Римдиктер 8:1—39
8 Ошондуктан Машаяк Иса менен биримдикте болгондор айыптуу деп эсептелбейт+.
2 Анткени Машаяк Исанын жолунда өмүр берген+ рухтун+ мыйзамы+ сени күнөө менен өлүмдүн мыйзамынан+ бошотту+.
3 Адамдын жеткилеңсиздигинен улам кудуретсиз болгон+ Мыйзамдын+ ишке ашыра албаганын Кудай ишке ашырды. Күнөөнү жок кылыш үчүн+ Кудай өзүнүн Уулун күнөөкөр адамдардыкындай дене менен+ жөнөттү+, денедеги күнөөнү ашкереледи.
4 Ошентип, дененин каалоосу боюнча эмес, рухтун каалоосу боюнча жашаган+ биз аркылуу Мыйзамдын адил талабы аткарылды+.
5 Дененин каалоосу боюнча жашагандар денеге мүнөздүү нерселерди+, ал эми рухтун каалоосу боюнча жашагандар рухка мүнөздүү нерселерди ойлошот+.
6 Денеге мүнөздүү нерселерди ойлоо өлүм+, рухка мүнөздүү нерселерди ойлоо+ өмүр менен тынчтык алып келет.
7 Анткени денеге мүнөздүү нерселерди ойлоо Кудай менен касташууга алып барат+, себеби дене Кудайдын мыйзамына баш ийбейт+, чынында, баш ие да албайт.
8 Демек, дененин каалоосу+ боюнча жашагандар Кудайга жага албайт.
9 Эгер силерде Кудайдын руху бар болсо+, анда дененин каалоосу боюнча эмес, рухтун каалоосу боюнча жашап жатасыңар+. Кимде Машаяктын ой жүгүртүүсү* жок болсо+, ал Машаякка таандык эмес.
10 Эгерде Машаяк силер менен биримдикте болсо+, денеңер күнөөнүн айынан өлүк болсо да, рух силерге адилдиктин негизинде өмүр берет+.
11 Эгер силерде Исаны өлгөндөрдүн арасынан тирилткен Кудайдын руху бар болсо, анда Машаяк Исаны тирилткен Кудай+ силердин да өлө турган денеңерди өзүңөрдөгү руху менен жандандырат+.
12 Ошондуктан, бир туугандар, дененин каалоосу+ боюнча жашагыдай, биз дененин алдында милдеттүү эмеспиз.
13 Анткени дененин каалоосу боюнча жашасаңар, анда сөзсүз өлөсүңөр+. Ал эми дененин иштерин рух менен өлтүрсөңөр+, анда жашайсыңар.
14 Кудайдын рухунун жетеги менен жүргөндөрдүн баары — Кудайдын уулдары+.
15 Силер кулчулуктун рухун — кайрадан коркунуч туудуруучу рухту — эмес+, Кудай бизди уулдары катары асырап алыш үчүн+ берген рухту алдыңар+. Ошол рух менен биз «Абба*, Ата!» деп чакырабыз+.
16 Ал рух+ Кудайдын балдары экенибизди+ биздин рухубуз+ менен бирге күбөлөндүрүп турат+.
17 Эгер балдары болсок, анда мурасчыларбыз — Кудайдын мурасчыларыбыз. Ошондой эле Машаяк менен бирге даңкталыш үчүн+ аны менен бирге азап тартып жатсак+, анда Машаяк менен мурасташпыз+.
18 Андыктан азыркы азаптарыбыз+ бизге ачыла турган даңкка салыштырмалуу эч нерсеге арзыбайт деп эсептейм+.
19 Жаратылгандар*+ Кудайдын уулдарынын даңкы ачык көрүнө турган убакты+ эңсеп күтүп жатат+.
