Мазмунун көрсөтүү

Көптөрдүн өмүрүн сактап калган өнөктүк

Көптөрдүн өмүрүн сактап калган өнөктүк

Мексиканын Табаско штатында өз өмүрүн кыйгандардын саны өсүп бараткандыктан, Жахабанын Күбөлөрү «Ойгонгула!» журналынын 2014-жылдын апрелиндеги «Өмүрдү кыйбаганга үч себеп» деп аталган чыгарылышын кайрадан таратыш үчүн 2017-жылы эки айга созулган атайын өнөктүк өткөрүшкөн. Өнөктүктүн натыйжасы аябай жакшы болгон.

Өз учурунда көрсөтүлгөн жардам

Фаустино атуу Жахабанын Күбөсү 22 жаштагы уулуна сарсанаа болуп жүргөн бир аял менен сүйлөшүп калган. Уулу депрессия болуп ооругандыктан өмүрүн кыюуга аракет кылыптыр. Апасы ага кантип жардам беришти билбей жүргөн экен. Фаустино ага журналды бергенде, ал: «Бул менин балама керек журнал турбайбы!» — деген. Кийинки күнү Фаустино ал аялдын уулуна жолукканы барып, аны менен журналда баса белгиленген Ыйык Китептеги кеңештерди талкуулаган. Ага бир нече жолу баргандан кийин, баланын көз карашы кадимкидей өзгөргөнү байкалган. Фаустино: «Анын кабагы ачылып, мурункуга караганда жайдары болуп калды»,— дейт. Ал эле эмес, Ыйык Китептен билгендерин депрессия менен ооруп жүргөн бир тууганына да айта баштаган.

Уимангильо шаарында жашаган Карла классташына жардам бериш үчүн журналдын аталган санын колдонгон. «Классымдагы 14 жаштагы бир кыздын көңүлү чөгүп жүргөнүн байкадым,— дейт Карла.— Аны менен сүйлөшсөм, үйүндөгү көйгөйлөрүн айтып берди. Сүйлөшүп жатканда сол колунда тырыктар бар экенин байкап калдым». Көрсө, ал кыз колу-бутун кескилеп, денесине зыян келтирип жүрчү экен. Жашоосу маңызсыз сезилип, аябай жаман болуп жүрүптүр. Карла ага «Ойгонгула!» журналын берген. Кыз журналды окугандан кийин Карлага журнал атайын ал үчүн жазылгандай экенин айткан. Анан жылмайып, өмүрдүн канчалык баалуу экенин түшүнгөнүн да айткан.

Вилья-Эрмоса шаарында жашаган бир киши жумушунан айрылып, аялы аны балдары менен таштап кетип калганы үчүн, көңүлү чөгүп жүргөн. Кудайдан жардам сурап тиленсе да, ал жооп бербей жаткандай сезилип, үмүтүн үзүп койгон. Ал өз өмүрүн кыйганы жатканда, Мартин менен Мигел деген эки Жахабанын Күбөсү эшигин тыкылдатып келип калган. Эшигин ачса эле, колдорунда «Ойгонгула!» журналы бар экен. Ал журналдын аталышын окуур замат бул Кудайдын жообу экенин түшүнгөн. Мартин менен Мигел Ыйык Китептен жубатарлык аяттарды окуп беришкен. Алар бир нече күндөн кийин кайра келишсе, баягы кишинин көңүлү тынчып, маанайы көтөрүлгөнсүп калыптыр. Учурда бир туугандар аны менен Ыйык Китепти жумасына эки жолу изилдеп жатышат.

Абактагыларга да жакшы кабар жетүүдө

Өнөктүк маалында Жахабанын Күбөлөрү Табаско штатындагы бир нече түрмөнү кыдырып, ал жакта отургандарга жашоонун маңызын табууга байланыштуу Ыйык Китептеги кеңештерди айтып беришкен. Жахабанын Күбөлөрү тасмалар, Ыйык Китепке негизделген баяндама жана журналдагы өмүрдү кыйбоого байланыштуу ойлорго негизделген талкуу камтылган кыскача программа даярдап алышкан. Жахабанын Күбөлөрүнүн барганына түрмөдө отургандар да, түрмөдө иштегендер да аябай ыраазы болушкан. Алсак, түрмөдө отурган бир киши мындай деген: «Өмүрүмдү кыйганга үч жолу аракет кылгам. Кээ бир кишилер Кудай сага кам көрөт деп айтышчу, бирок айткандары чындык экенин ырасташ үчүн бир да жолу Ыйык Китептен окуп беришкен эмес. Силердин айткандарыңар мага кадимкидей күч берди».

Өнөктүк бийликтегилердин көз жаздымында калган эмес. Штаттын саламаттык боюнча катчысы Жахабанын Күбөлөрүнө коомго жардам берүү максатында жумшаган аракети үчүн ыраазычылык билдирген. Мындан тышкары, жергиликтүү гезитке Жахабанын Күбөлөрү жүргүзгөн өнөктүк жөнүндө «Алар өмүрдү кыюуга каршы күрөшүү үчүн чыгышты» деген макала чыккан.