1 Жакан 2:1—29
2 Балдарым, буларды күнөө кылбашыңар үчүн+ жазып жатам. Эгер кимдир бирөө күнөө кылып алса, Атабыздын жанында жардамчыбыз+ — адилдигинен жазбаган Иса Машаяк — бар+.
2 Ал — биздин күнөөлөрүбүздү+, биздин гана эмес+, бүт дүйнөнүн күнөөсүн жууп+, Кудай менен элдештирүүчү+ курмандык+.
3 Аны таанып-билгенибизди осуяттарын аткарып жатканыбыздан билебиз+.
4 Ким: «Мен аны таанып-билдим»,— деп+, бирок осуяттарын аткарбаса+, ал жалганчы, анда чындык жок+.
5 Ал эми ким анын сөзүн аткарса+, Кудайды чындап сүйөрүн көрсөтөт+. Аны менен биримдикте экенибизди ушундан билебиз+.
6 Аны менен биримдиктемин+ деген киши, Иса кандай жашаса, ошондой жашашы керек*+.
7 Сүйүктүү бир туугандарым, силерге жаңы эмес, өзүңөр башынан эле билген+ эски осуятты+ жазып жатам. Ал эски осуят — силер уккан сөз.
8 Ошентсе да мен силерге жазып жаткан осуят — ал аткарган жана силер аткарып жаткан осуят — жаңы. Анткени караңгылык өтүп баратат+, чыныгы жарык+ болсо жаркырай баштады.
9 Ким өзүнүн жарыкта жүрөрүн айтып, бирок бир тууганын жек көрсө+, ал дагы эле караңгылыкта жүрөт+.
10 Ким өз бир тууганын сүйсө, ал жарыкта жүрөт+, ошондуктан мүдүрүлбөйт+.
11 Ал эми ким өз бир тууганын жек көрсө, ал караңгылыкта жашап, караңгылыкта жүрөт+ жана кайда баратканын билбейт+, себеби караңгылыктан улам көзү сокур болуп калган.
12 Балдар, силерге жазып жатканымдын себеби: силердин күнөөлөрүңөр анын ысмы үчүн кечирилди+.
13 Аталар, силерге жазып жатканымдын себеби: силер башынан эле бар болгонду+ таанып-билдиңер. Уландар+, силерге жазып жатканымдын себеби: силер кара өзгөйдү* жеңдиңер+. Балдар+, силерге жазып жатканымдын себеби: силер Атабызды таанып-билдиңер+.
14 Аталар+, силерге жазып жатканымдын себеби: силер башынан эле бар болгонду+ таанып-билдиңер. Уландар, силерге жазып жатканымдын себеби: силер күчтүүсүңөр+ жана жүрөгүңөрдө Кудайдын сөзү бар+. Силер кара өзгөйдү жеңдиңер+.
15 Дүйнөнү да, дүйнөдөгү нерселерди да сүйбөгүлө+. Ким дүйнөнү сүйсө, ал Атабызды сүйбөйт+.
16 Анткени дүйнөдөгүнүн баары+: дене кумары+, көз кумары+ жана колунда болгон нерселерине мактангандык+ Атабыздан эмес, бул дүйнөдөн+.
17 Анын үстүнө, бул дүйнө өзүнүн кумарлары менен кошо жок болот+, ал эми Кудайдын эркин аткарган адам+ түбөлүк жашайт+.
18 Балдарым, азыр акыркы убак+. Силер Машаяктын душманы келатканын уккансыңар+. Чынында эле, азыр Машаяктын көптөгөн душмандары пайда болду+. Акыркы убактын келгенин ушундан билебиз.
19 Алар биздин арабызда болчу, бирок кетип калышты, анткени биздей эмес болчу+. Эгер биздей болушса, биз менен калышмак+. Баары биздей эмес экени айкын болушу үчүн, алар арабыздан чыгып кетишти+.
20 Силер Ыйык Кудай тарабынан майлангансыңар+ жана баарыңар чындыкты билесиңер+.
21 Мен силерге чындыкты билбегениңер үчүн эмес+, билгениңер үчүн+ жана чындыктан эч бир жалган нерсе жаралбай тургандыктан+ жазып жатам.
22 Исанын Машаяк экенин четке каккан киши жалганчы болбогондо, ким жалганчы?+ Ким Атабызды да, Уулун да четке какса+, ал — Машаяктын душманы+.
23 Ким Уулун четке какса, ал Атабызга жакпайт+. Ал эми ким Уулуна ишенерин ачык билдирсе+, Атабызга жагат+.
24 Силер болсо башында укканыңарды жүрөгүңөрдө сактагыла+. Эгер сактасаңар, силер да Уулу менен+, ошондой эле Атабыз менен дайыма биримдикте болосуңар+.
25 Андан сырткары, ал бизге түбөлүк өмүрдү убада кылган+.
26 Мен силерди адаштырууга аракет кылып жаткандар жөнүндө жаздым+.
27 Ал эми силер жөнүндө айтсам, Кудай силерди ыйык руху менен майлаган+ жана ал рух дайыма силер менен. Ошондуктан силер кимдир бирөөнүн үйрөтүшүнө муктаж эмессиңер+. Кудай силерди майланганыңар аркылуу бардыгына үйрөтөт+. Рух менен майланганыңар жалган эмес, чын+. Ошол себептен, майланганыңар аркылуу үйрөнгөнүңөрдөй, өзүңөрдү майлаган менен дайыма биримдикте болгула+.
28 Ошентип, балдар+, ал ачык көрүнгөндө+, эркин сүйлөй алышыбыз үчүн+ жана анын катышуусунун убагында*+ уят болуп, андан бөлүнүп калбашыбыз үчүн, аны менен биримдикте болгула+.
29 Эгер анын адил экенин билсеңер+, анда адил иш кылгандардын баары анын балдары экенин да билесиңер+.
Шилтемелер
^ Сөзмө-сөз: «ал кандай жүрсө, ошондой жүрүшү керек».
^ Шайтан.
^ Грек. парусиа. Кара: 5-тирк.