20 Анткени жаратылгандар курулай убаракерчиликке+ өз эрки менен эмес, өзүлөрүн баш ийдиргендин эрки боюнча баш ийишкен. Ошол эле учурда аларга үмүт берилген+:
21 алар+ өзүлөрү да жок болуу кулчулугунан бошонуп+, Кудайдын балдары катары даңктуу эркиндикке чыгарына үмүттөнүшөт.
22 Биз жаратылгандын баары ушул убакка чейин онтоп, кыйналып жатканын билебиз.
23 Биринчи түшүмгө+, атап айтканда, рухка ээ болгон өзүбүз да ичибизден онтоп+, Кудайдын бизди уулдары катары асырап алышын+, кундун негизинде денебизден бошонууну чыдамсыздык менен күтүп жатабыз.
24 Биз ушул үмүт менен куткарылдык+. Бирок үмүттөнгөн нерсебизди көрүп турсак, анда үмүтүбүз үмүт эмес. Анткени адам көрүп турган нерсесине үмүттөнмөк беле?
25 Ал эми көрүнбөгөн нерсеге+ үмүттөнсөк+, аны туруктуулук менен күтө беребиз+.
26 Ошондой эле алсыз болгон кезибизде бизге рух+ да жардам берет+. Анткени тилениш керек болгондо эмне деп тилениш керектигин билбей калабыз+, бирок сөз менен айтып жеткире албай онтогонубузда, рух биз үчүн арачылык кылат+.
27 Жүрөктөрдү изилдеген Кудай+ рухтун эмне жөнүндө күбөлөндүрүп жатканын билет+, анткени рух ыйыктар үчүн+ Кудайдын эркине ылайык арачылык кылат.
28 Биз билгендей, Кудай бардык иштерин+ Өзүн сүйгөндөргө — ой-ниетине ылайык чакырылгандарга+ — пайда алып келгидей жол менен кылат.
29 Уулу көп бир туугандарынын+ арасында туңгуч болушу үчүн+, Кудай кимдерге башынан көңүл буруп келген болсо+, ошолорду Уулуна окшош кылууну+ алдын ала белгилеп койгон+.
30 Ал кимдерди алдын ала белгилесе+, ошолорду чакырды+; кимдерди чакырса, ошолорду адил деп жарыялады+; кимдерди адил деп жарыяласа, ошолорду даңктады+.
31 Буга эмне демекчибиз? Эгер Кудай биз тарапта болсо, бизге ким каршы тура алат?+
32 Өз Уулун аябай+, аны баарыбыз үчүн берген+ Кудай кантип эле бизге аны менен бирге башка нерселерди да тартуулабасын?+
33 Кудай тандап алгандарды ким айыптайт?+ Аларды Кудай өзү адил деп жарыялайт+.
34 Аларга каршы ким өкүм чыгарат? Өлүп, кайра тирилген жана Кудайдын оң жагында отурган+ Машаяк Иса биз үчүн арачылык кылат+.
35 Бизди Машаяктын сүйүүсүнөн ким ажырата алат?+ Кыйынчылыкпы, азаппы, куугунтукпу, ачкачылыкпы, жылаңачтыкпы, коркунучпу же кылычпы?+
36 Ыйык Жазмада: «Сен үчүн керээли кечке өлүм менен беттешебиз, биз алар үчүн союла турган койлордойбуз»,— деп жазылган+.
37 Бирок бизди сүйгөндүн жардамы менен биз бардык жагынан жеңишке жетип жатабыз+.
38 Өлүм да, өмүр да+, периштелер да+, өкмөттөр да+, азыркы нерселер да, келечектеги нерселер да, күчтөр да+,
39 бийиктик да, тереңдик да, деги эле жаратылган эч бир нерсе бизди Кудайдын Мырзабыз Машаяк Иса аркылуу көрсөткөн сүйүүсүнөн ажырата албасына толук ишенем+.
Шилтемелер
^ Грек. пневма. Кара: 7-тирк.
^ «Ата» дегенди билдирген арамей сөзү.
^ Негизинен, адамдарга тиешелүү.