Накыл сөздөр 27:1—27
27 Эртеңки күн менен мактанба+, анткени эртең эмне болорун билбейсиң+.
2 Сени өз оозуң эмес, башка бирөө, өз тилиң эмес, бөтөн бирөө мактасын+.
3 Таш оор, кум салмактуу+, бирок акылсыздын тарттырган азабы экөөнөн тең оор+.
4 Каар катаал, жаал ташкын суудай+, ал эми кызганычка ким туруштук бере алат?+
5 Жашыруун сүйүүгө караганда ачык ашкерелөө жакшы+.
6 Жакшы көргөндүн жаралаганы ишенимдүүлүгүнөн+, ал эми жек көргөн адам жалдыратып жатып боорукердик көрсөтөт*+.
7 Карды ток жан тартылбаган балды тебелейт, ал эми ачка жанга ачуунун баары таттуу+.
8 Өз жерин калтырып кеткен киши+ өз уясын таштап кеткен канаттуудай+.
9 Май менен жыпарзат+ жүрөктү кубантат, жан-дили менен кеңеш берген дос да ошондой+.
10 Өз досуңду да, атаңдын досун да таштаба; башыңа мүшкүл түшкөн күнү бир тууганыңдын үйүнө кирбе. Алыстагы бир туугандан жаныңдагы кошунаң артык+.
11 Уулум, акылдуу бол, жүрөгүмдү кубант+. Ошондо мени жаманатты кылганга жооп берем+.
12 Кыраакы киши кырсыкты көрүп жашынат+, ал эми тажрыйбасыздар түз эле барып жазаланат+.
13 Башка бирөө үчүн кепил болгондун кийимин алып кал+, бөтөн жерлик аял менен мамилелешкенден күрөө ал+.
14 Ким жакынын таң заардан катуу үн менен алкаса, аны каргап жатат деп ойлошот+.
15 Жаан тынбай жааган күнү кишини сыртка качырган тешик чатыр менен ажаан аял бирдей+.
16 Андай аялды жашырган шамалды жашырганга, суюк майды оң колдоп уучтаганга барабар.
17 Темирди темир курчуткандай, адамды адам курчутат+.
18 Анжир дарагын кайтарган анын мөмөсүн жейт+, мырзасын коргогон урмат-сыйга татыйт+.
19 Суу адамдын жүзүн чагылдыргандай, бирөөнүн жүрөгү башканын жүрөгүн чагылдырат.
20 Көр* менен кыйроо жайы+ тойбойт+, адамдын көзү да тойбойт+.
21 Эритүүчү казан — күмүшкө+, очок — алтынга+, ал эми мактоо адамды сынайт+.
22 Акылсызды сокуга салып, майдаланган данга кошуп, сокбилек менен жанчсаң да, андан акылсыздыгы ажырабайт+.
23 Өз малыңды жакшы бил, оторуңа дитиңди кой+.
24 Анткени байлык түбөлүктүү эмес+, таажы да муундан муунга өтпөйт.
25 Көк чөп жок болуп, жаңы чөп чыгат, анан тоонун чөбү жыйналат+.
26 Козу кочкорлоруң кийимге+, эчкилериң жердин наркына жарайт.
27 Эчкинин сүтү өзүңдүн да, үйүңдөгүлөрдүн да тамак-ашына, күңдөрүңдүн да жашоосуна жетет+.