Филипиликтер 2:1—30

2  Ошентип, Машаяктын жолдоочусу катары бири-бириңерди бекемдесеңер+, сүйүү менен сооротсоңор, рухка үлүштөш болсоңор+, назик сезим, боорукердик көрсөтсөңөр+,  анда кубанычымды толуктагыла: бир ойго+, бирдей сүйүүгө ээ болгула, биримдүү, бир пикирдүү болгула+.  Эч нерсени тажаалдык+ же көйрөңдүк менен кылбагыла+, тескерисинче, момундук менен башкаларды өзүңөрдөн жогору көргүлө+.  Өзүңөрдүн эле эмес+, башкалардын да кызыкчылыктарын ойлогула+.  Ой жүгүртүүңөр Машаяк Исаныкындай болсун+.  Анын бейнеси Кудайдыкындай болсо да+, Кудайдын абалын ээлеп алуу, атап айтканда, аны менен тең болуу оюна да келген эмес+.  Тескерисинче, ал бардык нерсесин калтырып келген жана адамдарга окшош болуп+, кулдун кейпин кийген+.  Ал адам болуп келип+, өзүн басынткан жана өлгөнгө чейин, жаза устунунда өлгөнгө чейин+ тил алчаак болгон+.  Ошондуктан Кудай аны ого бетер жогорулатып+, ага бардык ысымдардан жогору турган ысым берди+. 10  Исанын ысмынын алдында асмандагылардын, жердегилердин жана жер астындагылардын баары тизе бүгүшү үчүн+, 11  ар бир тил Иса Машаяктын Мырзабыз экенин+ ачык таанып+, Кудай Атабыз даңкталышы үчүн ошентти+. 12  Сүйүктүү бир туугандарым, силер араңарда болгонумда* дайыма тил алып келгениңердей+, азыр да, араңарда жок болгонумда ого бетер даярдуулук менен тил алып жатасыңар. Мындан ары да куткарылууңарга коркуп+, титиреп жеткиле. 13  Анткени Кудай, өзүнүн эркине ылайык иш кылышыңар үчүн, силерге каалоо да, күч да берип+, иш-аракет кылууга түрткү берет+. 14  Бардык нерсени наалыбай+, талашып-тартышпай кылгыла+. 15  Ошондо силер туура жолдон адашкан, бузулган муундун+ арасында кемчиликсиз+, куулук-шумдугу жок, Кудайдын кемтиксиз балдарынан болосуңар+ жана бул дүйнөдө чырактай жаркырап турасыңар+. 16  Бекер чуркабаганыма, бекер мээнеттенбегениме+ Машаяктын күнүндө кубангыдай болушум үчүн+, өмүр сөзүнө бекем кармангыла+. 17  Силер ишенимиңерден улам аткарып жаткан кызматты аткарышым үчүн+ суюк тартуу* катары+ курмандыкка+ куюлуп жатсам да, мен баарыңар менен бирге кубанып-шаттанам+. 18  Силер да мени менен кубанып-шаттангыла+. 19  Мен болсо ал-жайыңарды билип, кубанып калышым үчүн+, Мырзабыз Исанын эркине ылайык келсе, жакында силерге Тиметейди жиберем деп үмүттөнөм. 20  Анткени аныкындай маанайга ээ болгон жана силерге чын жүрөктөн кам көрө турган башка эч кимим жок+. 21  Башкалардын баары Машаяк Исага жакканды эмес, өздөрүнө жакканды көздөшөт+. 22  Ал эми Тиметейдин өзүн кандай кызматчы катары көрсөткөнүн, атасына жардам берген балага окшоп+, жакшы кабар таратууда мени менен бирге кулдай кызмат кылганын билесиңер. 23  Ошондуктан өзүмдүн эмне болорум билинер замат аны жөнөтөм деп үмүттөнөм. 24  Бирок, Мырзабыздын эркине ылайык келсе, жакында өзүм да барып калам деп ишенем+. 25  Азыр болсо силерге мени менен бирге күрөшкөн+ бир тууганым, кызматташым+, ал эми силердин мага жардамга жиберген кызматчыңар, өкүлүңөр Эпафродитти+ жиберүүнү туура көрүп турам. 26  Себеби ал баарыңарды көрүүгө зар болуп жүрөт. Өзүнүн ооруп калганын укканыңарды билип, көңүлү да чөгүп жатат. 27  Чынында эле, ал катуу ооруп, өлүм алдында жаткан болчу. Бирок Кудай ага кайрымдуулук көрсөттү+, ага эле эмес, кайгыма кайгы кошулбашы үчүн, мага да кайрымдуулук көрсөттү. 28  Аны көрүп, кайрадан кубанышыңар үчүн, менин да көңүлүм тынч болушу үчүн, аны силерге батыраак жиберейин деп жатам. 29  Ошондуктан аны Мырзабыздын жолдоочуларын тосуп алгандай зор кубаныч менен жылуу тосуп алгыла+. Мындай адамдарды жогору баалагыла+. 30  Анткени мага силер көрсөтө албаган жардамды көрсөтүп+, ордуңарды жоктотпош үчүн, ал Мырзабыздын иши үчүн өмүрүн* тобокелге салып, аз жерден өлүмдөн калды+.

Шилтемелер

Грек. парусиа. Кара: 5-тирк.
1 896-беттеги «Сөздүктү» кара.
Сөзмө-сөз: «жанын».