1 Падышалар 19:1—21

19  Ахап+ Изабелге+ Илиястын кылган иштерин, анын пайгамбарлардын баарын кылычтап өлтүргөнүн+ бүт айтып берди.  Ошондо Изабел Илияска киши жөнөтүп: «Тигилердин жаны кыйылгандай эле, эртең ушу убакта сенин да жаныңды кыйбасам, кудайларым мени катуу жазаласын»+,— деп айттырып жиберди.  Муну укканда Илияс коркуп, жанын сактап калыш үчүн+ Жүйүт жериндеги+ Беир-Шебага+ качып барды. Кызматчысын ошол жерге калтырды да,  өзү чөлдө бир күн жол жүрүп, бир бадалдын+ түбүнө келип отурду да: «Болду, жетишет! Оо, Жахаба, жанымды алчы+, ата-бабаларымдан менин эмнем артык?» — деп өзүнө өлүм тилей баштады.  Анан ошол бадалдын+ түбүнө жатып, уктап калды. Бир убакта периште+ аны түртүп+: «Тур, тамактанып ал»,— деди.  Илияс караса, баш жагында кызарып ысып турган таштардын үстүндө нан+, анын жанында бир кумура суу туруптур. Ал нанды жеп, сууну ичти да, кайра уктап калды.  Бир нече убактан кийин Жахабанын периштеси+ экинчи жолу келди да, аны түртүп: «Тур, тамактанып ал, анткени узак жол жүрөсүң»,— деди+.  Илияс туруп, нандан жеп, суудан ичти. Күчтөнүп алган соң ал кырк күн, кырк түн жол жүрүп+, чыныгы Кудайдын тоосуна чейин, тээ Хорепке чейин барды+.  Анан ошол жактагы бир үңкүргө түнөгөнү кирди+. Ошондо Жахаба андан: «Бул жерде эмне кылып жүрөсүң, Илияс?» — деп сурады+. 10  Ал: «Мен асман аскерлеринин Кудайы Жахабага бүт ынтам менен+ кызмат кылдым. Ысрайыл уулдары болсо сенин келишимиңди бузуп+, курмандык жайларыңды талкалап+, пайгамбарларыңды кылычтап өлтүрүштү+. Жалгыз мен калдым+, бирок менин да жанымды кыюуну көздөп жатышат»,— деди+. 11  Кудай ага: «Бул жерден чыгып, тоого, Жахабанын алдына барып тур»,— деди+. Анан Жахаба анын жанынан өтүп баратканда+, Жахабанын алдында тоолорду кыйраткан, аскаларды талкалаган катуу шамал болду, бирок Жахаба шамалдын ичинде эмес болчу+. Андан кийин жер титирөө болду+, бирок Жахаба жер титирөөдө эмес болчу. 12  Жер титирөөдөн кийин от пайда болду+, бирок Жахаба оттун ичинде эмес болчу. Андан соң жай, акырын чыккан үн угулду+. 13  Аны укканда Илияс кийими менен бетин жаап+, үңкүрдүн оозуна барып турду. Ошондо: «Бул жерде эмне кылып жүрөсүң, Илияс?» — деген үн угулду+. 14  Илияс: «Мен асман аскерлеринин Кудайы Жахабага бүт ынтам менен кызмат кылдым. Ысрайыл уулдары болсо сенин келишимиңди бузуп+, курмандык жайларыңды талкалап, пайгамбарларыңды кылычтап өлтүрүштү. Жалгыз мен калдым, бирок менин да жанымды кыюуну көздөп жатышат»,— деди+. 15  Жахаба ага мындай деди: «Артка кайрылып, Дамасктын чөлүнө бар+. Ал жакка барганыңда Хазаелди+ Сирияга падыша кылып майла+. 16  Нимшинин небереси+ Жехуну+ Ысрайылга падыша кылып, абыл-меколалык+ Шапаттын уулу Элишаны+ болсо өзүңдүн ордуңа пайгамбар кылып майла+. 17  Хазаелдин кылычынан+ качып кутулганды Жеху өлтүрөт+, Жехунун кылычынан качып кутулганды Элиша өлтүрөт+. 18  Мен Ысрайылда Баалдын алдында тизе бүкпөгөн+, аны өппөгөн+ 7 000 кишини калтырдым»+. 19  Илияс барып, жер айдап жаткан Шапаттын уулу Элишаны тапты. Элиша ошол жерде жер айдап жаткан+ он эки жуп өгүздүн акыркы экөөнүн артында бараткан эле. Илияс анын жанынан өтүп баратып үстүнө кийимин+ жапты. 20  Ошондо ал өгүздөрүн калтырып, Илиястын артынан чуркап барып: «Адегенде барып, атам менен апамды өөп келейин+, анан сенин артыңдан барам»,— деди. Ал: «Бар, барып кел, эч каршылыгым жок»,— деди. 21  Элиша анын жанынан кетип, эки өгүзүн сойду* да+, соконун жыгачтарын+ жагып, эт бышырды. Анан аны элге таратып берди, алар жешти. Андан кийин Элиша Илиястын артынан барып, ага кызмат кыла баштады+.

Шилтемелер

Сөзмө-сөз: «курмандыкка чалды».