Мазмунун көрсөтүү

Лапландияда өткөн ийгиликтүү өнөктүк

Лапландияда өткөн ийгиликтүү өнөктүк

Өз маданияты, тилдери, үрп-адаттары бар жергиликтүү саам эли Финляндияда, Норвегияда, Швецияда жашайт. Жахабанын Күбөлөрү саам элине Ыйык Китептеги кабарды жеткирүү үчүн эки нерсени ишке ашырышкан.

Биринчиси, 2015-жылдын күз мезгилинен тартып, Жахабанын Күбөлөрү Ыйык Китепке негизделген адабияттарды, видеолорду саам тилинде чыгара башташкан *. Экинчиси, түндүк бугулары байырлаган алыскы аймакта, Лапландияда, жашаган саам элине алардын тилине которулган адабияттарды жеткирүү үчүн эки жолу — 2016-жылы жана 2017-жылы — атайын өнөктүк өткөрүшкөн.

«Коомго пайдасын тийгизген, маанилүү иш»

2017-жылдын май айында атайын өнөктүк өткөрүлүп, Финляндиядан, Норвегиядан, Швециядан болгон 200дөн ашык Жахабанын Күбөсү өз ыктыяры менен Лапландиянын он миңдеген чарчы километрди ээлеген аймагындагы ар кайсы жерде жайгашкан көптөгөн айылдарды кыдырышкан. Айрым Жахабанын Күбөлөрү саам тилинде кээ бир сөздөрдү жаттап алышкан, бул саам элине аябай таасир эткен. Каригасниеми айылында кызмат кылган Денис: «Жергиликтүү эл алардын тилинде сүйлөш үчүн аракет кылып, чын дилден жардам бергибиз келгенин байкап, абдан ыраазы болушту»,— деген.

Саам эли табиятты, жан-жаныбарларды абдан баалайт. Ошондуктан жердин бейишке айланары жөнүндөгү Ыйык Китепте жазылган убада алардын жүрөгүн козгогон (Забур 37:11). Мисалы, саам элинен болгон бир аял Ыйык Китепке негизделген «Кудайдан келген жакшы кабар» деген китепчени изилдеп жатып, Кудайдын адамзатка байланыштуу ой-ниетин билгенде, алардын дин кызматчысы жер бетине бейиш орноору тууралуу эмне себептен бир да жолу айтпаганына таң калган.

Көптөр Жахабанын Күбөлөрүнүн келгенине ыраазычылык билдиришкен. Дүкөн иштеткен бир киши кабар айтып жүргөн эки Жахабанын Күбөсүн көрүп, аларды мактаган. Ал: «Силер коомго пайдасын тийгизген, маанилүү ишти кылып жатасыңар»,— деген. Анан дүкөнүндөгү азык-түлүктөн каалаганын алышса болорун айткан. Акчасын төлөйүн дешсе, такыр албай койгон.

Өнөктүк маалында саам эли 180дей видео көрүшкөн жана 500дөн ашуун адабият алышкан. Алардын тилинде чыккан адабияттардын баарын алгысы келгендер көп болгон. Андан тышкары, 14 киши Жахабанын Күбөлөрү менен Ыйык Китепти изилдей баштаган.

«Кыйын котормочулар которсо керек»

Жахабанын Күбөлөрү чыгарган саам тилиндеги адабияттарды окуган бир нече киши котормонун сапаты мыкты экенин айткан. Мугалим болуп иштеген жана Саам парламентинин аткаруу комитетинин мүчөсү Нилла Тапиола: «Адабияттарыңар сонун которулуптур»,— деген. Ошондой эле: «Окуганга оңой экен, тил эрежелерине да так карманыптырсыңар»,— деп кошумчалаган. Финляндиянын түндүгүндө жашаган саам улутунан болгон бир киши: «Буларды кыйын котормочулар которсо керек»,— деп айткан.

Финляндия менен Норвегиянын чек арасындагы Каригасниемиде Жахабанын Күбөлөрү саам элиндеги бир мугалим менен «Кудайдан келген жакшы кабар» деген китепченин биринчи бөлүмүн талкуулашкан. Котормонун сапатына таң берген ал мугалим окуучуларга саам тилин үйрөтүш үчүн китепчени колдонууга уруксат сураган.

Саам тилине бир нече видео, бир нече баракча жана бир китепче которулган. 2016-жылдын 29-февралынан тартып jw.org веб-сайты да саам тилинде чыга баштаган. Саам тилинде сүйлөгөндөр ай сайын 400дөн ашык жолу веб-сайтка кирип, 350дөй санарип түрүндөгү жана аудио-видео файлдарды жүктөп алышат.

Саам эли да, өз ыктыяры менен аларга баргандар да, өнөктүктөн чоң пайда алышты. Утсйокиге барган Хенрик менен Хилья-Мария жергиликтүү эл да «Ыйык Китептин саам элине пайдасы тийип жатканын түшүнүшкөнүн» байкашкан. Ал жакка барган Лаури менен Инга да мындай деп кошумчалаган: «Бул өнөктүк Кудайдын бардык адамдарга тегиз карай турганын эсибизге салды. Ушунчалык алыс жашаган элдерге кабар айтып, анын сүйүүсүн чагылдырып жатканыбызга кубануудабыз».

^ 3-абз. Саам (сами деп да белгилүү болгон) тилдеринин курамына кирген бир нече тил бар. «Британ энциклопедиясында» жазылгандай, «түндүк саам тилинде саам элинин үчтөн эки бөлүгү сүйлөйт». Жахабанын Күбөлөрү адабияттарын түндүк саам тилине которушат. Бул макалада «саам» деген сөз саам элинин басымдуу бөлүгү сүйлөгөн тилге карата колдонулду.