Мазмунун көрсөтүү

Басып чыгаруу ишинин аркасында көптөр Кудай жөнүндө билим алышууда

Басып чыгаруу ишинин аркасында көптөр Кудай жөнүндө билим алышууда

Жахабанын Күбөлөрү тарабынан чыгарылган адабияттарды дүйнө жүзү боюнча көптөгөн адамдар окуйт. Миллиондогондор ал адабияттарды, азыр силер окуп жаткандай эле, электрондук түрдө окушат. Жахабанын Күбөлөрүнүн басып чыгаруу ишин канчалык деңгээлде жүргүзүп жатканы силерди таң калтырышы мүмкүн. Мисалы, 2013-жылы Ыйык Китепке негизделген адабияттар 700дөй тилде басылып, 239 өлкөдө таратылган.

1920-жылга чейин биздин адабияттар коммерциялык фирмалар тарабынан басылчу. Бирок ошол жылдан тартып айрым журналдар менен китепчелерди Бруклиндеги (Нью-Йорк) ижарага алынган чакан имаратта өзүбүз басып чыгара баштаганбыз. Ошентип, кеңейип отуруп учурда адабияттарды Африкада, Азияда, Австралияда, Түндүк жана Түштүк Америкада жайгашкан 15 басмаканада басып чыгарып жатабыз.

Биздин эң баалуу китебибиз

Биздин эң баалуу китебибиз бул, албетте, Ыйык Китеп. 1942-жылы биздин басмаканадан биринчи жолу англис тилиндеги «Король Яковдун Ыйык Китеби» толугу менен басылып чыккан. Ал эми 1961-жылдан тартып Ыйык Китептин «Жаңы дүйнө котормосун» толугу менен которуп, басып чыгара баштаганбыз. 2013-жылга чейин Ыйык Китептин ушул котормосу 121 тилде, 184 миллиондон ашуун нускада басылып чыгарылган.

Ыйык Китеп көп нускада басылып чыккандан тышкары, аябай бышык жасалган. Анын кагазы кислота кошулбаган кагаз болгондуктан саргайып кетпейт. Барактары болсо бышык тигилген. Ушундай сапаттуу болуп жасалганынын аркасында аны көпкө чейин колдонууга болот.

Башка адабияттар

Биз Ыйык Китепти түшүнүүгө жардам берген адабияттарды да чыгарабыз. Келгиле, ошол адабияттардын 2013-жылы канча нускада чыкканын карап көрөлү:

  • Негизги журналыбыз болгон «Күзөт мунарасы» 210дон ашуун тилде чыгат жана ал дүйнө жүзү боюнча эң кеңири таралган журнал болуп саналат. 16 беттен турган ал журнал 45 000 000го жакын нускада басылып чыгат.

  • «Күзөт мунарасы» журналы менен удаалаш чыккан «Ойгонгула!» журналы таратылышы боюнча андан экинчи орунда турат. Ал 99 тилде, 44 000 000дой нускада басылат.

  • 224 беттүү, жумшак мукабалуу «Ыйык Китеп чынында эмнеге окутат?» китеби окурмандарга Ыйык Китептеги негизги окууларды түшүнүүгө жардам бериш үчүн чыгарылган. 2005-жылдан тартып ал китеп 214 миллиондон ашуун нускада, 240тан көп тилде чыгууда.

  • 32 беттүү «Кудайды уккула!» деген китепче болсо жакшы окуй албагандарга арналган. Китепчеде Ыйык Китептеги чындык кооз сүрөттөрдүн, жөнөкөй сөздөрдүн жардамы менен түшүндүрүлөт. Ал 42 000 000дон ашуун нускада, 400дөн көп тилде чыгат.

Ошондой эле Жахабанын Күбөлөрү окурмандарга суроолоруна жооп алууга, Ыйык Китепти изилдөөгө, жашоодогу кыйынчылыктарды чечүүгө жана балдарды тарбиялоого жардам берген ар кандай китептерди, журналдарды, баракчаларды чыгарып келет. 2012-жылы Жахабанын Күбөлөрүнүн басмаканаларында 1,3 миллиарддан ашык журнал, 80 миллиондон ашык китеп жана Ыйык Китеп басылып чыккан.

2012-жылы Жахабанын Күбөлөрүнүн басмаканаларында 1,3 миллиарддан ашык журнал, 80 миллиондон ашык китеп жана Ыйык Китеп басылып чыккан

Экскурсияга келгендер басмаканада иштеген Жахабанын Күбөлөрүнүн күжүрмөн эмгектенип жатканын көрүп аябай таң калышат. Ал жакта иштеген ага-инилер, эже-карындаштар ал ишке убактысын, күчүн өз ыктыяры менен арнашат. Алардын көбүнүн «Кудайдын үйү» дегенди билдирген жерде, Бейтелде, кызмат кыла баштаганда басып чыгаруу иши боюнча такыр тажрыйбасы жок болчу. Бирок окутуу программаларынын, ошону менен бирге жөндөмдүүлүктөрдү өрчүтүүгө өбөлгө түзгөн чөйрөнүн аркасында жакшы жетишкендиктерге жетип жатышат. Мисалы, ал жерден 20дан өтүп калган жигиттин бир саатын ичинде 16 беттүү журналдан 200 000 нуска басып чыгарган, абдан жогорку ылдамдыкта иштеген жабдыкты иштетип жатканын көп көрүүгө болот.

Басып чыгаруу иши кандайча каржыланат?

Жахабанын Күбөлөрүнүн дүйнө жүзү боюнча жүргүзүп жаткан иши ыктыярдуу тартуулардын негизинде каржыланат. 1879-жылдагы «Сион күзөт мунарасынын» (азыр «Күзөт мунарасы» деп аталат) август айындагы санында: «„Сион күзөт мунарасын“ ЖАХАБА КУДАЙДЫН өзү колдооруна ишенебиз. Андыктан биз башкалардан эч качан жардам да, кайыр да сурабайбыз»,— деп жазылган. Биз дагы деле ошондой көз караштабыз.

Эмне үчүн биз бул ишке ушунча көп убакыт, акча-каражат жана күч жумшайбыз? Анткени сиздин биз басып чыгарган миллиондогон Ыйык Китептердин жана адабияттарыбыздын бирин окуйсузбу же аларды онлайн түрүндө окуйсузбу, ошолор аркылуу Кудайды таанып-билип, ага жакындашыңызды каалайбыз.