Аюп 27:1—23
27 Анан Аюп ылакап менен сүйлөп+, мындай деди:
2 «Мени акыйкаттыктан ажыраткан+ Кудай тирүү*+,
Жанымды кейиткен+ Кудурети Күчтүү тирүү.
3 Ичимде демим барда,
Таноомдо Кудайдын руху турганда+,
4 Оозуман ыймансыздык чыкпайт,
Тилим жалган сүйлөбөйт!
5 Силерди адил дебей калайын!+
Өлөр-өлгөнчө кынтыксыздыгыман жазбаймын!+
6 Мен адилеттигиме бекем карманып келем, аны коё бербейм+,
Жүрөгүм мени өмүрүмдүн бир күнү үчүн да жемелебейт+.
7 Душманым бардык жагынан ыймансыз болуп чыксын+,
Мага каршы чыккан киши айыпкер болуп калсын.
8 Кудай тыптыйпыл кылып таштаса+,
Жанын алса, андан четтеген киши эмнеге үмүт арта алат?+
9 Ал кишинин башына мүшкүл түшсө,
Зарлаган үнүн Кудай угабы?+
10 Ал Кудурети Күчтүүдөн кубаныч табабы,
Кудайды ар убак чакырабы?
11 Мен силерге Кудайдын жардамы менен насаат айтам,
Кудурети Күчтүүнүн ойлорун жашырбайм+.
12 Мына, ар бириңер аян алыптырсыңар,
Анда эмнеге маңызсыз сүйлөп жатасыңар?+
13 Ыймансыз адамдын Кудайдан ала турган үлүшү+,
Зулумдун Кудурети Күчтүүдөн ала турган мурасы бул:
14 Уулдары көбөйсө, кылычтан өлөт+,
Урпактары болсо нанга жетпейт.
15 Аман калгандары айыккыс дарттан көмүлөт,
Алардын жесирлери көз жашын төкпөйт+.
16 Ал күмүштү чаңдай жыйса,
Кийимди топурактай үйсө,
17 Үйгөнүн адил адам киет+,
Күмүшү айыпсыздын энчисине тиет.
18 Ал күбөдөй болуп үй курат,
Үйү күзөтчүнүн алачыгындай болот+.
19 Жатканда бай болсо да, байлыгынын үзүрүн көрбөйт,
Көзүн ачса — эч нерсеси жок+.
20 Коркунуч аны суудай каптайт+,
Түнкүсүн катуу шамал айдап кетет.
21 Аны чыгыш шамалы көздөн кайым кылат+,
Өз ордунан учуруп кетет+.
22 Ал шамалдан качууга аракет кылса да+,
Шамал күү менен келип, аны аябайт+.
23 Анын ордуна келгендер артынан ышкырышат+,
Шылдыңдап алакан чабышат+.