Аян 1:1—20
1 Иса Машаяктын аяны+. Жакында боло тургандарды+ кулдарына көрсөтүш үчүн+ Кудай ага ушул аянды берди+. Иса болсо периштесин жиберип+, кулу Жаканга+ аны белгилер аркылуу көрсөттү+.
2 Жакан Кудайдын сөзү жана Иса Машаяктын күбөлөндүрүүсү жөнүндө+, башкача айтканда, көргөн нерселеринин баары жөнүндө күбөлөндүрдү+.
3 Бул пайгамбарлыктагы сөздөрдү+ үн чыгарып окуган+ киши жана аларды уккандар, анда жазылгандарды аткаргандар+ бактылуу+, анткени белгиленген убакыт жакындап калды+.
4 Жакандан Азиядагы* жети жыйналышка+:
«Азыр да, мурун да бар болуп, келечекте келе тургандын»+, анын тактысынын алдындагы жети рухтун+ жана
5 Иса Машаяктын ырайымы, тынчтыгы силер менен болсун. Ал — «Ишенимдүү Күбө»+, «өлгөндөрдүн арасынан биринчи болуп тирилген Туңгуч»+, «жер жүзүндөгү падышалардын Башкаруучусу»+.
Ал бизди сүйүп+, өзүнүн каны менен күнөөлөрүбүздөн арылтып+,
6 өзүнүн Кудайына, Атасына, дин кызматчылар+ жана падышалар кылды+. Даңк менен күч-кубат түбөлүккө ага таандык болсун+. Оомийн.
7 Мына, ал булуттар менен келатат+. Аны баары, аны найза менен сайгандар да+ өз көздөрү менен көрүшөт+. Аны көргөндө жердеги бардык уруулар кайгырып, төштөрүн ургулашат+. Ооба, ушундай болот. Оомийн.
8 «Мен Альфамын жана Омегамын*+,— дейт Жахаба Кудай.— Мен азыр да, мурун да бар болуп, келечекте келе турган+ Кудурети Күчтүүмүн»+.
9 Исанын жолдоочусу катары+ силердикиндей туруктуулук көрсөтүп+, силер менен бирге кыйынчылыктарга чыдап жаткан+ жана келечекте Падышалыкка ортоктош боло турган+ бир тууганыңар мен, Жакан, Кудай жөнүндө айтып, Иса тууралуу күбөлөндүргөнүм үчүн+ Патмос аралына жиберилгем.
10 Мен ыйык рухтун таасири менен+ Мырзабыздын күнүндө+ болуп+, арт жагымдан сурнайдын үнүндөй катуу үндү уктум+.
11 Ал мага: «Көргөндөрүңдү түрмөккө жазып+, Эфестеги+, Смирнадагы+, Пергамдагы+, Тиатирадагы+, Сардестеги+, Филаделфиядагы+ жана Лаодикиядагы+ жети жыйналышка+ жөнөт»,— деди.
12 Мага ким сүйлөп жатканын көрүш үчүн артыма бурулуп, жети алтын чыракпаяны көрдүм+.
13 Чыракпаялардын ортосунда адам уулуна окшогон+, узун кийим кийип, көкүрөгүн алтын кур менен курчаган бирөө туруптур.
14 Башындагы чачы аппак кардай+, ак жүндөй, көздөрү оттун жалынындай+,
15 буттары меште кызытылган таза жездей+, үнү+ болсо суулардын шаркырагындай эле.
16 Оң колунда жети жылдыз бар экен+. Оозунан кош миздүү, узун курч кылыч+ чыгып туруптур. Жүзү болсо жаркыраган күндөй экен+.
17 Аны көргөндө мен бут алдына өлүк сыяктуу жыгылдым.
Ошондо ал үстүмө оң колун коюп, мындай деди: «Коркпо+. Мен Биринчимин+ жана Акыркымын+.
18 Мен жашап жаткандын өзүмүн+. Өлгөн элем+, азыр болсо түбөлүктөн түбөлүккө жашап жатам+. Менде өлүм+ менен көрдүн* ачкычтары бар+.
19 Ошондуктан көргөндөрүңдү, азыр болуп жаткандарды жана мындан кийин боло тургандарды+ жазып ал.
20 Оң колумдагы сен көргөн жети жылдыздын+ жана жети алтын чыракпаянын+ ыйык сыры мындай: жети жылдыз жети жыйналыштын периштелерин, жети чыракпая жети жыйналышты билдирет+.