Мазмунун көрсөтүү

Улуу Британия. Сүрөт галереясы 9 (2019-жыл, сентябрь—2020-жыл, февраль)

Улуу Британия. Сүрөт галереясы 9 (2019-жыл, сентябрь—2020-жыл, февраль)

Бул сүрөт галереясынан Жахабанын Күбөлөрүнүн Улуу Британиядагы жаңы филиалын куруу иши кантип аяктаганын, ал имараттар кантип колдонула баштаганын көрө аласыңар. Ал иштер 2019-жылдын сентябрь айынан 2020-жылдын февраль айына чейин созулган.

  1. Түндүк өндүрүш имараты (видеоматериалдарды даярдоо)

  2. Түштүк өндүрүш имараты (техникалык жана башка тейлөө кызматтары)

  3. Кеңсе имараты

  4. A турак үйү

  5. B турак үйү

  6. C турак үйү

  7. D турак үйү

  8. E турак үйү

  9. F турак үйү

2019-жыл, 10-сентябрь. Кеңсе имараты

Жашылдандыруу тобундагылар көк шибердин уругун себиш үчүн жерди түздөп жатышат. Ары жакта A жана B турак үйү көрүнүп турат.

2019-жыл, 19-сентябрь. Кеңсе имараты

Кеңсе имаратынын артындагы көлмө. Челмсфорддогу Бейтелдин аймагындагы ушул жана башка көлмөлөр дренаждык системанын бир бөлүгү. Ал система жаратылыштагы табигый процесстерге окшоштурулуп жасалган. Ошонун аркасында суунун сапаты жакшырат, суу каптоонун алдын алат. Адамдар менен жаныбарлар үчүн жагымдуу, ылайыктуу шарттарды түзөт.

2019-жыл, 19-сентябрь. Кеңсе имараты

Жубайлар кеңселерди бөлүп турган тосмолорду орнотуп жатышат.

2019-жыл, 14-октябрь. A турак үйү

Ишенимдешибиз лазердик өлчөгүчтүн жардамы менен эшикке чач-тарачтын белгисин чаптоодо.

2019-жыл, 28-октябрь. Филиалдын аймагы

Куруучу көрсөткүчтөрдүн түз орнотулган-орнотулбаганын текшерип жатат. Жөө жолдорго орнотулган ушундай көрсөткүчтөр бейтелдиктерге жана конокторго адашып кетпегенге жардам берет. Филиалдын аймагы 34 гектарды түзөт.

2019-жыл, 4-ноябрь. Түндүк өндүрүш имараты

Жергиликтүү өрт өчүрүү жана куткаруу кызматында иштеген киши гидранттан чыккан суунун басымын текшерүүдө.

2019-жыл, 14-ноябрь. Кеңсе имараты

Курулуш долбоор комитетинин мүчөсү таңкы сыйынууну алып барып жатат. Ал Лондондогу Бейтелдин башка мүчөлөрүнө Интернет аркылуу трансляцияланууда. Ошону менен бирге трансляция кылган система текшерүүдөн өтүүдө.

2019-жыл, 19-ноябрь. Түндүк өндүрүш имараты

Электрик болуп кызмат кылган ишенимдешибиз өндүрүш имараттарынын жанына жол чырак орнотуп жатат.

2019-жыл, 19-ноябрь. Майда-чүйдө иштер жасалган жер

Ишенимдештерибиз чубалгыларды ачып, жез зымдар кайрадан иштетилиши үчүн өзүнчө ажыратып жатышат.

2019-жыл, 25-ноябрь. Майда-чүйдө иштер жасалган жер

Бир тууганыбыз экскурсияга келген конокторго филиалдын аймагындагы имараттар жөнүндө айтып берип жатат. Курулуш учурунда экскурсияга 95 000ден ашуун киши келип-кеткен.

2019-жыл, 5-декабрь. Кеңсе имараты

Британиядагы филиалдын комитетинин мүчөсү куруучулар менен ай сайынкы жолугушууда баяндама айтып жатат. Бул алардын акыркы жолугушуусу. Андан соң имараттарга Бейтелдеги бөлүмдөр кам көрө баштайт. Курулуш ишине күчүн, убактысын аябай 11 000ден ашуун ыктыярчы катышкан.

