Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

27-БӨЛҮМ

«Оо, анын жакшылыкчылдыгы кандай зор!»

«Оо, анын жакшылыкчылдыгы кандай зор!»

1, 2. Жахабанын жакшылыкчылдыгы канчалык кеңири көрсөтүлөт жана Ыйык Китепте бул сапат тууралуу эмне деп айтылат?

ЭСКИ достор жаратылышка чыгып, кызарып батып бараткан күнгө суктана карап, дасторкон үстүндө көңүлдүү пикирлешип отурушат. Жердин бөлөк бурчунда дыйкан талаасына көз чаптырып жылмаюуда, анткени асманды калың кара булут каптап, сууга чаңкаган жерге жаандын алгачкы тамчылары тама баштады. Дагы бир жерде болсо жубайлар жаңыдан там-туң баскан баласын көрүп сүйүнүшүүдө.

2 Ушул адамдардын бардыгы билип да, билбей да Жахаба Кудайдын жакшылыкчылдыгынан пайда алып жатышат. Кудайга ишенген адамдар: «Кудай жакшылыкчыл»,— деп көп айтышат. Ыйык Китепте бул ой: «Оо, анын жакшылыкчылдыгы кандай зор!» — деп көркөмүрөөк берилет (Захария 9:17, СК). Бирок бул сөздүн чыныгы маанисин аз эле адам түшүнөт көрүнөт. Жахаба Кудайдын жакшылыкчыл экендиги эмнени билдирет жана Анын бул сапаты ар бирибизге кандай таасир этет?

Кудайдын сүйүүсүнүн тутумуна кирген өзгөчө сапат

3, 4. Жакшылыкчылдык деген эмне жана эмне үчүн Жахабанын жакшылыкчылдыгы, негизинен, анын сүйүүсүн чагылдырат?

3 Ыйык Китепте жакшылыкчылдык боорукердикти, жакшылык кылууга жана изгиликке умтулгандыкты билдирет. Жахаба аябай жакшылыкчыл десек да болот. Анын бардык сапаттары, алардын ичинде күчү, адилеттүүлүгү жана акылмандыгы да жакшылыкчылдык менен көрсөтүлөт. Ушундай болсо да, жакшылыкчылдык, негизинен, Жахабанын сүйүүсүн чагылдырат. Эмне үчүн?

4 Жакшылыкчылдык жакшы иштер аркылуу көрсөтүлөт. Элчи Пабыл белгилегендей, адамдар бул сапатты адилдиктен да жогору баалашат (Римдиктерге 5:7). Адил адам мыйзам талап кылгандын бардыгын аткарат, а жакшылыкчыл андан да көптү кылат. Ал демилгени колго алып, башкаларга кандайдыр бир жакшылык кылууга аракеттенет. Жахаба ушундай мааниде жакшылыкчыл. Андай жакшылыкчылдык Жахабанын чексиз сүйүүсүнөн келип чыгат.

5—7. Ыйса эмне үчүн «Жакшылыкчыл Устат» деп аталуудан баш тарткан жана кандай маанилүү чындыкты айкын кылган?

5 Жакшылыкчылдык көрсөтүү жагынан Жахабага эч ким тең келе албайт. Ыйсанын өлүмгө кыйыларына аз калганда, бир киши ага «Жакшылыкчыл Устат» деп кайрылып, суроо берет. Ага Ыйса: «Мени эмне үчүн жакшылыкчыл деп атап жатасың? Бир Кудайдан башка эч ким жакшылыкчыл эмес»,— деп айткан (Марк 10:17, 18, «ЖД»). Ыйсанын жообу сени да таң калтырышы ыктымал. Эмне үчүн Ыйса ал адамды тууралап койгон. Ыйса «Жакшылыкчыл Устат» эмес беле?

6 «Жакшылыкчыл Устат» деген наамды колдонуп кайрылуу менен ал Ыйсага жагынгысы келген көрүнөт. Ыйса жөнөкөйлүк көрсөтүп, жакшылыкчылдыктын өзү болгон асмандагы Атасын даңктаган (Накыл сөздөр 11:2). Ошону менен бирге, ал маанилүү бир чындыкты — жакшылыкчылдык нормаларын Жахаба гана бекитерин — айкын кылган. Эмне жакшы, эмне жаман экенин чечүүгө Жахаба гана укуктуу. Адам менен Обо жакшылык менен жамандыкты билдире турган дарактын жемишинен жеп, Кудайдын мыйзамын бузуу менен бул укукту өздөрүнө ыйгарууга аракеттенишкен. Ыйса болсо, алардан айырмаланып, жамандык менен жакшылык нормаларын аныктоо укугун момундук менен Атасында калтырган.

