Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

ИНДОНЕЗИЯ

Жахаба батасын биз күткөндөн да мол төктү!

Ангераго Хайэ

Жахаба батасын биз күткөндөн да мол төктү!
  • ТУУЛГАН ЖЫЛЫ: 1957

  • ЧӨМҮЛГӨН ЖЫЛЫ: 1997

  • КЫСКАЧА ТАРЖЫМАЛЫ: Мекенине, алыскы Ниас аралына, кайтып барып, Падышалык залын курууга жардам берген.

БИЗ, Тугала Ойодогу чакан жыйналыш, 2013-жылы айылга Падышалык залы салынарын укканда төбөбүз көккө жете сүйүндүк! Жергиликтүү бийликтен курулушка уруксат алдык, 60 кошунабыз да кол коюп берди. Бир кошунабыз: «200 кишинин колу керек десеңер, айткыла, койдуруп беребиз»,— дешти.

Долбоорду Падышалык залдарын куруп жүргөн эки тажрыйбалуу бир тууган жетектеди. Ошентип, Падышалык залыбыз 2014-жылдын ноябрында курулуп бүттү. Ушундай сонун залыбыздын болору үч уктасак да түшүбүзгө кирген эмес. Ооба, Жахаба батасын биз күткөндөн да мол төктү!