2019-жыл, 10-декабрь. Түндүк өндүрүш имараты

Региондук видео тобундагы жана жергиликтүү трансляция бөлүмүндөгү ишенимдештерибиз видеостудияга илине турган темир фермалар менен иштегенди үйрөнүп жатышат. Алар полду чийбеш үчүн бахилаларды кийип алышкан.

December 30, 2019—Office Building

2019-жыл, 30-декабрь. Кеңсе имараты

Кеңсе имаратына алып барган жанжолго таманташ төшөлгөн. Жумушчулар ал таманташтардын ортосундагы боштуктарга кум толтуруп жатышат.

2020-жыл, 16-январь. Түштүк өндүрүш имараты

Жаңы гаражда микроавтобусту тейлеп жаткан механиктер. Жаңы филиалда бардык имараттар бир жерде жайгашкандыктан бейтелдиктерди микроавтобустар менен жумушка алып келүү зарыл болбой калды. Колдонулбай калгандары сатылат. Ары жакта филиалдын аймагын тейлегендер колдонгон кара унаа турат.

2020-жыл, 29-январь. D турак үйү

Бир туугандарыбыз бейтелдиктердин буюм-тайымдарын түшүрүп жатышат. Январь, февраль айларында бейтелдиктерди көчүрүүгө 27 кишиден турган топ жардам берген. Марттын башында бүт Бейтел үй-бүлөсү жаңы филиалга көчүрүлүп, иштей баштаган.

2020-жыл, 6-февраль. Кеңсе имараты

Ашканада кызмат кылгандар салат жасап жатышат.

2020-жыл, 7-февраль. Убактылуу жатак үйлөр турган жер

Сатылып кеткен убактылуу жатак үйүн чоң машинеге жүктөп, көчүрүп баратышат. Курулуш маалында ушул сыяктуу үйлөрдө куруучулар жашачу. Алар филиалга жакын жерде жашагандыктан жумушка машине менен эмес, жөө барышчу. Ошонун аркасында машинеден чыккан түтүн менен абаны булгашчу эмес. Ушундай иш-чара жаңы ыкма деп табылып, ага «BREEAM» (имараттардын экологиялык талаптарга жооп бергени боюнча баа берүү) сертификаты ыйгарылган. Ары жакта жаңы курулган турак жайларын көрүүгө болот.

2020-жыл, 14-февраль. Кеңсе имараты

Котормо бөлүмүндөгү бир туугандарыбыз үн жаздыруу студиясын даярдап жатышат. Андай студиялар топ болуп иштеген котормочулардын кеңселеринде орнотулган. Ошонун аркасында Британия филиалына караштуу ирланд жана гэл (Шотландия) тилдериндеги котормо топтору аудиожаздырууларды дароо эле кеңселеринде жаздыра алышат.

2020-жыл, 24-февраль. Кеңсе имараты

Жергиликтүү долбоор/курулуш (ЖДК) бөлүмүндө кызмат кылган ишенимдешибиз Англиянын түштүк-чыгышындагы ЖДКнын өкүлү менен видеобайланыш аркылуу сүйлөшүп жатат. ЖДКнын өкүлдөрү дайыма филиал менен байланышып, Падышалык залдарын курууга, күтө билүүгө байланыштуу маселелерди талкуулап турушат. Тосмонун ары жагында ушул бөлүмдө кызмат кылган бир туугандарыбыз жаңы курула турган Падышалык залдарына жылытуу жана вентиляция системаларынын ылайыктуу боло турган түрлөрү тууралуу сүйлөшүп жатышат.

2020-жыл, 25-февраль. Кеңсе имараты

Кабылдамада отургандар келип-кетип кызмат кылган жаңы кызматчыларды тосуп алып, алар дайындалган бөлүм менен тааныштырып жатышат. Филиал Челмсфордго көчкөндөн кийин Бейтел үй-бүлөсүнө келип-кетип кызмат кылган 500дөй кызматчы жардам берди. Ары жакта эки ишенимдешибиз экскурсияга келгендер басып көрө ала турган экрандарды текшерип, жөндөп жатышат.