7 Андан сырткары, Ыйса бардык жакшы нерсенин булагы Жахаба экенин билчү. Жахаба — «ар кандай жакшы нерсе, ар кандай жеткилең белек» Берүүчү (Жакып 1:17). Анда эмесе, Жахабанын жакшылыкчылдыгы анын марттыгы аркылуу кандайча көрсөтүлөрүн карап көрөлү.

Жахабанын аябай жакшылыкчыл экенинин далилдери

8. Жахаба адамзатка жакшылыкчылдыгын кандайча көрсөтөт?

8 Жахабанын жакшылыкчылдыгын сезип көрбөгөн бир да адам жок. Забур 144:9да: «Теңир бардыгына ырайымдуу [«жакшылыкчыл», СК]»,— деп айтылат. Анын бардыгын кучагына алган жакшылыкчылдыгы кандайча көрсөтүлөт? Ыйык Китепте Жахаба тууралуу: «Ал жакшы иштери аркылуу Өзү жөнүндө күбөлөндүргөнүн токтоткон эмес: Ал силерге асмандан жамгыр жаадырып, түшүм берип, тамак-аш менен камсыз кылып, жүрөгүңөрдү кубанычка толтуруп келген»,— деп айтылат (Элчилер 14:17). Даамдуу тамак жегениңде кандай ыракат аларыңды ойлоп көрчү. Жахаба жакшылыкчылдыгынан улам Жер планетасында тузсуз суунун түгөнбөшүнө кам көргөн жана тамак-аш болуучу түрдүү өсүмдүктөрдүн өсүшүнө өбөлгө түзгөн түшүмдүү мезгилдерди белгилеген. Ал жакшылыкчылдыгын өзүн сүйгөндөргө эле эмес, бардык адамдарга көрсөтөт. Ыйса: «Ал Өз күнүн жаманга да, жакшыга да тийгизип, жамгырын адилеттүүгө да, адилетсизге да жаадырат»,— деп айткан (Матай 5:45).

Жахаба бизге «асмандан жамгыр жаадырып, түшүм берип» жатат.

9. Алма Кудайдын жакшылыкчыл экенин кандайча күбөлөндүрүп турат?

9 Күн, жаан, түшүмдүү мезгил сыяктуу Кудайдын марттыгын чагылдырган көптөгөн кубулуштар мезгил-мезгили менен жана дайыма болуп тургандыктан, көптөр аларга анча деле маани беришпейт. Мисалга алманы алып көрөлү. Ал мелүүн климаттуу жерлерде жакшы өсөт. Алма аябай кооз, даамдуу, ширелүү жана организмге керектүү заттарга бай. Дүйнө жүзү боюнча анын кызыл, сары, жашыл жана алтын түстүү, ошондой эле көлөмү чоң алчаныкындай же грейпфруттукундай болгон 7 500гө жакын сорту бар экенин билчү белең? Алманын уругу кымындай эле болот, бирок андан эң сонун бактардын бири өсүп чыгат (Ырдын ыры 2:3). Жазында ал жыпар жыттанып ак-кызгылт болуп гүлдөп, күзүндө түшүм берет. Алма дарагы 75 жылга чейин жашайт. Бир түптөн жыл сайын орто эсеп менен 20 килограммдык 19 жашик алма алууга болот!

Ушул уруктан ондогон жылдар бою түшүм берип, адамдарды кубандырган дарак өсүп чыгат.

10, 11. Сезүү органдарыбыз Кудайдын жакшылыкчыл экенин кандайча далилдеп турат?

10 Жахаба чексиз жакшылыкчылдыгынан улам денебизди «таң каларлык» кылып жаратып, жаратууларынын кереметтүү экенин сезүүдөн ыракат алышыбыз үчүн бизге керектүү сезүү органдарын берген (Забур 138:14). Ушул бөлүмдүн кириш сөздөрүн эстесең. Андай учурларда адамды эмне суктандырат? Күлүп турган баланын жүзү, көптөн күткөн нөшөрлөгөн жамгыр, көздүн жоосун ала кызарып батып бараткан күн. Адамдын көзү 300 000ден ашуун түстү айырмалай алат! Ал эми кулагыбыз жакшы көргөн адамыбыздын үнүнүн тону өзгөргөнүн, жалбырактардын дирилдегенин, боору эзиле күлгөн баланын күлкүсүн угууга жөндөмдүү. Ушундай көрүнүштөр менен үндөрдөн ыракат алууга бизге эмне мүмкүндүк берет? Ыйык Китепте: «Уккан кулакты да, көргөн көздү да — анысын да, мунусун да Теңир жараткан»,— деп айтылат (Накыл сөздөр 20:12). Биз, болгону, эки гана сезүү органы, көз менен кулак, тууралуу сөз кылдык.

