Мазмунун көрсөтүү

Борбордук Америкадагы филиалга миңдегендер келүүдө

Борбордук Америкадагы филиалга миңдегендер келүүдө

2015-жылы Жахабанын Күбөлөрүнүн Борбордук Америкадагы филиалын көргөнү 175 000дей киши барган. Жумуш күндөрүнө бөлгөндө, күн сайын орто эсеп менен 650 киши барган. Көптөр чоң топ болуп, жалданган автобус менен бир нече күн жол жүрүшкөн. Айрымдары ал саякатка бир нече ай даярданышкан.

«Бейтел долбоору»

Жахабанын Күбөлөрүнүн «Бейтел» деп аталган филиалдарына барыш үчүн айрымдардан көп күч-аракет жумшоо талап кылынган. Алсак, Мексиканын Веракрус штатындагы бир жыйналыштын мүчөлөрүндө 550 чакырым жолго төлөй турган акча жок болчу. Андыктан «Бейтел долбоору» деген долбоорду иштеп чыгышкан. Алар топторго бөлүнүп алып, бири тамак жасап сатса, башкасы желим бөтөлкө чогултуп өткөргөн. Үч айдын ичинде Бейтелге барып келүүгө жеткидей акча чогулуп калган.

Алардын эмгегинин акыбети кайтканбы? Албетте, кайткан! Мисалы, ошол жыйналыштагы Лусио деген жаш бала: «Бейтелге барганыбыз мага алдыга жаңы максаттарды койгонго түрткү берди. Азыр жыйналышта көбүрөөк иштерди аткарып жатам»,— деп ой бөлүшөт. Ал эми 18 жаштагы Элизабет деген кыз: «Бейтелден Жахабага кызмат кылгандарга мүнөздүү болгон чыныгы сүйүүнү сезип көрдүм. Кудайга дагы көбүрөөк кызмат кылууга түрткү алып, азыр убактымдын көбүн жакшы кабарды жарыялоого жумшап жатам»,— дейт.

Миңдегендер келишти

Кээде бир күндө миңдеген кишилер келген учурлар болгон. Экскурсия өткөргөн бир туугандар баарын жылуу тосуп алганга аракет кылышты. Лиззи мындай дейт: «Көптөрдүн келгени жүрөгүмдү аябай козгойт. Бейтелди көргөнү келиш үчүн кандай күч-аракет жумшашканын укканда, жүзүнөн ыраазычылыгын көргөндө Кудайга болгон ишенимиң кадимкидей бекемделет экен».

Миңдеген конокторго экскурсия өткөргөнгө Бейтелдеги башка бөлүмдөрдө кызмат кылгандар да жардам беришти. Бул кошумча иш болгонуна карабай алар конокторду күлүп-жайнап тосуп алышты. «Экскурсиядан кийин коноктордун ыраазы болгонун көргөндө салым кошконуңа аябай сүйүнөсүң»,— дейт Хуан.

«Балдар аны аябай жакшы көрүшөт»

Балдарга да Бейтелге барган абдан жагат. Компьютер бөлүмүндө кызмат кылган Норико мындай дейт: «Экскурсия өткөрүп жүргөндө балдардан Бейтелде кызмат кылгысы келер-келбесин сурадым. Баары тең бир үндөн: „Ооба!“ — деп жооп беришти». Аларга, айрыкча, Медердин сүрөтү коюлган бурч жагат. Балдар ал жерден «Жахаба Кудай менен дос бол» деген мультфильмдеги Медер менен Алтынайдын жанына туруп сүрөткө түшүшөт. «Балдар аны аябай жакшы көрүшөт»,— дейт Норико.

Көптөгөн балдар Бейтелде аткарылып жаткан иш үчүн абдан ыраазы экенин билдиришти. Алсак, мексикалык Хенри деген кичинекей бала Бейтелге барганда берем деп атайын акча чогултуп жүрүптүр. Ал акча менен кошо кыскача кат берген. Катка: «Бул акчаны дагы көбүрөөк адабият басылып чыгарылышы үчүн чогулттум. Жахаба үчүн кызмат кылып жатканыңарга чоң рахмат»,— деп жазыптыр.

Кош келиңиздер!

Жахабанын Күбөлөрү силерди дүйнө жүзүндөгү филиалдарын, басмаканаларын көрүп кетүүгө чакырат. Экскурсиялар акысыз өткөрүлөт. Эгер кайсы бир филиалды көргөнү баргыңар келсе: «Кош келиңиздер!» — демекчибиз. Ал жердин силерге жагары шексиз. Экскурсиялар жөнүндө көбүрөөк билгиңер келсе, сайтыбыздын БИЗ ЖӨНҮНДӨ > ФИЛИАЛДАР ЖАНА ЭКСКУРСИЯЛАР деген жерине киргиле.