Мазмунун көрсөтүү

Борбордук Европадагы качкындарга жардам көрсөтүлүүдө

Борбордук Европадагы качкындарга жардам көрсөтүлүүдө

Акыркы жылдары Европага Африкадан, Ортоңку Чыгыштан, Түштүк Азиядан көптөгөн качкындар агылып келүүдө. Өкмөткө караштуу уюмдар жана жергиликтүү тургундар аларды тамак-аш, баш калкалоочу жай, дары-дармектер менен камсыз кылууда.

Анткен менен качкындар мындан башка жардамга да муктаж. Алардын көбүнүн жан дүйнөсү жабыркагандыктан, күч-кубат, үмүт берерлик жылуу сөзгө муктаж. Борбордук Европадагы Жахабанын Күбөлөрү алардын ушундай муктаждыгын канааттандырыш үчүн кунт коюп угуп, Ыйык Китептеги соороторлук кабарды айтып жатышат.

Ыйык Китептеги соороторлук кабар

Качкындарга кабар айтуу ишине 2015-жылдын августунан бери Австрия менен Германиядагы Жахабанын Күбөлөрүнүн 300дөн ашуун жыйналышында кызмат кылган жарчылар катышып жатышат. Алар качкындардын Ыйык Китептен төмөнкү суроолорго жооп алгысы келерин байкашкан:

2015-жылдын августунан октябрына чейин жергиликтүү Жахабанын Күбөлөрү Борбордук Европадагы филиалга Ыйык Китепке негизделген адабияттарды (төрт тонна адабият) басып чыгарууга буйрутма берип, аларды качкындарга акысыз таратышкан.

Тил тосмосун талкалап, көпүрө курушкан

Качкындардын көбү өздөрүнүн эне тилинде гана сүйлөшөт. Андыктан Жахабанын Күбөлөрү жүздөгөн тилдерге которулган jw.org сайтындагы макалаларды, тасмаларды жакшы колдонуп жатышат. Германиянын Эрфурт шаарында кызмат кылган Маттияс менен Петра: «Кээде жаңсап, сүрөттөрдү көрсөтүп же сүрөт тартып сүйлөшөбүз»,— дейт. Ошондой эле качкындарга Ыйык Китептеги кабарды эне тилинде айтыш үчүн тил үйрөнүүгө жардам берген JW Language программасын колдонуп жатышат. Башкалары болсо Ыйык Китептен аят окуп же тасма көрсөтүш үчүн көп тилде чыккан JW Library программасын колдонуп жатышат.

Жакшы кабар жүрөктөрүн козгоодо

Германиянын Швайнфурт шаарында кызмат кылган жубайлар мындай деп ой бөлүшөт: «Калың эл бизди тегеректеп калат. Бир жолу эки жарым сааттын ичинде эле 360 адабият тараттык. Айрымдары ыраазычылык билдирип, баштарын ийкеп жатышты». Ал эми Германиянын Диц шаарында кызмат кылган Вольфганг: «Качкындарга көңүл бурсаң, аябай сүйүнүшөт. Кээде беш-алты тилдеги адабияттарды таратабыз»,— дейт.

Айрымдары адабияттарды алары менен окуп баштаса, башкалары рахмат айтыш үчүн кайра атайын келишет. «Бир жолу эки жаш жигит адабият алды. Ыраазы болгонунан бир жарым сааттан кийин нан көтөрүп келишиптир. Башка берерге эчтекебиз жок деп кечирим сурашты»,— дейт Берлинде кызмат кылган Илонка.

«Рахмат! Силерге чоң рахмат!»

Коомдук ишкерлер, бийликтегилер жана кошуна-колоңдор Жахабанын Күбөлөрүнүн эмгегин жогору баалайт. 300дөй качкынга кам көргөн бир коомдук ишкер ыраазычылыгын мындай деп билдирген: «Рахмат! Чет өлкөдөн келген качкындарга жардам берип жатканыңар үчүн силерге чоң рахмат!» Дагы бир ишкер качкындардын бир күндө үч маал тамак ичкенден башка кыларга иши жок экенин, ошондуктан Жахабанын Күбөлөрүнүн аларга эне тилинде чыккан, маңыздуу адабияттарды берип жатышканы эң сонун жардам болуп жатканын баса белгилеген.

Австрияда жашаган Марион менен жолдошу Стефан качкындар лагерине келген эки полиция кызматкерине качкындарга эмне себептен жардам берип жатышканын түшүндүрүп беришкен. Алар ыраазы болуп, эки китеп алышкан. Марион: «Полиция кызматкерлери бизге улам-улам рахмат айтып жатышты»,— деп эскерет.

Качкындар лагеринде жашагандарга тамак-аш, кийим-кече алып келип жүргөн австриялык бир аял Жахабанын Күбөлөрүнүн качкындарга аба ырайына карабай дайыма келип жүрүшкөнүн байкаган. Бир жолу ал: «Албетте, качкындар тамак-ашка, кийим-кечеге муктаж. Бирок аларга баарынан да үмүт керек. Силер аларга так ушуну берип жатасыңар»,— деген.