11 Жыт сезүү жөндөмү Жахабанын жакшылыкчылдыгынын дагы бир далили болуп саналат. Адамдын мурду 10 000дей жытты айырмалай алат. Алардын кээ бирлери, мисалы, даамдуу тамактын, жыпар жыттуу гүлдүн, жерге түшкөн жалбырактардын, оттун түтүнүнүн жыты тууралуу эле ойлонуп көрсөң. Сыдырым соккон желди, жакын адамыңдын назик кучактаганын, мөмөнүн жылмакайлыгын сезүүгө туюу сезими мүмкүндүк берет. Мөмөдөн бир тиштегениңде эле, даам таттыргыч органдар ишке киришет. Даам таттыргыч бүдүрлөр мөмөнүн химиялык курамындагы майда-чүйдө өзгөчөлүктөрдү сезе баштаганда эң сонун даамга ыракаттанасың. Ооба, бизде Жахабага ыраазы болуп: «Сенде Өзүңдөн корккондор үчүн сактап койгон... жакшы нерселер ушунчалык көп!» — деп айтууга бардык негиздер бар (Забур 30:20). Бирок Жахаба өзүнөн корккондорго жакшы нерселерди кандайча «сактайт»?

Жакшылыкчылдык түбөлүк баталарды апкелет

12. Жахабанын кайсы белектери өзгөчө баалуу жана эмне үчүн?

12 Ыйса: «„Адам бир гана нан менен эмес, Теңирдин оозунан чыккан ар бир сөз менен жашайт“,— деп Ыйык Жазууда жазылып турат»,— деген (Матай 4:4). Жахабанын денелик жактан пайдалуу белектерине караганда рухий белектери көбүрөөк пайда алып келет, анткени алардан түбөлүк өмүр көзкаранды. Ушул китептин 8-бөлүмүндө Жахабанын азыркы акыркы күндөрдө рухий бейиш орнотуу үчүн калыбына келтирүүчү күчүн колдонгону айтылган. Ал бейиштин өзгөчөлүгү — рухий тамактын молдугу.

13, 14. а) Жезекиел пайгамбар кандай аян көргөн жана ал биз үчүн кандай мааниге ээ? б) Жахаба ишенимдүү кызматчыларына кандай рухий белектерди берүү менен батасын төгүүдө?

13 Калыбына келтирүү жөнүндөгү көрүнүктүү пайгамбарлыктардын биринде Жезекиел пайгамбарга атагы чыккан ийбадаткананын калыбына келтирилүүсү тууралуу аян берилет. Ийбадатканадан суу агып чыгып, «эки агымга» бөлүнгүчө улам тереңдей берген, туурасы да барган сайын кеңейип отурган. Ал суу айлана-чөйрөдөгүлөрдүн бардыгына бата алып келген. Анын жээктеринде мол түшүм берүүчү жана дарылык касиети бар укмуш дарактар өскөн. Ал суу, атүгүл туздуу жансыз деңизге да жан киргизген! (Жезекиел 47:1—12). Мунун бардыгы эмнени билдирген?

14 Ал аян Жахабанын таза сыйынууга байланышкан жана символу ийбадаткана болгон түзүлүштү калыбына келтирерин көрсөтүп турган. Жезекиел көргөн аяндагы суудай болуп, Кудайдын өмүргө байланыштуу баталары элине мол төгүлүп жатат. Таза сыйынуу 1919-жылы калыбына келтирилгенден тартып, Жахаба өз элине батасын берип, өмүр берерлик белектерди тартуулоодо. Кандайча? Ыйык Китепти жана ага негизделген адабияттарды таратуу, жыйналыш жолугушуулары жана жыйындар — булардын бардыгы миллиондогон адамдарга маанилүү чындыктарды жеткирүүгө көмөк кылды. Адамдар Жахабанын эң чоң белеги — Машайактын куткаруу курмандыгы — тууралуу биле алышты. Бул курмандык Кудайды чын жүрөктөн сүйүп, андан корккон адамдарга анын алдында таза болууга жана түбөлүк өмүргө жетүүгө мүмкүндүк берет *. Азыркы акыркы күндөрдө бүткүл дүйнө рухий ачкалыктан кыйналып жатат, ал эми Жахабанын эли рухий тойго кубанууда (Ышайа 65:13).

