Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

КУДАЙДЫН КЫЗМАТЧЫЛАРЫНЫН ЖАШООСУ | КЫЗМАТТА КУБАНЫЧЫҢАРДЫ АРТТЫРГЫЛА

Кызыгуучуларга Жахаба менен жеке мамиле түзгөнгө жардам бергиле

Кызыгуучуларга Жахаба менен жеке мамиле түзгөнгө жардам бергиле

Жахаба биздин аны жакшы көргөндүктөн кызмат кылышыбызды каалайт (Мт 22:37, 38). Кызыгуучуларга Кудайга болгон сүйүүсү зарыл өзгөрүүлөрдү кылганга жана сыноолорго туруштук бергенге күч берет (1Жн 5:3). Ошондой эле чөмүлгөнгө түрткү берет.

Андыктан изилдеп жаткандарга Кудайдын аларды жакшы көрөрүн аңдаганга көмөк кылгыла. Ал үчүн: «Мындан Жахаба жөнүндө эмнени билдиң?» же «Мындан Кудайдын сени жакшы көрөрү кандайча көрүнүп турат?» — деген сыяктуу суроолорду бергиле. Жахабанын жеке аларга кантип жардам берип жатканын баамдаганга көмөк кылгыла (2Жл 16:9). Анын кайсы бир тиленүүңөргө кантип жооп бергенин айтып бергиле. Алардын да тилегине кантип жооп берип жатканын байкаганга үндөгүлө. Кызыгуучулардын Жахабанын сүйүүсүн сезгенин, өздөрү да аны сүйөрүн, ошондой эле аны менен дос болгонго умтулуп жатканын көрүү кубанычка бөлөйт.

«ЫЙЫК КИТЕПТИ ИЗИЛДЕП ЖАТКАНДАРГА ЖАРДАМ БЕРГИЛЕ. ЖАХАБА МЕНЕН ЖЕКЕ МАМИЛЕ ТҮЗҮҮ» ДЕГЕН ВИДЕОНУ КӨРҮП, БУЛ СУРООЛОРГО ЖООП БЕРГИЛЕ:

  • Лили кандай сыноого кабылган?

  • Ниита Лилиге кантип жардам берген?

  • Лилиге ошол сыноону жеңгенге эмне жардам берген?