Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

3-ЫР

Күч, үмүт, кайрат бересиң

Күч, үмүт, кайрат бересиң

(Накыл сөздөр 14:26)

  1. 1. Оо, Жахаба, сен бердиң бизге

    үмүт абдан кымбат.

    Ал үмүт башкаларда да

    жанса дейбиз самап.

    Башыбызга мүшкүл түшкөндө

    коркунуч, санаа басат.

    Ал үмүт жүрөгүбүздө

    жалп деп өчүп калат.

    КАЙЫРМА

    Сен бизге күч, үмүт,

    кайрат бересиң

    Муктаж болгондо дайыма.

    Коркпой айтат

    кабарды сенин элиң.

    Таянабыз сага гана.

  2. 2. Жакшылыктарыңды, Жахаба,

    унуткубуз келбейт.

    Жубатасың кыйналганда,

    Сөзүң дем-шык берет.

    Үмүтүбүз кайра жалындайт

    өчөйүн деп бараткан.

    Оозум тынбай даңазалайт

    ысмыңды кайрадан.

    КАЙЫРМА

    Сен бизге күч, үмүт,

    кайрат бересиң

    Муктаж болгондо дайыма.

    Коркпой айтат

    кабарды сенин элиң.

    Таянабыз сага гана.