15. Машайактын Миң жылдык башкаруусунда Жахабанын жакшылыкчылдыгы ишенимдүү кызматчыларына кандай мааниде төгүлөт?

15 Бирок Жезекиел көргөн аяндагы суу эски түзүлүштүн акыры келгенде эле соолуп калбайт. Тескерисинче, Машайактын Миң жылдык башкаруусунун учурунда мурдагыдан да катуу агат. Ошондо Жахаба Мессиялык Падышалык аркылуу Ыйсанын курмандыгын толугу менен колдонуп, ишенимдүү кызматчыларынын бардыгын акырындык менен жеткилеңдикке жеткирет. Ошол учурда Жахабаны жакшылыкчылдыгы үчүн кандай гана даңазалайбыз!

Жахабанын жакшылыкчылдыгынын башка жактары

16. Жахабанын жакшылыкчылдыгы дагы башка сапаттарды камтыры Ыйык Китепте кандайча көрсөтүлгөн жана алардын айрымдары кайсылар?

16 Жахабанын жакшылыкчылдыгына марттык эле кирбейт. Кудай Мусага: «Мен сенин алдыңда бардык улуулугумду [«жакшы сапаттарымды», МАК] алып өтүп, Теңирдин ысымын сенин алдыңда жарыя кылам»,— деген. Андан ары Ыйык Китепте: «Мусанын бет алдынан өтүп, мындай деп сүйлөдү: „Теңир — пендесин сүйгөн [«айкөл», «ЖД»], ырайымдуу, сабырдуу, кайрымдуу, акыйкат Кудай“»,— деп айтылат (Чыгуу 33:19; 34:6). Демек, Жахабанын жакшылыкчылдыгы дагы башка бир топ сонун сапаттарды камтыйт. Алардын экөөнү карап көрөлү.

17. Жахабанын айкөлдүгү ал тууралуу эмнени ачып берет жана бул сапатты ал жеткилеңсиз, карапайым адамдарга кандайча көрсөтөт?

17 «Айкөл». Бул сапат Жахабанын жаратууларына кандай мамиле кыларын көрсөтүп турат. Бийликке ээ көптөгөн адамдардан айырмаланып, Жахаба орой, суз же катаал мамиле жасабайт, тескерисинче, ал жумшак жана боорукер. Маселен, ал Ыбрайымга: «Азыркы турган ордуңдан түндүккө, түштүккө, чыгышка жана батышка көз чаптырып кара [«карасаң», «ЖД»]»,— деген (Башталыш 13:14). Көпчүлүк котормолордо бул жердеги этиш өтүнүч формасында берилген эмес. Бирок ыйык китептик айрым окумуштуулардын айтымына караганда, эврей тилиндеги түпнускада бул жерде буйрукту жумшак өтүнүчкө айландырган жардамчы сөз бар болчу. Ыйык Китепте ушуга окшош дагы башка мисалдар бар (Башталыш 31:12; Жезекиел 8:5, «ЖД»). Элестетсең, Ааламдын Эгедери жеткилеңсиз карапайым адамдарга өтүнүч формасында кайрылат! Азыркы дүйнөдө оройлук өкүм сүрсө да, Кудайыбыз Жахабанын айкөлдүк көрсөтөрүн билүү жагымдуу эмеспи?

18. Жахаба кандай мааниде «акыйкат» жана бул бизге эмне үчүн жагымдуу?

18 «Акыйкат». Азыркы дүйнө жалгандыкка белчесинен баткан. Бирок Ыйык Китеп: «Калп айткыдай, Кудай адам эмес»,— деп ынандырат (Сандар 23:19). Титке жазылган катта Жахаба «жалган сүйлөбөгөн Кудай» деп аталган (Титке 1:2). Абдан жакшылыкчыл болгондуктан анын жалган айтышы мүмкүн эмес. Жахабанын бардык убадалары ишенимдүү, айткандары ар дайым аткарылат. Ошондой эле Жахаба тууралуу «чындыктын Кудайы» деп да айтылат (Забур 30:6). Жалган айтпагандан сырткары, ал көптөгөн чындыктар менен да бөлүшөт. Жахаба бизден эч нерсени жашырбайт, тескерисинче, баарын ачык айтып, ишенимдүү кызматчыларына чексиз акылмандыкты марттык менен ачып берүүдө *. Кызматчылары «чындык жолунда» жүрө алышы үчүн, Кудай аларды өзүнүн чындыгына ылайык жашоого үйрөтөт (3 Жакан 3). Жахабанын жакшылыкчылдыгы ар бирибизге кандай таасир этиши керек?

