Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

5-ЫР

Кудайдын керемет иштери

Кудайдын керемет иштери

(Забур 139)

  1. 1. Оо, Жахаба, менин Кудайым,

    Сен мени абдан жакшы билесиң.

    Терең ойлорумду, ички дүйнөмдү,

    Сөздөрүмдү, жолдорумду

    изилдейсиң.

    Жаралып жатында жашыруун,

    Өрчүп жатканымды сен көргөнсүң.

    Ар бир мүчөм китебиңе жазылган.

    Кудайым, даңктаймын сенин

    улуу күчүң.

    Билимиң кереметтүү, таң каларлык.

    Муну жакшы билет менин жаным.

    Мени караңгылык каптап калса да,

    Рухуңдан качып кайда барамын?

    Сенин жүзүңдөн кайда качам?

    Каякка жашырынам, Кудайым?

    Асманга чыксам да, көргө түшсөм да,

    Кайда барбайын,

    сен мени таап аласың.