2 Корунттуктар 7:1—16

7  Демек, сүйүктүү бир туугандарым, бизге ушундай убадалар берилген соң+, келгиле, денебиз менен рухубузду булгаган+ ар кандай ыпыластыктан тазаланып+, Кудайдан коркуу менен+ ыйыктыгыбызды жеткилең кылууга умтула берели.  Бизге жүрөгүңөрдөн орун бергиле+. Биз эч кимге жамандык кылган жокпуз, эч кимди бузган жокпуз, эч кимди өз кызыкчылыгыбызга колдонгон жокпуз+.  Муну силерди айыпташ үчүн айтып жаткан жокмун. Анткени мурун айтканымдай, өлсөк да, жашасак да, силер биздин жүрөгүбүздөсүңөр+.  Мен силерге баарын ачык айта алам. Силер менен абдан мактанам+. Бардык кайгы-капабызга карабай, соороном+, кубанычка батам+.  Биз Македонияга келгенде+, жаныбыз тынч алган жок+. Мурдагыдай эле бардык жактан кысымга алындык+: сырттан күрөш, ичибизден коркунуч кыйнап жатты.  Бирок көңүлү чөккөндөрдү соороткон Кудай+ бизди Титтин келиши* менен сооротту,  анын келиши менен гана эмес, анын силер жөнүндө билгенде алган сооронучу менен да сооротту+. Титтен силердин мени көрүүгө куштар болуп, катуу кайгырып, мен үчүн абдан тынчсызданып жатканыңарды угуп, ого бетер кубанып калдым.  Ошондуктан жазган катым менен силерди капаланткан болсом+, ал үчүн өкүнбөйм. Башында өкүнсөм да (ал катымдын силерди кыска убакытка эле капалантканын билем),  азыр кубанып жатам. Кайгырганыңарга эмес, кайгыруунун аркасында өкүнгөнүңөргө+ кубанып жатам. Анткени силер Кудайга жаккыдай кайгырдыңар+, ошондуктан бизден эч кандай зыян тарткан жоксуңар. 10  Кудайга жаккан кайгы өкүнүүгө түрткү берет, бул болсо куткарылууга алып барат, демек, буга капалануунун кереги жок+. Ал эми бул дүйнөгө мүнөздүү кайгы өлүмгө алып барат+. 11  Кудайга жаккан кайгы+ силерде кандай тырышчаактыкты, тазаланууну, жаман ишти жактырбоону, Кудайдан коркуу сезимин, ынтызарлыкты, ынталуулукту, оңолууну пайда кылганын карагылачы!+ Бул иште таза экениңерди бардык жагынан көрсөттүңөр. 12  Мен ал катты силерге жаман иш кылган адам үчүн же анын ишинен жапа чеккен адам үчүн эмес+, сөзүбүздү кабыл алууну чын жүрөктөн каалаарыңарды Кудай алдында айкын көрсөтүшүңөр үчүн жазгам. 13  Биз ошон үчүн да сооронуп калдык. Сооронгондон сырткары, Титтин кубанычын көрүп, андан бетер кубандык. Анткени баарыңар ага дем-күч бериптирсиңер+. 14  Эгер анын алдында силер менен мактансам да, уятка калган жокмун. Силерге айткандарыбыздын баары чын болгондой эле, Титке мактанып айткан сөздөрүбүз+ да чын болуп чыкты. 15  Баарыңардын тил алчаактык көрсөткөнүңөрдү+ жана аны терең урмат-сый менен кабыл алганыңарды эстеген сайын, анын силерге болгон назик сезимдери ого бетер артып жатат. 16  Ошентип, мени бардык жагынан кайраттандырганыңарга кубанам+.

Шилтемелер

Грек. парусиа. Кара: 5-тирк.