).

Энох ыймансыз адамдарга Кудайдын өкүмүн жарыялаган

Энохко Кудайдын өкүмүн жарыялоо оңой болбосо керек. Анткени ал элдин ушунчалык бузулганын, жаман иштерин ашкерелеш үчүн «ыймансыз күнөөкөрлөр», «ыймансыздык менен жасаган бардык иштери», «үрөй учурарлык бардык сөздөрү» деген күчтүү сөздөрдү колдонгонуна көңүл бурсаңар. Бул пайгамбарлык сөз Адам ата менен Обо эне бейиш багынан куулуп чыккандан кийинки уламдан-улам бузулуп бараткан адамдардын баарына эскертүү болгон. Ал ыймансыз дүйнө Жахаба аны жок кылыш үчүн аскердик тартипте тизилген, күч-кубаттуу «түмөндөгөн ыйык периштелери менен келгенде» талкаланмак. Жалгыз болгонуна карабай, Энох Кудайдын эскертүүсүн кайраттуулук менен жарыялаган. Ошол кезде жаш болгон Лемек, балким, эр жүрөк чоң атасына аябай суктанса керек. Эгер суктанган болсо, эмне үчүн экени айтпаса да түшүнүктүү.

Энохтун үлгүсү: «Азыр биз жашап жаткан дүйнөгө Кудай карагандай карап жатамбы?» — деп ойлонгонго түрткү бериши абзел. Энох тайманбастык менен жарыялаган өкүм биздин күндөргө да тиешелүү. Жахаба, Энох эскерткендей, Нух пайгамбардын тушунда ыймансыз дүйнөнү Топон суу менен тазалаган. Бирок ал келечекте боло турган улуу алааматтын көлөкөсү болгон (Матай 24:38, 39; 2 Петир 2:4—6). Байыркы убакта өкүмүн ишке ашыргандай эле, Кудай жакында «түмөндөгөн ыйык периштелери менен келип», азыркы ыймансыз дүйнөнү соттойт. Андыктан ар бирибиз Энох пайгамбардын эскертүүсүнө терең маани берип, аны башкаларга да айтышыбыз керек. Балким, үй-бүлөбүз, досторубуз биз тарапта эместир. Андайда кээде жалгызсыраган учурларыбыз болот. Бирок Жахаба, Энохту таштап койбогондой эле, бүгүнкү күндөгү ишенимдүү кызматчыларын да эч качан таштабайт.

«ӨЛҮМДҮ КӨРБӨШҮ ҮЧҮН АЛЫНЫП КЕТКЕН»

Энох акырында эмне болгон? Айта кетчү нерсе, Энохтун жашоосунан да, өлүмү ары сырдуу, ары табышмактуу бойдон калган. Ыйык Китептин Башталыш деген китебинде: «Ал чыныгы Кудайдын жолунда жүргөн. Анан аны Кудай алып кеткендиктен, кийин аны эч ким көргөн эмес»,— деп жазылган (Башталыш 5:24). Кудай Энохту кандайча алып кеткен? Элчи Пабыл кийинчерээк мындай деп түшүндүргөн: «Ишенимдин аркасында Энох өлүмдү көрбөшү үчүн алынып кеткен. Аны Кудай алып кеткендиктен, эч жерден табылган эмес. Бирок алынып кетерден мурун ага Кудайга жаккандыгы күбөлөндүрүлгөн» (Еврейлер 11:5). Элчи Пабылдын «өлүмдү көрбөшү үчүн алынып кеткен» деген сөздөрү эмнени билдирет? Ыйык Китептин айрым котормолорунда Кудайдын Энохту асманга алып кеткени айтылат. Бирок андай болушу мүмкүн эмес. Анткени Ыйык Китептен Иса Машаяк гана тирилгенден кийин биринчилерден болуп асманга кеткенин билебиз (Жакан 3:13).

Анда Энох кандай мааниде «өлүмдү көрбөшү үчүн алынып кеткен»? Жахаба, сыягы, аны өмүрдөн өлүмгө акырын гана өткөрүп койгон. Башкача айтканда, аны мыкаачылык менен өлтүргүсү келген адамдардан сактап калып, кыйналбай көз жума тургандай кылып койгон. Бирок Энох өлгөнгө чейин «ага Кудайга жаккандыгы күбөлөндүрүлгөн». Бул эмнени билдирет? Энох өлөр алдында, Кудай, калыбы, ага аян берип, жердин бейишке айланганын көрсөткөн. Энох ошол ажайып көрүнүштөн Кудайга жакканын түшүнгөн да, акырын өлүм уйкусуна кеткен. Элчи Пабыл Энох жана башка ишенимдүү эркек-аялдар жөнүндө жазганда: «Булардын баары ишенимин сактап өлүшкөн»,— деген (Еврейлер 11:13). Энох өлгөндөн кийин, мүмкүн, душмандары анын сөөгүн издегендир. Бирок ал «эч жерден табылган эмес». Жахаба, кыязы, эл Энохтун өлүгүн маскаралабашы же жалган динди жайылтуу үчүн колдонбошу үчүн анын сөөгүн жашырып койгон *.

