Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

108-ЫР

Кудайдын туруктуу сүйүүсү

Кудайдын туруктуу сүйүүсү

(Ышая 55:1—3)

  1. 1. Туруктуу сүйүүсүн

    Сезебиз Кудайыбыздын.

    Жалгыз Уулун ал жиберди,

    Кун төлөп куткарды бизди.

    Ээ болобуз биз үмүткө,

    Жетебиз чексиз өмүргө.

    КАЙЫРМА

    Суусагандар, келгиле.

    Өмүр суусун ичкиле.

    Ал туруктуу сүйүүсүн

    Көрсөтүүдө бизге.

  2. 2. Туруктуу сүйүүсү

    Бардык иштеринен айкын.

    Өз Уулун Падыша кылды,

    Сүйүүсүн ал тастыктады.

    Ой-ниети ишке ашты,

    Орноду Падышалыгы.

    КАЙЫРМА

    Суусагандар, келгиле.

    Өмүр суусун ичкиле.

    Ал туруктуу сүйүүсүн

    Көрсөтүүдө бизге.

  3. 3. Туруктуу сүйүүсү

    Сүйүүгө үндөйт бардыгын.

    Жардам бергин момундарга

    Кудайдын жолун табууга.

    Кудайдан коркуп жашайбыз,

    Жакшы кабарды айтабыз.

    КАЙЫРМА

    Суусагандар, келгиле.

    Өмүр суусун ичкиле.

    Ал туруктуу сүйүүсүн

    Көрсөтүүдө бизге.