Ышая 10:1—34

10  Залакалуу буйруктарды чыгаргандардын+, дайыма каргашалуу чечимдерди жазгандардын башына каран түн түшөт!  Алар бей-бечараларды акыйкаттыктан, элимдин арасындагы кыйналгандарды адилеттиктен ажыратып+, жесирлерди олжо кылышат, жетимдерди талап-тоношот+.  Силер жоопко тартылар күнүңөрдө+, алыстан бүлгүн келгенде эмне кыласыңар?+ Жардам сурап, кимге чуркап барасыңар?+ Даңкыңарды кайда калтырасыңар?+  Силер туткундардын арасына бүк түшөсүңөр, өлтүрүлгөндөрдүн алдында каласыңар+. Ошол себептен анын каары кайт болгон жок, колу сунулган бойдон турат+.  «Мына, Ашур+, каарымдын таягы+, колундагы союл менен менин өкүмүмдү ишке ашырат!  Аны Өзүмдөн баш тарткан+, мени каарданткан элге жиберем, ага олжого тунууну, талап-тоноону, элди көчөдөгү баткактай тебелеп-төпсөөнү+ буйрук кылам+.  Көздөгөнү башка болсо да, ал ошого көңүлдөнөт; жүрөгү башканы ойлосо да, ошону жүзөгө ашырат. Анткени анын жүрөгү жок кылууну+, көптөгөн элдерди кыйратууну көксөйт+.  Ал мындай дейт: „Менин төрөлөрүм падышалар эмес беле?+  Кално+ Каркемиштей+ эмеспи? Хамат+ Арпаттай+ эмеспи? Самария+ Дамасктай+ эмеспи? 10  Менин колум пайдасыз кудайлардын падышалыктарына жеткен, анткени алардын оюп жасалган буркандары Иерусалим менен Самарияныкынан көп болчу+. 11  Анда Самария менен анын пайдасыз кудайларына кылганымды+ Иерусалим менен анын буркандарына+ кылбайт бекем?“ 12  Жахаба Сион тоосу менен Иерусалимде иштерин бүтүргөндөн кийин, Ашур падышасын жүрөгүнүн менменсингени үчүн, көздөрүнүн текеберденгени үчүн жоопко тартат+. 13  Анткени ал: „Мен колумдун күчү менен, акылмандыгым менен иш кылам+, себеби түшүнүгүм жетик. Элдердин чек араларын алып таштайм+, алардын жыйган-тергенин талап-тонойм+, алптай болуп, тургундарды багынтам+. 14  Уяга жеткендей, колум элдердин байлыгына жетет+. Уяда калган жумурткаларды алгандай, бүт жерди тартып алам. Эч ким канатын какпайт, ооз ачпайт, чыйпылдабайт“,— деди». 15  Балта өзүн отун жарууга колдонуп жатканга кыйынсынабы же араа өзүн тартып жаткандан өйдөсүнөбү? Союл өзүн көтөргөндү жылдыра алабы же таяк өзүн кармап турганды жогору көтөрө алабы?+ 16  Ошондуктан чыныгы Теңир, асман аскерлеринин Кудайы Жахаба, анын* күчтүүлөрүнө каргашалуу оору жиберет+, даңкынын алдына алоолонгон от коёт+. 17  Ысрайылдын Жарыгы+ от болот+, Ыйыгы жалын болот+. Ал жалындап, анын отоо чөбүн, тикенектүү бадалын бир күндүн ичинде жалмап салат+. 18  Анын токою менен багынын даңкын түп-тамыры менен жок кылат+. Ошондо ал алдан тайып бараткан оорулуу адамдай болот+. 19  Токоюнда жаш бала да эсептеп чыга алгыдай дарак калат+. 20  Ошол күнү Ысрайылдын калдыгы+, Жакыптын үйүнүн аман калгандары өздөрүн кырганга таянбай калышат+. Алар Жахабага, Ысрайылдын Ыйыгына+, ишенимдүүлүк менен таянышат+. 21  Кудуреттүү Кудайга калдык гана, Жакыптын калдыгы гана кайтып келет*+. 22  Оо, Ысрайыл, сенин элиң деңиз кумундай көп болсо да+, калдыгы гана кайтып келет+. Белгиленген бүлгүн+ адилдик боюнча суудай каптайт+. 23  Анткени Эгедер Теңир, асман аскерлеринин Кудайы Жахаба, бүт өлкөгө бүлгүн салат+, өзгөргүс чечимин ишке ашырат+. 24  Ошондуктан Эгедер Теңир+, асман аскерлеринин Кудайы Жахаба, мындай дейт: «Сиондо жашаган элим+, сени таяк менен сабаган+, Мисирдей+ болуп сага союлун көтөргөн Ашурдан коркпо. 25  Дагы бир аздан кийин өкүмүм ишке ашып+, соңуна чыгат. Алар менин каарыман жок болушат+. 26  Асман аскерлеринин Кудайы Жахаба ага камчысын көтөрөт+, Ореп+ аскасынын жанынан Мидианды кыйраткандай кыйратат. Мисирге көтөргөн таягын+ кайрадан деңиздин үстүнө көтөрөт+. 27  Ошол күнү Ашур падышасынын жүгү ийниңен түшүрүлөт+, моюнтуругу мойнуңан алынат+. Ал моюнтурук майдан* улам талкаланат»+. 28  Ал Аятка+ келди, Мигронду аралап өттү, буюмдарын Михмашка+ калтырды. 29  Сууну кечип өттү, Гебага+ түнөдү. Рама+ титиреди, Шабулдун Гибасы+ качты. 30  Оо, Галим+ кызы, үнүңдүн болушунча кыйкыр. Оо, Лаиш, көңүл бур. Оо, байкуш Анатот!+ 31  Мадмена качып жөнөдү. Гебимдин тургундары баш маана издеп чыкты. 32  Ал күндүз Нопко+ токтойт. Сион кызынын тоосуна, Иерусалим адырына муштумун көрсөтүп жатат+. 33  Мына, чыныгы Теңир, асман аскерлеринин Кудайы Жахаба, шактарды карс-курс сындырып жатат+. Узундары кыйылып, бийик өскөндөрү жыгылып жатат+. 34  Ал чытырман токойлорду темир шайман менен кыйып жатат. Лебанон күчтүүнүн колунан кулайт+.

Шилтемелер

Ыш 10:5, 24-аяттарда айтылгандай, «Ашурдун».
«Калдык гана... кайтып келет». Еврей текстинде бул сөздөр Ыш 7:3төгү «Шеар-Жашуп» деген ысымдын маанисине шайкеш келет.
Сыягы, чырак жагуу үчүн же падышаларды майлоо үчүн колдонулган май.