Келгиле анда, Ыйык Китепте айтылгандардын негизинде Энохтун көз жумар алдындагы учурду элестетип көрөлү. Албетте, бул жөн гана божомол экенин эстен чыгарбаганыбыз абзел. Дем жетпей күйүгүп калган Энох жан алакетке түшүп качып баратат. Аны ачуусу шакардай кайнап чыккан, өлтүргөндөн кайра тартпаган жаалдуу топ кууп келаткан болчу. Энох бир далдаа жерге жетип жашынат да, бир аз демин басат. Бирок качып кутулуп кете албасын эң сонун түшүнүп турат. Куугунчулар мына-мына жетип келип, мыкаачылык менен кыйнап өлтүрөрү айдан ачык. Энох энтиккенин бир азга басып, Кудайынан тиленет. Ошондо жан дүйнөсүнө тынчтык орнойт. Анан өңүндө болуп жаткандай аянга сүңгүп кирет.

Кудай алып кетпегенде, Энохту, балким, мыкаачылык менен өлтүрүшмөк

Энох аяндан таптакыр башкача бир дүйнөнү көргөнүн элестетсеңер. Ал бейиш багындагыдай кооз бакты көрөт, бирок бактын оозунда адамдарды киргизбей кайтарып турган периштелер жок. Бактын ичинде ден соолугу чың, күлгүн курактагы эркек-аялдар жер жайнайт. Айлана мемиреген тынчтыкка бөлөнгөн. Зордук-зомбулуктун, диний кастыктын изи да жок. Энох ошол учурда Жахабанын аны жактырарын, сүйөрүн жана колдоорун жүрөгү менен туят. Ал өзү да бейпилдик өкүм сүргөн ушундай жерде, ушундай элдин арасында жашай турганын түшүнөт. Анан жүрөгүндөгү тынчтык айтып жеткире алгыс мемиреген бейкуттукка айланат да, Энох көзүн жуумп, терең уйкуга кетет.

Энох бүгүнкү күнгө чейин өлүм уйкусунда жатат. Жахаба Кудай аны чексиз эс тутумуна сактап койгон. Жер бети кооз бейишке айланган, тынчтык өкүм сүргөн заманда Кудайдын эс тутумундагы адамдардын баары Машаяктын үнүн угуп, тирилип, мүрзөлөрдөн чыга турган күн келет (Жакан 5:28, 29).

Силер да ошондой заманда жашагыңар келеби? Энох тирилгенде ага жолукканыңарды элестетип көрсөңөр. Ал бизге көптөгөн кызыктуу нерселерди айтып берет болуш керек. Ошондо Энохтун өлөр алдында чынында эмне болгонун өз оозунан угабыз. Бирок биз азыр андан үйрөнүшүбүз зарыл болгон маанилүү бир нерсе бар. Элчи Пабыл Энох жөнүндө айткандан кийин: «Ишеним болбосо, Кудайга жагуу мүмкүн эмес»,— деген (Еврейлер 11:6). Мына ошондуктан ар бирибиз Кудайга бекем ишенген, эр жүрөк Энохтой болгонго умтулушубуз керек.

^ 14-абз. Ыйык Китепти изилдеген окумуштуулардын айрымдары Жүйүт «Энохтун китеби» деп аталган апокрифтик эмгектен цитата кылган дешет. Бирок ал — уламыштар жазылган, негизсиз түрдө Энохко таандык деп эсептелген ким, качан жазганы белгисиз эмгек. Ырас, ал эмгекте Энохтун пайгамбарлык сөзү тууралуу айтылып өткөн, бирок ал маалымат биздин күндөргө чейин сакталбай калган жазуу же оозеки түрүндөгү эски булактардан алынышы ыктымал эле. Жүйүт Энох тууралуу, балким, ошондой эски булактардан же баарына асмандан күбө болгон Иса пайгамбардан билиши мүмкүн болчу.

^ 20-абз. Жахаба Муса пайгамбар менен Иса пайгамбардын да сөөгүн, сыягы, эл ушундай максатта колдонбошу үчүн, эч ким таппагыдай кылып койгон (Мыйзам 34:5, 6; Лука 24:3—6; Жүйүт 9).