Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жылмайсаң

Жылмайсаң

Жүктөп алуу:

  1. 1. Жүз кызык баян айтканда,

    Көп сөз ооздон чыкканда,

    Миң сонун сүрөт тартканда,

    Жүрөк козголобу?

    Жылуу сөздөр, жакшы иштер

    Жагдай-шартты өзгөртөр.

    Жылмайып жүрсөңөр,

    Көңүл көтөрүлөр.

    КАЙЫРМА

    Жылмайсаң, кайгырган кубанат.

    Жылмайсаң, сөзгө кулак кагат.

    Жалынсаң, Кудай берет күч-кубат.

    Назар салып, кабарды угушат.

  2. 2. Бул дүйнө мерез, таш боор, жан бүткөндү зарлатат,

    Көңүлү калып жашоодон, азап тартып сыздашат.

    Муңайып, санаа тартканы жүздөрүнөн байкалат,

    Сергитерлик кабар айтсак, үмүтү кайра жанат.

    КАЙЫРМА

    Жылмайсаң, кайгырган кубанат.

    Жылмайсаң, сөзгө кулак кагат.

    Жалынсаң, Кудай берет күч-кубат.

    Назар салып, кабарды угушат.

  3. 3. Кээде чөгүп калабыз, эч бир жан укпаса,

    Жаңы заман келерин жалындап жар салганда.

    Жөө жомоктой ал сезилет катаалданып калганга,

    Бирок жылмайсаң, жүрөгү жибийттир жумшара.

    КАЙЫРМА

    Жылмайсаң, кайгырган кубанат.

    Жылмайсаң, сөзгө кулак кагат.

    Жалынсаң, Кудай берет күч-кубат.

    Назар салып, кабарды угушат.