Жезекиел 14:1—23

14  Ысрайыл аксакалдарынын айрымдары келип, маңдайыма отурушту+.  Ошондо Жахаба мага мындай деди:  «Адам уулу, бул кишилер өз жүрөгүнөн заңдай жийиркеничтүү буркандарга орун беришти, өздөрүн күнөөгө түрткөн нерсени жүз алдына коюп алышты+. Анда аларга эмне үчүн жооп беришим керек?+  Ошондуктан алар менен сүйлөшүп, айт: „Эгедер Теңир Жахаба мындай дейт: “Ысрайыл үйүнөн кимдир бирөө өз жүрөгүнөн заңдай жийиркеничтүү буркандарга+ орун берсе, өзүн күнөөгө түрткөн нерсени жүз алдына коюп алса, ошол эле учурда пайгамбарга барса, анда мен, Жахаба, мен ага заңдай жийиркеничтүү буркандарынын көптүгүнө жараша жооп берем+.  Заңдай жийиркеничтүү буркандарынан улам бири калбай менден алыстап кеткени үчүн+, Ысрайыл үйүн колго түшүрөм, жүрөгүнүн+ үшүн алам”“.  Ошондуктан Ысрайыл үйүнө айт: „Эгедер Теңир Жахаба мындай дейт: “Кайрылып келгиле, заңдай жийиркеничтүү буркандарыңардан баш тарткыла+, жийиркеничтүү нерселериңердин баарынан жүзүңөрдү бургула+.  Ысрайыл үйүнөн же Ысрайылда келгин болуп жашагандардын арасынан кимдир бирөө менден алыстап+, өз жүрөгүнөн заңдай жийиркеничтүү буркандарга орун берсе, өзүн күнөөгө түрткөн нерсени жүз алдына коюп алса, ошол эле учурда менден бир нерсе суратыш үчүн пайгамбарга барса+, анда мен, Жахаба, жоопту ага мен өзүм берем.  Ал адамга каршы жүзүмдү буруп+, аны жышаан+, ылакап кылам+, элимдин арасынан жок кылам+. Ошондо менин Жахаба экенимди билесиңер”“+.  „Эгер пайгамбар алданып, кандайдыр бир сөз айтса, анда ал пайгамбарды мен, Жахаба, адаштырган болом+. Мен ага каршы колумду сунуп, аны ысрайыл элимдин арасынан жок кылам+. 10  Алар кылмышынын азабын тартат+. Сурагандын кылмышы менен пайгамбардын кылмышы бирдей болот+. 11  Ошондон кийин Ысрайыл үйү менден алыстабайт, тентибейт+, күнөөлөрү менен арамдалбайт. Алар менин элим болот, мен алардын Кудайы болом“,— дейт Эгедер Теңир Жахаба»+. 12  Жахаба сөзүн улап, мага мындай деди: 13  «Адам уулу, эгер кайсы бир жер ишенимсиз болуп+, мага каршы күнөө кылса, мен ага каршы колумду сунуп, ортосу оюк токочтор илинген таяктарын сындырам+, ага ачарчылык жиберем+, элин да, малын да кырып таштайм»+. 14  «„Эгер ал жерде үч киши: Нух+, Даниел+, Аюп+ болсо, алар адилдигинен улам+ өздөрүнүн гана жанын сактап калышмак“,— дейт Эгедер Теңир Жахаба»+. 15  «„Же ал жерге коркунучтуу жырткычтарды жиберсем+, алар жерди балдарынан ажыратса+, ал жер жырткычтардан улам эч ким өтпөгөн ээн жерге айланса+, 16  ал жакта ошол үч киши болсо да,— дейт Эгедер Теңир Жахаба,— мен тирүүмүн, алар уулдарын да, кыздарын да куткара алышмак эмес, өздөрү гана куткарылмак, жер болсо ээн калмак“»+. 17  «„Же ал жерге каршы кылыч жиберип+: “Жерди кылыч араласын”,— десем, ошентип, элин да, малын да кырып таштасам+, 18  ал жакта ошол үч киши болсо да+,— дейт Эгедер Теңир Жахаба,— мен тирүүмүн, алар уулдарын да, кыздарын да куткара алышмак эмес, өздөрү гана куткарылмак“»+. 19  «„Же ал жерге жугуштуу оору жиберип+, элин да, малын да кырыш үчүн каарым менен кан төксөм+, 20  ал жакта+ Нух+, Даниел+, Аюп+ болсо да,— дейт Эгедер Теңир Жахаба,— мен тирүүмүн, алар уулун да, кызын да куткара алышмак эмес, алар адилдигинен улам өздөрүнүн гана жанын сактап калышмак“»+. 21  «Ошондуктан Эгедер Теңир Жахаба мындай дейт: „Элин да, малын да кырыш үчүн+ Иерусалимге төрт коркунучтуу жаза+: кылыч, ачарчылык, жырткыч, жугуштуу оору жибергенимде+ да ошондой болот. 22  Бирок анын ичинде аман калгандар болот, алар сыртка чыгышат+. Мына уул-кыздарыңар! Алар силерди тосуп чыгышат. Силер алардын жолун, иштерин көрөсүңөр+. Мен Иерусалимге каптаткан алааматтан, ага эмне каптатсам, ошонун баарынан соороносуңар“». 23  «„Жүргөн жолун, кылган иштерин көргөнүңөрдө, алар силерди сооротушат. Ал шаарга каршы эмне кылсам, ошонун баарын бекеринен кылбаганымды билесиңер“,— дейт Эгедер Теңир Жахаба»+.

Шилтемелер