Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

144-ЫР

Көзүңдү алба сыйлыктан

Көзүңдү алба сыйлыктан

(2 Корунттуктар 4:18)

  1. 1. Сокурлардын көзү ачылат,

    Дүлөйлөрдүн кулагы угат.

    Ырдашат балдар көк жаңыртып,

    Шаттык болот, гүлдөйт тынчтык.

    Өлгөндөр жашашат кайрадан.

    Тазаланат жер жамандыктан.

    КАЙЫРМА

    Жакында келет Бейиш заман.

    Алба көзүңдү сыйлыктан.

  2. 2. Карышкыр, койлор бир жайытта.

    Музоолор, аюу бейкуттукта.

    Ээрчитет аларды жаш бала,

    Тил алышат ал чакырса.

    Калат артта кайгы, ый, муң-зар.

    Коркунуч болбойт, оору-дарттар.

    КАЙЫРМА

    Жакында келет Бейиш заман.

    Алба көзүңдү сыйлыктан.