Матай 6:1—34
6 Башкаларга көрүнүш үчүн эле адил+ болуудан сак болгула. Болбосо асмандагы Атаңардан сыйлык албайсыңар.
2 Ошондуктан кайыр берип жатканыңда+, элге жарыялап, сурнай тартпа+. Башкалар даңктасын деп, синагогаларда жана көчөлөрдө сурнай тарткан эки жүздүүлөрдөй болбо. Силерге айтып коёюн, алар өз сыйлыгын толугу менен алышты.
3 Кайыр бергениңде, оң колуңдун эмне кылып жатканын сол колуң билбесин.
4 Кайыр-садагаңды көрсөтпөй бер, ошондо көрүнбөгөн жайдан баарын көрүп турган Атаңдан сыйлык аласың+.
5 Тиленип жатканыңарда да эки жүздүүлөрдөй болбогула, анткени алар башкаларга көрүнүш үчүн+ синагогаларда, чоң көчөлөрдүн кесилишинде туруп алып тиленгенди+ жакшы көрүшөт. Ишенип койгула, алар өз сыйлыгын толугу менен алышты.
6 Сен болсо тиленерде өз бөлмөңө кирип, эшикти жап да+, көрүнбөгөн жайдагы Атаңан тилен+. Ошондо көрүнбөгөн жайдан баарын көрүп турган Атаңдан сыйлык аласың.
7 Бирок тиленгенде, дүйнөнүн адамдарындай болуп, окшош эле нерселерди кайталай бербе+, себеби алар көп сөз айтканда Кудай угат деп ойлошот.
8 Силер алардай болбогула, анткени Кудай, асмандагы Атаңар, эмнеге муктаж экениңерди сурай элегиңерде эле билет+.
9 Ошондуктан мындай деп тиленгиле+:
„Асмандагы Атабыз, ысмың+ ыйыкталсын+.
10 Падышалыгың+ келсин. Асмандагыдай эле, жерде+ да сенин эркиң+ аткарылсын.
11 Бүгүнкү күнгө керектүү наныбызды бере көр+.
12 Биз башкалардын күнөөлөрүн* кечиргенибиздей эле, биздин да күнөөлөрүбүздү кечире көр+.
13 Ошондой эле азгырылышыбызга жол бербе+, кара өзгөйдөн* сакта“+.
14 Эгерде башкалардын катасын кечирсеңер, асмандагы Атаңар да силерди кечирет+.
15 Эгер алардын катасын кечирбесеңер, Атаңар да силердин катаңарды кечирбейт+.
16 Орозо кармаганыңарда+ эки жүздүүлөргө окшоп кабак бүркөгөнүңөрдү койгула. Анткени алар, орозо кармап жатышканын башкалар көрсүн деп+, өздөрүн байкуш кылып көрсөтүшөт. Ишенип койгула, алар өз сыйлыгын толугу менен алышты.
17 Сен болсо орозо кармаганда башыңды майлап, бетиңди жуу+.
18 Ошондо орозо кармап жатканыңды адамдарга эмес, көрүнбөгөн жайдагы Атаңа+ көрсөткөн болосуң жана көрүнбөгөн жайдан баарын көрүп турган Атаңдан сыйлык аласың.
19 Жер үстүнө байлык жыйнаганыңарды токтоткула+. Жерде аны күбө жейт, дат басат, уурулар кирип, уурдап кетишет.
20 Анын ордуна, байлыкты асманга топтогула+. Ал жакта аны күбө жебейт, дат баспайт+, уурулар кирип, уурдап кетишпейт.
21 Байлыгыңар кайсы жерде болсо, жүрөгүңөр да ошол жерде болот.
22 Дененин чырагы — көз+. Эгер көзүң бир эле нерсеге багытталса*, бүт денең жарык болот.
23 Эгер көзүң жаман нерсеге багытталса*+, бүт денең караңгы болот. Сендеги жарык, чынында, караңгылык болсо, анда ал караңгылык кандай гана коюу!+
24 Эч ким эки мырзага кул боло албайт, анткени бирин жек көрүп, экинчисин жакшы көрөт+ же бирине берилгендик менен кызмат кылып, экинчисин баркка албайт. Бир эле учурда Кудайга да, байлыкка да кул боло албайсыңар+.
25 Ошондуктан силерге айтарым, эмне жеп, эмне ичериңерди ойлоп жаныңар үчүн, эмне киериңерди ойлоп+ денеңер үчүн тынчсызданбагыла*+. Тамакка караганда жан, кийимге караганда дене кымбат эмеспи?!+
26 Көктө учкан канаттууларды карагылачы+: алар эгин экпейт, оруп-жыйбайт, кампага да жыйнабайт, ошентсе да асмандагы Атаңар аларды азыктандырат. Силер алардан алда канча баалуу эмессиңерби?!+
27 Тынчсыздануу менен кимиңер өмүрүңөрдү бир азга* болсо да узарта аласыңар?+
28 Кийимди ойлоп эмнеге тынчсызданасыңар? Талаадагы лилия гүлдөрүнүн кантип өсүп жатканын карагылачы+: алар эмгектенбейт, жип ийрибейт.
29 Бирок силерге айтып коёюн, атүгүл Сулайман да, канчалык атак-даңктуу болбосун+, алардын бириндей да кийинген эмес.
30 Бүгүн талаада өсүп, эртең мешке ыргытыла турган чөптү Кудай ушундай кийиндирсе, силерди кантип кийиндирбей койсун, ишеними аздар?+
31 Ошондуктан „эмне жейбиз?“, „эмне ичебиз?“ же „эмне киебиз?“ деп эч качан тынчсызданбагыла+.
32 Мунун баарын ойлоп дүйнөнүн адамдары түйшүк тартышат. Ал эми силердин мунун бардыгына муктаж экениңерди асмандагы Атаңар билет+.
33 Мындан ары да биринчи кезекте Кудайдын Падышалыгын жана адилдигин издегиле+, ошондо силерге мунун баары берилет+.
34 Андыктан эч качан эртеңки күндү ойлоп тынчсызданбагыла+, анткени эртеңки күндүн өз түйшүгү болот. Ар бир күндүн түйшүгү өзүнө жетиштүү.
Шилтемелер
^ Сөзмө-сөз: «карыздарын».
^ Шайтан.
^ Сөзмө-сөз: «жөнөкөй болсо».
^ Сөзмө-сөз: «жаман болсо».
^ Же: «тынчсызданганыңарды токтоткула».
^ Сөзмө-сөз: «бир чыканакка».