Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

13-САБАК

Жакып менен Эйсап элдешкен

Жакып менен Эйсап элдешкен

Жахаба Ыбрайымды жана Ыскакты коргогондой эле, Жакыпты да коргоорун убада кылган. Жакып Харан деген жерде жашап, ошол жактан үйлөнгөн. Анын үй-бүлөсү чоң болгон. Ал абдан байыган.

Жахаба бир күнү Жакыпка: «Туулган жериңе кайтып бар»,— деген. Ошентип, Жакып үй-бүлөсү менен узак жолго аттанган. Жолдон кызматчылары ага: «Агаң Эйсап 400 кишиси менен сени көздөй келе жатат»,— деп айтып келишкен. Ошондо Жакып үй-бүлөсүн ойлоп, корко баштаган. Ал Жахабага: «Агамдан мени сактай көр»,— деп жалбарган. Жакып эртеси Эйсапка белек катары көп кой, эчки, уй, төө, эшек жөнөтүп жиберген.

Ошол түнү Жакып жалгыз калганда, периште келип, аны менен күрөшө баштаган. Экөө таң аткыча күрөшүшкөн. Жакып жамбашын кокустатып алса да, эч багынган эмес. Периште ага: «Мени коё бер»,— деген. Ошондо Жакып: «Мага батаңды бермейинче, коё бербейм»,— деп айткан.

Акырында периште Жакыпка батасын берген. Ошондо Жакып Жахабанын аны Эйсаптан сактаарын түшүнгөн.

Ошол күнү эртең менен Жакып алыстан Эйсаптын 400 кишиси менен келатканын көргөн. Ал үй-бүлөсүнүн алдына түшүп, бир тууганына жеткиче жети жолу жерге чейин ийилип таазим кылган. Эйсап болсо чуркап келип, аны кучактап калган. Анан экөө тең ыйлап, элдешишкен. Жакып ушундай кылганда, Жахаба кандай сезимде болгон деп ойлойсуң?

Андан соң Эйсап өз үйүнө кайткан, Жакып болсо жолун андан ары улаган. Ал 12 уулдуу болгон. Алар: Рубейин, Шымон, Леби, Жүйүт, Дан, Напталы, Гат, Ашыр, Исахар, Забулун, Жусуп, Бенжемин. Жахаба анын Жусуп деген уулу аркылуу өз элин сактап калган. Кантип сактап калганын билесиңби? Бул жөнүндө кийинки бөлүмдөн окуйбуз.

«Душмандарыңарды сүйгөнүңөрдү жана силерди куугунтуктагандар үчүн тиленгениңерди токтотпогула. Ошондо асмандагы Атаңардын уулдары болосуңар» (Матай 5:44, 45)