«Жахабанын жакшылыкчылдыгын көрүп кубанышат»

19, 20. а) Шайтан Обону Жахабанын жакшылыкчылдыгына кантип шек санаткан жана кандай натыйжа менен? б) Жахабанын жакшылыкчылдыгы бизге кандай таасир этиши керек жана эмне үчүн?

19 Эйден багында Шайтан куулук менен Обону Жахабанын жакшылыкчылдыгына шектенүүгө түрткөн. Жахаба Адамга: «Бактагы ар кандай дарактын жемишинен жесең болот»,— деген. Ал Бейиш багындагы миңдеген сонун дарактардын арасынан бирөөнөн эле жегенге тыюу салган. Бирок Шайтандын Обого кандай суроо менен кайрылганына көңүл бурсаң: «Кудай чын эле: „Бейиштеги эч бир дарактын жемишинен жебегиле“ деп айтты беле?» (Башталыш 2:9, 16; 3:1). Ал Жахабанын сөзүн бурмалап, Обонун Кудай жакшы бир нерсени жашырып жатат деп ойлошуна түрткү берген. Тилекке каршы, анын амалы ишке ашкан. Обо андан кийин, көптөгөн адамдардай эле, өзүндөгү нерселердин бардыгын берген Кудайдын жакшылыкчыл экенине шектене баштаган.

20 Андай шектенүү адамзатка канчалаган кайгы менен азап-тозокторду алып келгенин жакшы билебиз. Ошондуктан, келгиле, Жеремия 31:12деги (МАК): «Жахабанын жакшылыкчылдыгын көрүп кубанышат»,— деген сөздөрдү жүрөгүбүзгө түйөлү. Жахабанын жакшылыкчылдыгынан ар дайым кубаныч алышыбыз кажет. Жакшылыкчыл Кудайыбыздын пейил-ниеттерине эч качан шектенбей, Ага толук ишеним артуу зарыл, анткени ал өзүн сүйгөндөргө ар дайым эң жакшыны каалайт.

21, 22. а) Жахабанын жакшылыкчылдыгы сага эмне кылууга түрткү берүүдө? б) Эмки бөлүмдө кайсы сапат талкууланат жана жакшылыкчылдыктан анын кандай айырмасы бар?

21 Ошондой эле биз башкаларга Жахабанын жакшылыкчылдыгы тууралуу айтууга мүмкүнчүлүк болгондо кубанабыз. Жахабанын эли жөнүндө Забур 144:7де: «Сенин улуу ырайымыңдын [«жакшылыкчылдыгыңдын», СК] унутулгус иштерин жарыя кылышат»,— деп айтылат. Жахабанын жакшылыкчыл экенин кандайдыр бир өлчөмдө күн сайын сезебиз. Тиленүүлөрүбүздү күндөн күнгө конкреттүү кылууга аракеттенүү менен Жахабанын жакшылыкчылдыгына ыраазылык билдирүүгө эмне үчүн болбосун? Ушул сапат тууралуу ой жүгүртүп, Жахабага ал үчүн күнүгө ыраазычылык билдирип жана ал жөнүндө башкаларга айтуу менен жакшылыкчыл Кудайыбызды туураганга үйрөнөбүз. Жахабага окшоп жакшылык кылууга умтулуу менен ага жакындай алабыз. Улгайган элчи Жакан: «Сүйүктүүм, жамандык кылган адамдан эмес, жакшылык кылган адамдан үлгү ал. Жакшылык кылган адам Кудайдан»,— деп жазган (3 Жакан 11).

22 Жахабанын жакшылыкчылдыгы башка сапаттар менен да байланыштуу. Маселен, Кудай «мээримдүү боорукердикке» же берилгендик менен көрсөтүлүүчү сүйүүгө ээ (Чыгуу 34:6, «ЖД»). Ал сапат жакшылыкчылдыктан айырмаланат, себеби Жахаба аны биринчи кезекте өзүнүн кызматчыларына көрсөтөт. Эмки бөлүмдө ушул сапат тереңирээк талкууланат.

^ абз. 14 Кун — Жахабанын жакшылыкчыл экенинин эң күчтүү далили. Миллиондогон рухий жаратуулардын арасынан Жахаба биз үчүн өлүмгө берүүгө жалгыз өзү жараткан сүйүктүү Уулун тандаган.

^ абз. 18 Ыйык Китепте чындыктын жарык менен байланыштырылышы бекеринен эмес. Забурчу: «Өз жарыгың менен чындыгыңды жибер»,— деп ырдаган (Забур 42:3). Жахаба андан үйрөнүп, билим алууга даярларга рухий жарыгын мол төгүүдө (2 Корунттуктарга 4:6; 1 Жакан 1:5).