1 Шемуел 31:1—13
31 Пелиштиликтер ысрайылдыктар менен согушуп+, ысрайылдыктар алардан качып жөнөштү. Пелиштиликтер болсо аларды Гилбоя тоосунда+ кырып жатышты+.
2 Алар Шабул менен анын уулдарынын артынан сая түшүп, анын уулдарын: Жонатанды+, Абынадапты+, Малкишуаны+ өлтүрүштү.
3 Анан Шабулга катуу сокку ура башташты. Жаа аткычтар аны катуу жарадар кылышты+.
4 Шабул куралын көтөргөн жигитине: «Кылычыңды сууруп, мени сайып сал+. Болбосо бул сүннөткө отургузулбагандар+ келип, мени сайып, маскара кылышат»,— деди. Бирок ал коркуп, болбой койду+. Ошондо Шабул кылычына сайынып өлдү+.
5 Анын өлгөнүн көрүп+, курал көтөргөн жигити да кылычына сайынып, аны менен кошо өлдү+.
6 Ошентип, Шабул менен анын үч уулу, курал көтөргөн жигити жана жоокерлеринин баары ошол күнү каза табышты+.
7 Өрөөндө жана Иордандын аймагында жашаган ысрайылдыктар ысрайылдык жоокерлердин душмандардан качканын, Шабул менен анын уулдарынын өлгөнүн көрүп, шаарларын таштап, качып жөнөштү+. Пелиштиликтер келип, ал шаарларды ээлеп алышты+.
8 Кийинки күнү пелиштиликтер өлгөндөрдүн буюмдарын тоногону келип+, Гилбоя тоосунан+ Шабул менен анын үч уулунун өлүгүн табышты.
9 Алар Шабулдун башын кесип+, курал-жарагын чечип алышты да, бул тууралуу өздөрүнүн буркандарынын үйлөрүндө+ жана элге жарыялаш үчүн бүт Пелишти жерине кабар жиберишти+.
10 Анан анын куралын+ Астартанын+ үйүнө коюп коюшту, ал эми денесин Бет-Шандын+ дубалына кадап салышты.
11 Жабеш-Гилаттын тургундары+ пелиштиликтердин Шабулду эмне кылганын угушканда,
12 алардын арасындагы эр жүрөк кишилердин баары Бет-Шанды көздөй жөнөп, түнү менен жол жүрүштү. Алар Шабул менен анын уулдарынын өлүгүн дубалдан түшүрүп, Жабешке алып келишти+. Анан аларды өрттөп,
13 сөөктөрүн+ Жабештеги балгын дарагынын+ түбүнө көөмп+, жети күн орозо тутушту+.