Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

57-БӨЛҮМ

Кызды жана дүлөй кишини айыктырышы

Кызды жана дүлөй кишини айыктырышы

МАТАЙ 15:21—31; МАРК 7:24—37

  • ФИНИКИЯЛЫК БИР АЯЛДЫН КЫЗЫН АЙЫКТЫРАТ

  • ЖАКШЫ СҮЙЛӨЙ АЛБАГАН ДҮЛӨЙ КИШИНИ САКАЙТАТ

Өзүнүн керт башынын кызыкчылыгы үчүн каада-салттарды ойлоп тапкан фарисейлерди ашкерелегенден кийин Иса пайгамбар шакирттерин ээрчитип кетип калат. Алар түндүк-батыш тараптан орун алган тээ алыскы Финикия жериндеги Тир менен Сидонго сапар тартышат.

Ал жактан бир үйгө токтошот. Иса пайгамбар өзүнүн келгенин эч кимдин билишин каалабайт. Бирок эл аны бат эле таап алат. Түбү грек, бирок Финикияда төрөлгөн бир аял Иса пайгамбарды издеп-таап: «Мырзам, Дөөтүнүн Уулу, мага кайрымдуулук кыла көр. Ичине жин кирип алгандыктан, кызым катуу кыйналып жатат»,— деп жалына баштайт (Матай 15:22; Марк 7:26).

Ошондо шакирттер Устатына: «Бул аялды кетирип жиберчи: артыбыздан калбай кыйкырып келатат»,— дешет. Иса пайгамбар аялга көңүл бурбай жатканынын себебин түшүндүрүп: «Мен баарына эмес, Ысрайыл үйүнүн жоголгон койлоруна гана жиберилгем»,— дейт. Бирок аял дароо багынып бербей, пайгамбардын алдына чөк түшүп: «Мырзам, жардам берчи!» — деп жалбарат (Матай 15:23—25).

Кыязы, аялдын ага канчалык бекем ишенерин сынаш үчүн Иса пайгамбар жүйүттөрдүн башка элдерди көп жактыра бербегенин айтып: «Балдардан нанды алып, күчүктөргө берген жакшы эмес»,— дейт (Матай 15:26). Иса пайгамбар «күчүктөр» деп айтканда жүйүт элинен болбогон башка адамдарды да жакшы көрөрүн көрсөткөн. Бул анын мээрими төгүлгөн жүзүнөн, жумшак үнүнөн да байкалып турса керек.

Финикиялык аял анын сөздөрүнө терикпей, ойду андан ары улап, момундук менен: «Ооба, Мырзам. Бирок күчүктөр деле кожоюндарынын үстөлүнөн түшкөн күкүмдөрдү жейт эмеспи»,— дейт. Аялдын ниети таза экенин баамдаган Иса пайгамбар: «Оо, аял, ишенимиң күчтүү экен. Сен каалагандай болсун»,— деп айтат (Матай 15:27, 28). Кыз энесинин жанында эмес болсо да, так эле пайгамбар айткандай болот. Энеси үйүнө барса эле, кызы төшөктө жатыптыр, «анын ичиндеги жин чыгып кеткен экен» (Марк 7:30).

Ошентип, Иса пайгамбар шакирттери менен Финикияны аралап өтүп, Иордан дарыясынын баш жагын көздөй бет алат. Алар дарыяны, калыбы, Галилея деңизинин түндүк тарабынан кечип өтүп, Декаполиске барышат да, жетери менен тоого кетишет. Бирок эл аларды ал жактан да таап алат. Анан аксак, мунжу, сокур, дудук кишилерди Иса пайгамбардын бут алдына алып келе башташат. Пайгамбар алардын баарын айыктырат. Эл буга таң калып, Ысрайылдын Кудайын даңкташат.

Иса пайгамбар жакшы сүйлөй албаган бир дүлөй кишиге өзгөчө көңүл бурат. Ал бечара кишинин көпчүлүктүн арасында өзүн кандай сезгенин элестетүү кыйын эмес. Сыягы, дүлөй кишинин аябай тынчсызданып жатканын байкаган пайгамбар аны четке алып чыгат. Анан өздөрүнчө калганда манжаларын анын кулактарына салат да, түкүргөндөн кийин тилине тийгизет. Андан кийин асманды карап: «Эфата»,— дейт. Бул сөз «ачыл» дегенди билдирет. Ошондо тиги кишинин кулагы ачылып, тили чечилип, так сүйлөй баштайт. Иса пайгамбар бул тууралуу эч кимге айтпоону буйруйт, себеби ар бир кишинин өз көзү менен көрүп, өз кулагы менен угуп ишенишин каалайт (Марк 7:32—36).

Иса Машаяктын адамдарды керемет жолу менен айыктырууга кудуреттүү экени эч кимди кайдыгер калтырбагандыктан, «бардыгы аябай таң калат». Алар: «Ал бүт баарын жакшы кылат экен. Атүгүл дүлөйлөрдүн кулагын ачып, дудуктарды сүйлөтүп жатат»,— дешет (Марк 7:37).